Европа биримдиги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ pics
1-сап:
[[Файл:Global European Union.svg|thumb|Европа биримдиги (2017).]]
 
[[Файл:Flag of Europe.svg|thumb]]
'''Европа биримдиги''' ('''European Union'''), '''Евро Биримдиги''' ('''Euro Union''') – [[Европа]] өлкөлөрүнүн аймактык саясий жана экономикалык бирикмеси (1993-ж. чейин Европа Биримдиги). Европанын 27 өлкөсү кирет (2007). Европадағы 40 ашық өлкөнү бириктирген бир уюм. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасында чек жоқ болуп, бир [[паспорт]] қолдонулат. 1999-жылдан баштап өз валютасына ээ болду - '''[[Евро]]'''.
 
[[Австрия]], [[Бельгия]], [[Болгария]], [[Венгрия]], [[Германия]], [[Грекия]], [[Дания]], [[Ирландия]], [[Испания]], [[Италия]], [[Кипр]], [[Латвия]], [[Литва]], [[Люксембург]], [[Мальта]], [[Нидерланд]], [[Польша]], [[Португалия]], [[Румыния]], [[Словакия]], [[Словения]], [[Улуу Британия]], [[Финляндия]], [[Франция]], [[Чехия]], [[Швеция]], [[Эстония]].

ЕС Европа Экон. Биримдигинин (1957-ж. Рим келишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») жана Атом энергиясы боюнча Европа биримдигинин (1957-ж. негизделген) негизинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Европ. бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) жана Ницца (2003) келишимдеринде (2007-ж. ЕСтин бул келишимдерди алмаштырууга багытталган ЕСтин Конституциясы иштелип чыккан, бирок ал биримдикке мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европалык жарандыкты киргизүү; эркиндик, коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу; экономикалык жана социалдык прогресске көмөктөшүү; Европанын дүйнөдөгү ролун бекемдөө. 1999-жылдан ЕСтин 12 өлкөсүндө бирдиктүү валюта – еврону пайдалануу (еврозонага өтүү) киргизилген. ЕСтин көпчүлүк мүчөлөрү бирдиктүү виза эрежелерин камтыган Шенген зонасына киришет. Расмий тилдери: англис, грек, испан, италян, немис, нидерланд, португал, финн, фламанд, француз, швед тилдери. ЕСтин желеги (1986) жана гимни (Людвиг ван Бетховендин «Кубаныч одасы») кабыл алынган. ЕСтин жогорку саясий жетекчи органы – ''Европа совети;'' институттары ''Европа парламенти'', ЕСтин совети, Европа комиссиясы, Европа соту, Европа борбордук банкы. ЕСтин расмий борбору жок, анын институттарынын көпчүлүгү Люксембург, Страсбург, Франкфурт-на-Майне шаарында жайгашкан.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
{{ЭБ желеги}}
 
[[Категория:Европа Биримдиги| ]]