Азов деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Sea of Azov-NASA.jpg
1-сап:
[[Файл:Sea of Azov-NASA.jpg|thumb|Aзов деңизи.]]
'''Aзов деңизи''' (лат. - Меот көлү, байыркы орусча - Сурож деңизи) - [[Атлантика океаны|Атлантика океанынын]] алабындагы ички [[деңиз]]. Чыгыш Европа түздүгүнүн түшүк бөлүгүндө. Керчь кысыгы аркылуу Кара деңиз менен туташат. Аянты 39 миң км<sup>2</sup>. Тайыз деңиздерге кирет; эң терең жери 13 м. Түндүк жана түштүк жээктери дөбө-дөңсөөлүү, жардуу, батыш жана чыгыш жээктери негизинен ойдуңдуу. Жээктери булуң-буйткалуу, кумдуу саяңдар (Бердянск, Арабат Жебеси) жана булуңдар (Таганрог, Темрюк, Сиваш) көп. Дон жана Кубань дарыясы куят. Суусунун температурасы жайында 20-30°С, кышында 0°Сден төмөн. 2-3 ай бою муз каптап жатат. Орточо туздуулугу 9дан 13,8%оге чейин. Балык (хамса, тюлька, лещ, судак көбүрөөк) кармалат. Кеме жүрөт. Волга-Дон каналы аркылуу Каспий, Ак, Балтика деңиздери менен туташат. Башкы порттору: Жданов, Таганрог, Ейск, Бердянск. Курорттору бар.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
* [http://www.nodc.noaa.gov/OC5/AZOV2006/HTML/main_menu.html Azov Sea Atlas] site NOAA
* [http://edem-v-otpusk.com/web-kamera-gavayi/ Aзов деңизи web kamera]
 
[[Категория:ГеографияЕвразия‎]]
[[Категория:Деңиздер]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Азов_деңизи" булагынан алынды