"Тил (анатомия)" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м
Белгилер: Мобилдик оңдоо Мобилдик версиясынан оңдоо
 
Алардын учунда жаактын жана тилдин астындагы шилекей бездеринин түтүкчөлөрү ачылат.
== Тил оорулары ==
Тил булчуңдарынын талчалары анын абдан кыймылдуу болушуна жана формасынын өзгөрүп турушуна шарт түзөт. Тил артериясы сырткы күрөө тамырдан чыгып, тилди кан менен жабдыйт. Анын кыймылы тил алдындагы нерв аркылуу булчуңдардын жыйрылуусунун негизинде ишке ашырылат. Айрым учурда тилдин үстү терең издүү болуп, ага тамак-аш калдыктары калып, тил эрозияга учурайт, жарылат. Тилдин булчуңдарынын ашкере өөрчүшүнөн ал өтө чоңоюшу мүмкүн. Кээде тил ооздукчасы кыска болуп эмчектеги бала эмчек соро албай кыйналат, кийин чулдур сүйлөйт. Тилдин айрым оорулары кабылдап абцесс, флегмонага айлануусу мүмкүн. Мындай учурда хирургиялык операция колдонулат. Шишик ооруларында анын мүнөзүнө жараша дарылоо жүргүзүлөт. Тилдин түрдүү сезгенүү оорулары — глоссит көп кезигет. Ал тилди тиштеп алуудан же майда сөөк кирип кетүүдөн, дары ичкенден болушу мүмкүн. Тилдин былжыр челинин сезгениши көп учурда ички органдардын оорусунун белгиси болот. Ошондуктан тили дайыма сезгенген кишилер врачка кайрылып, текшерүүдөн өтүү керек. кара [[Оозул (стоматит)|Стоматит]] макаласын.
 
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Anonymous user