Ооганстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Туурага оңдолду Манаста Ооган дейт
мNo edit summary
1-сап:
'''Ооганстан''', Ооганстан Ислам өлкөсү - Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн [[Түркмөнстан]], [[Өзбекстан]] жана [[Тажикстан]], батышынан Иран, түштүгүнөн жана чыгышынан [[Пакистан]] менен [[Индия]], түндүк-чыгышынан [[Кытай]] менен чектешет. Аянты 645,7 миң км<sup>2</sup>. Калкы 20,5 млн (2005). Борбору - [[Кабул]] шаары. Административдик-аймактык жактан 32 вилаятка (административдик-аймактык бирдик) бөлүнөт. Ооганстан БУУнун[[БУУ]]нун (1946), Эл аралык валюта фондунун (1955) мүчөсү.
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Ооганстан - [[Унитаризм|унитардык]] мамлекет. Конституциясы 16. 1. 2004-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Президенттин алдында эки вице-президент бар. Президент болуп ата-энеси афгандык жана мусулман дининдеги жаран гана шайлана алат (5 жылдык мөөнөткө). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу Улуттук чогулуш (Элдер палатасы (Валези Жюрга, 250 депутат) жана Аксакалдар палатасы (Мешрано Жюрга). Аткаруу бийлигин өкмөт - Улуттук чогулуштун макулдугу менен президент тарабынан дайындалуучу 27 кишиден турган министрлер кабинети ишке ашырат. Саясий партиялары: Ооганстандын Ислам коому, Ооганстандын Ислам биримдиги партиясы, Ооганстандын улуттук биримдик кыймылы партиясы.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ооганстан" булагынан алынды