Осьминогдор: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Octopus at Kelly Tarlton's.jpg
мNo edit summary
 
1-сап:
[[Файл:Octopus at Kelly Tarlton's.jpg|thumb|''Octopus vulgaris'']]
'''Осьминогдор''' (Octopoda) – баш буттуу [[моллюскалар]] [[Түркүм|түркүмү]]. Дене узундугу 1–60 смге, тинтүүрү же «колдору» менен 3–5 мге жетип, салмагы 50 кгга чейин. Денеси сүйрү баштык сымал, башы денесинен даана бөлүнгөн; 8 «колу» бири бири менен чоюлчаак жаргакча аркылуу биригип турат. 11 тукуму, 200гө жакын түрү бар. Бардыгы деңизде, океанда жашайт. Жумурткасын деңиз түбүнө таштайт, кээде жашаган ийининин төбөсүнө илип коёт, айрымдары колуна көтөрүп жүрөт. Аргонавттар жумурткасын раковинасында алып жүрөт. Ургаачысы жумурткаларын тазалап, кайтарып жатып арыктайт жана көбүнчө өлүп да калат. Инкубациясы бир нече суткадан бир жылга чейин. Эки түрү тирүү тууйт. Зоопланктондор, крабдар, креветкалар, моллюскалар, балыктар, кээде курттар, ийне терилүүлөр менен азыктанат. Айрымдары дайыма ийинде жашайт. Кээси чакса коркунучтуу, өлүмгө да дуушар кылышы мүмкүн. Промысел объектиси. Көп кармалгандыктан, кээ бир жерлерде саны азайып барат.
 
[[Категория:Жаныбарлар]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:Жаныбарлармоллюскалар]]