"Мисир" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

+ Egypt.Giza.Sphinx.02.jpg
No edit summary
(+ Egypt.Giza.Sphinx.02.jpg)
[[Файл:EGY orthographic.svg|thumb|Мисир.]]
'''Мисир''''' (орусча-Египет)'' (Мисир Араб Республикасы, [[Араб тили|араб тилинде]] مصر‎‎ ''Миср/Miṣr'' [misˤɾ], [[Англис тили|англис тилинде]] Egypt [ˈiːdʒɪpt]) – [[Африка|Африканын]] Түндүк-чыгышындагы жана Азиянын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуңундагы жана Кызыл деңиздеги айрым чакан аралдар да Мисирге таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан Кызыл деңиз, Суэц, Акаба булуңдары менен чулганып, батышынан Ливия, түштүгүнөн Судан, Түндүк-чыгышынан Израиль жана Палестина менен чектешет. Мисир Европа, Америка өлкөлөрүн Азия жана Чыгыш Африка өлкөлөрү менен байланыштырган эл аралык аба жана деңиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Мисирдин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны менен туташтырган кыска деңиз жолу – Суэц каналы өтөт. Аянты 1001,4 миң ''км''2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 72,5 млн (2007). Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Мисир фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. таблицаны).

Мисир – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка союзунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Мисир – унитардык республика. Конституциясы 1971-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик жыйынга жана Консультациялык кеңешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөт (министрлер совети) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке жана өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы – сот системасы.
Мисирге көп партиялуу система мүнөздүү. Негизги саясий партиялары: Улуттук демократиялык партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-социалисттик партия жана башкалар.

==Табияты==
Өлкөнүн субтропик жана тропик кеңдиктериндеги абалы жаан-чачындын аз жаашы климатынын кургакчыл, чөл жана жарым чөл ландшафттарынын басымдуу болушуна шарт түзгөн. Чарба тиричилиги негизинен Нилдин өрөөнүн жана дельтасын (өлкөнүн аянтынын 3%ке жакыны), оазистерди, ошондой эле айрым деңиз жээктерин ээлейт. Жер Ортолук деңиз жээги Нилдин дельтасынан 1000 ''км'' батышты карай жапыз, таштак, жардуу, дельтадан чыгышты карай кумдуу саяңдар мүнөздүү жантайыңкы өндүрлөр, дельтасынын өзү жапыз лагуналуу. Кызыл деңиздин жээги (узундугу 1900 ''км''дей) негизинен тик капталдуу бийик тоолор менен чектешкен кууш пляждуу тилке. Жээгин деңизден коралл рифтүү жазы тилке бөлүп турат.

Мисирдин басымдуу бөлүгүн бийиктиги 300 ''м''ден 1000 ''м''ге жеткен платолор ээлейт; алар – ''Ливия чөлү'' (өлкөнүн 2/3 бөлүгү), ''Араб чөлү'', ''Нуби'' ''чөлү''. Ливия чөлүнүн түндүгүндө жана чыгышында таштуу (''хамада'') жана шагылдуу (''серир'') чөлдөр басымдуу; аларга узатасынан (650 ''км''ге чейин) созулган кум жалчалары мүнөздүү: Ливия чөлүнүн батышында бархандарынын бийикт. 300 ''м''ге жеткен кумдуу чөл мейкиндиги жатат. Ливия жана Араб чөлдөрүнүн таштак платолорун Нил дарыясын кесип өтөт; анын Мисирдин аймагындагы узундугу 1200 ''км''дей, жазылыгы түштүгүндө 1–3 ''км'', түндүгүндө 20–25 ''км''ге чейин. Платолор чыгышты карай акырындап, 2000 ''м'' бийиктикке чейин көтөрүлүп, Кызыл деңизге жана Суэц булуңуна тик түшөт. Түндүк-чыгышындагы Синай жарым аралы өлкөнүн эң бийик бөлүгү (2737 ''м'', Катерин чокусу). Маанилүү түздүктөрү деңиз жээктеринде, Нилге чектеш жерлерде, негизинен өлкөнүн Түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан; анда деңиз деңгээлинен төмөн жаткан ойдуңдар (Каттара, 133 ''м''<nowiki>; Файюм, 43 </nowiki>''м'') бар.

Мисир ''Африка платформасынын'' Түндүк-чыгышынан орун алган. Өлкөнүн Түштүк-чыгыш зор бөлүгүн Нуби–Араб калканынын капталы ээлейт. Анда Чыгыш чөлү тектон. көтөрүлүүсү, Нил синеклизасы, Нуби антеклизасы, Түндүк-батыш бөлүгүндө Ливия-Синай перикратон ийилүү зонасы, түрдүү багыттагы тектон. жаракалар жайгашкан. Кызыл деңиз, Суэц жана Акаба булуңдары грабендерин чектеп турган жаракалар Чыгыш Африка жаракалар системасына кирет. Платформанын калканында темир, цинк, коргошун, калай, молибден, хром, никель, берилий, тантал, ниобий, алтын, платформанын жабындысын түзгөн чөкмө тектерде фосфорит, темир, таш көмүр, марганец рудалары, ошондой эле гипс, кайнатма туз, курулуш материалдары, Суэц булуңунда нефть, газ кендери бар.

Климаты негизинен чөлдүү болгондуктан, абанын температурасы сутка ичинде кескин өзгөрөт. Эң суук айы – январдын орточо температурасы түндүгүндө 11–12°С, түштүгүндө 15–16°С, эң жылуу айы – июлдуку түндүгүндө 25–26°С, түштүгүндө 30–34°С. Суткалык орточо температурасынын жылдык өлчөмү 7000–9000°С; мындай температуралык шарт (эгерде ным жетиштүү болсо) жылына бир нече түшүм алууга мүмкүндүк түзөт. Бирок өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жылына 100 ''мм''ге чейин гана жаан-чачын жаагандыктан, дыйканчылык сугатка муктаж. Жер Ортолук деңиздин жээк зонасында гана кыш мезгилинде жаан-чачындын өлчөмү 200–400 ''мм''ге жетет. Жаз мезгилине түштүктөн же Түштүк-батыштан (Сахарадан) кургак жана ысык – хамсин шамалы 50 күндөй өтө катуу согуп турат.

Өлкөнүн аймагы аркылуу туруктуу аккан дарыя жана калкты суу менен камсыз кылуучу негизги булак – ''Нил'' дарыясы. Ал Чыгыш Африка бөксө тоосунан башталып, Жер Ортолук деңизге куят; Нил дарыясынын суусунун жарымы Юсуф дарыя аркылуу Биркет-Карун көлүнө куят. Чатында аянты 24 миң ''км''2 болгон көп салалуу жана көлдүү дельтаны пайда кылат. Асуан плотинасы курулгандан кийин өлкөнүн түштүгүндө ири суу сактагыч (сыйымдыгы 164 млрд ''м''3) пайда болгон. Нилдин суусу жайдын аягы – күздө кирет; агымы негизинен плотиналар системасы аркылуу жөнгө салынып турат. Жер астындагы сууларга да бай, алар оазистерде кеңири пайдаланылат.

Климатынын өтө кургакчылдыгына байланыштуу топурак, өсүмдүктөрү начар өөрчүгөн. Маданий өсүмдүктөр ээлеген Нилдин өрөөнүнөн, анын дельтасынан жана оазистерден башка басымдуу бөлүгүндө өсүмдүктөр дээрлик жокко эсе. Начар өөрчүгөн скелеттүү топурактар, шор жерлер кездешет. Нил дарыясынын өрөөнүндөгү жана дельтасындагы топурак кыртышы өтө баалуу, ал байыркы жана азыркы аллювий тектеринде калыптанып, суу ташкындаганда сиңимдүү заттар менен толукталат; бирок дыйканчылыгы сугаруунун алаптык системасына туруктуу өтүүсүнө байланыштуу минералдык жер семирткичке дайыма муктаж. Чөл жана жарым чөлдөрдө дан өсүмдүктөрүнүн жана ксерофит бадалдарынын айрым түрлөрү кездешет.
Мисирдин аймагы табиятынын өзгөчөлүктөрү боюнча төмөнкү физико-географиялык райондорго бөлүнөт: Нил өрөөнү – сугарылма маданий ландшафттуу регион. Нилдин дельтасында ирригациянын негизинде түзүлгөн маданий ландшафт көлдөр жана айрым саздак жерлер менен айкалышат. Ливия чөлү – көчмө кумдар пайда кылган рельефтин формасына жараша калыптанган чөлдүү ландшафт. Араб чөлү жана Нуби чөлүнүн түндүгү – плато жана дөңсөөлөрдүн тилмеленген жерлериндеги таштуу жана шагылдуу чөлдөр. Жер Ортолук деңиз жээктери – жер ортолук деңиздик табияттын айрым элементтери мүнөздүү жана маданий ландшафтка көбүрөөк айландырылган түздүктүү аймак. Синай жарым аралы – Суэц каналы жана Кызыл деңиздин Акаба булуңу менен чектешкен, мезгил-мезгили менен агым пайда болуучу сайлар (уэддер) жана аларды бойлой өскөн суйдаң өсүмдүктөр мүнөздүү жарым чөлдүү аймак.

==Калкы==
Негизги калкы (94%; 2005) мисирдиктер (арабдар). Алар негизинен Нил дарыясынын өрөөнүндө жана анын дельтасында, Суэц каналын жээктей, оазистерде отурукташкан. Асуандан жогору, Нил өрөөнүндө – нубилер, Кызыл деңиздин жээгиндеги чөлдөрдө көчмөн бедуиндер, Сива оазисинде – берберлер, шаарларда, ошондой эле европалыктар менен азиялыктар (армяндар, сириялыктар, гректер, италяндар, француздар, англистер жана башка) жашайт. 1960-жылдары төрөлүүнү чектөө боюнча мамлекеттик программа түзүлгөн. Натыйжада 1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин төрөлүү 1000 адамга 46дан 28ге чейин, ал эми өлүм-житим 20дан 8,5ке чейин кыскарган. 1990-жылдарда калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орточо температурасы 2% болсо, 2006-ж. 1,8%ти түзгөн. Калктын курактык структурасында эмгекке жарамдуу курактылар (15–64 жаштагылар) басымдуу – 62,9%, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр – 32,6%, 65тен ашкандар – 4,5%. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 71,3 жыл (эркектериники 68,8, аялдарыныкы 73,9 жыл). Шаар калкы 43,9%. Калкынын орточо жыштыгы: 1 ''км''2 жерге 73 адам. Экономикалык активдүү калктын 58%и тейлөө чөйрөсүндө, 28%и айыл чарбасында, 14%и өнөр жайында иштейт. Мамлекеттик дини – ислам. Ири шаарлары: Каир (калкынын саны 7,9 млн; 2007), Александрия (3,9 млн), Эль-Гиза (2,5 млн), Шубра-эль-Хейма (1,0 млн), Порт-Саид (555 миң), Суэц (0,6 млн) жана башкалар.

==Тарыхы==
[[Файл:Egypt.Giza.Sphinx.02.jpg|thumb]]
Мисирдин Рим империясына чейинки тарыхы Байыркы Мисир макаласында берилген.

Рим империясы кулагандан (395-ж.) кийин Мисир Византиянын провинциясы болуп калат. Биздин замандын 7-кылымында Мисирдин калкы христиан динин кабыл алат. 639–42-ж. арабдар басып алган соң, өлкөдө ислам дини менен араб тили жайылып, маданияты бийик деңгээлге жетет. Аббасиддер (9–10-к.) халифаты кулагандан кийин Мисир көз карандысыздыкка жетип, Фатимиддер (969–1171) жана Айюбиддер (1171–1250) династияларынын тушунда экономикасы жогорулап, саясий жактан да бир топ кубаттанат. 1250-ж. Мисирди мамлюктар басып алат. Мисир Осмон империясына караган мезгилде (1517–1914) мисирдиктер боштондук үчүн далай ирет күрөшкө чыгып, түрк султанынын бийлигин кыйла начарлаткан. Мисир пашасы Мухаммед Алинин (1805–48) тушунда Мисир өз алдынча мамлекет болуп турган.

19-кылымдын ортосунда англиялык жана франциялык капиталдын тарала башташы менен Мисирде абал татаалдай баштап, Суэц каналын куруу учурунда айрыкча күч алат. 1879-ж. «Мисир мисирдиктер үчүн» деген ураан менен Мисирдин тунгуч улуттук саясий уюму «Ватан» чыгат. 1881-ж. Ораби паша (Араби-паша) башында турган төбөлдөргө жана чет элдик колониячыларга каршы Каир гарнизону көтөрүлөт. Улуттук-боштондук кыймылы басылган соң, Мисир Улуу Британия тарабынан оккупацияланган. 1914-ж. Улуу Британиянын протектораты болуп жарыяланган.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылдын 1919–21-ж. күчөшүнөн улам, 1922-ж. Улуу Британия Мисирди көз карандысыз королдук деп таанууга аргасыз болот. Бирок Улуу Британия Мисир королунун жана анын өкмөтүнүн тышкы жана ички саясатында үстөмдүгүн сактап, Суэц каналынын аймагында аскерлерин кармап турган. 1936-ж. Англия-Мисир келишими түзүлүп, Мисирге бир аз көбүрөөк укук берилген, бирок бийлик Улуу Британиянын колунда кала берген.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Мисирде улуттук-боштондук кыймыл күч алат. 1948–49-ж. Араб-Израиль согушунда Мисир жеңилүүгө дуушар болгон. Армияда Гамаль Абдел Насер башында турган «Эркин офицерлер» деген жашыруун саясий уюм түзүлгөн. Ал уюм революциялык төңкөрүштү жетектеп, натыйжада 1953-ж. 18-июнда Мисир республика болуп жарыяланган. Өлкөдөн англия аскерлер чыгарылып, Суэц каналы мамлекеттештирилген. 1956-ж. Англия-Франция-Израилдин биргелешкен агрессиясына мисир аскерлеринин каршылык көрсөтүүсүнүн натыжайсында агрессорлор өлкөдөн чыгууга аргасыз болот. 1967-ж. «алты күндүк согуштун» жүрүшүндө Израиль Синай жарым аралын Суэц каналына чейинки Мисир аймагын басып алат. 1968-ж. Насер «30-март программасын» жарыялап, агрессияга каршы күрөшкө бардык каражатты жумшоого чакырган. Президент Насердин өкмөтү бир топ социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөн (к. ''Насер Гамаль Абдель''). Насер өлгөндөн кийин (1970) президенттикке Анвар Садат (1971) келген. Бул учурда менчик капитал үстөмдүк кыла баштаган. 1973-ж. Мисир «октябрь согушу» деп аталган согуштук аракеттерин баштап, Синай жарым аралын Израиль аскерлеринен акырындык менен бошото баштаган. 1979-ж. Мисир-Израиль тынчтык келишиминин түзүлүшү менен эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатак толук чечилген. 1981-ж. А. Садат мусулман фундаменталисттеринин жашырын тобунун («аль-Жихад аль-Жадид» – «Жаңы Жихад») мүчөлөрү аркылуу өлтүрүлгөн. Анын ордуна келген Х. Мубарак Ж. Чыгышты тынчтык зонасына айландыруу сунушу менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылган. 1982-ж. Мисирге Израиль тарабынан Синай жарым аралы толугу менен (Таба анклавы 1989-ж.) кайтарылган. 1984-ж. Мисир Ислам конференция уюмуна кайрадан мүчө болуп калган. Иран-ирак согушунун (1980–88) жүрүшүндө Иракка колдоо көрсөтүп, Перс булуңундагы өлкөлөр менен аскердик, экономикалык, саясий байланыштарын кеңейткен. Мисир тышкы саясатын көз карандысыз багытта жүргүзүүгө умтулат.

==Экономикасы==
Мисир – агрардык-индустриялуу өлкө. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 328,1 млрд АКШ долларын түзгөн (араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), анын ичинде өнөр жайынын үлүшү 35,5%, айыл чарбаныкы 14,7%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49,8%. Аны киши башына бөлүштүргөндө 4200 доллардан туура келет. Валютанын кыйла бөлүгү экспорттон, анын ичинде негизинен нефть менен газдан (11,5 млрд доллар) жана эмгек мигранттары которгон акчадан түшөт.

Индустриялаштыруу процесси башталганга чейин, 1960-жылдары Мисирдин экономикасында айыл чарба үстөмдүк кылган (азыр да айыл чарбасында эмгек ресурсунун 40%ке жакыны иштейт). 1970-жылдары негизги экспорттук продукция пахта болгон, кийин алдыга нефть чыккан.

Мисирдин аймагынын 97%га жакынын чөл ээлегендиктен, айыл чарба бир нече оазисте гана өнүккөн. Кайрак жерлери негизинен Жер Ортолук деңиз аймагындагы кууш тилкени гана түзөт. Айыл чарбага жарактуу жеринин жалпы аянты 3,3 млн ''га'' (өлкөнүн аймагынын 3,3%ин ээлейт), анын 97%ы Нилдин өрөөнүн жана дельтасын ээлейт. Күрдүү аллювий топурагы жана инсоляциянын узактыгы түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыңгайлуу шарт түзөт. Бирок, дренаж системасын түзүү анча жолго коюлбагандыктан, топурак кыртышын шор басуу проблемасы пайда болууда. Айыл чарбага жарактуу жерин киши башына бөлүштүргөндө (0,45 ''га''; 2007) дүйнөдө акыркы орунду ээлегени менен пахтага, күрүчкө, жашылчага, сүт продукциясына болгон ички муктаждыгын толук, канттын 80%ын, эттин 75%ын камсыз кылат. Айыл чарбанын негизги тармагы – сугат дыйканчылыгы (айыл чарба продукциясынын 75%дан ашыгын берет). Айыл чарбага жарактуу жердин 85%га жакыны сугарылат (негизинен Нилдин суусу менен); ирригациялык каналдардын жалпы узундугу 33,2 миң ''км'' (2005). Экспортко чыгарылчу негизги айыл чарба өсүмдүгү – ичке булалуу пахта; аны даярдоо боюнча Мисир дүйнөдө 1-орунда. Андан сырткары шалы, бал камыш, ошондой эле буудай, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, буурчак, шаар айланасында жашылча-жемиш, оазистерде курма пальмасы өстүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшү өнүккөн негизги райондору: Нилдин дельтасы (айыл калкынын 60% эмгектенет; мында шалы, пахта, буурчак, жемиш, жашылча); Каирдин айланасы (негизинен жашылча); Ортоңку Мисир (шалы, жүгөрү, ак жүгөрү, бал камыш, жашылча); Файюм оазиси (шалы, беде, жүгөрү, буурчак, ак жүгөрү, жашылча); Жогорку Е. (бал камыш, буудай, буурчак, беде, шалы). Жайыты тар болгондуктан, мал чарбасы анча өнүккөн эмес; негизинен уй, буйвол, эчки, кой, төө, жылкы, качыр жана башка асыралат. Жер Ортолук деңиздин жээк тилкесинен, көлдөрдөн жана Нилден балык кармалат (жылына 900 миң ''т'').

Мисирдин аймагынын 97%га жакынын чөл ээлегендиктен, айыл чарба бир нече оазисте гана өнүккөн. Кайрак жерлери негизинен Жер Ортолук деңиз аймагындагы кууш тилкени гана түзөт. Айыл чарбага жарактуу жеринин жалпы аянты 3,3 млн ''га'' (өлкөнүн аймагынын 3,3%ин ээлейт), анын 97%ы Нилдин өрөөнүн жана дельтасын ээлейт. Күрдүү аллювий топурагы жана инсоляциянын узактыгы түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыңгайлуу шарт түзөт. Бирок, дренаж системасын түзүү анча жолго коюлбагандыктан, топурак кыртышын шор басуу проблемасы пайда болууда. Айыл чарбага жарактуу жерин киши башына бөлүштүргөндө (0,45 ''га''; 2007) дүйнөдө акыркы орунду ээлегени менен пахтага, күрүчкө, жашылчага, сүт продукциясына болгон ички муктаждыгын толук, канттын 80%ын, эттин 75%ын камсыз кылат. Айыл чарбанын негизги тармагы – сугат дыйканчылыгы (айыл чарба продукциясынын 75%дан ашыгын берет). Айыл чарбага жарактуу жердин 85%га жакыны сугарылат (негизинен Нилдин суусу менен); ирригациялык каналдардын жалпы узундугу 33,2 миң ''км'' (2005). Экспортко чыгарылчу негизги айыл чарба өсүмдүгү – ичке булалуу пахта; аны даярдоо боюнча Мисир дүйнөдө 1-орунда. Андан сырткары шалы, бал камыш, ошондой эле буудай, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, буурчак, шаар айланасында жашылча-жемиш, оазистерде курма пальмасы өстүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшү өнүккөн негизги райондору: Нилдин дельтасы (айыл калкынын 60% эмгектенет; мында шалы, пахта, буурчак, жемиш, жашылча); Каирдин айланасы (негизинен жашылча); Ортоңку Мисир (шалы, жүгөрү, ак жүгөрү, бал камыш, жашылча); Файюм оазиси (шалы, беде, жүгөрү, буурчак, ак жүгөрү, жашылча); Жогорку Е. (бал камыш, буудай, буурчак, беде, шалы). Жайыты тар болгондуктан, мал чарбасы анча өнүккөн эмес; негизинен уй, буйвол, эчки, кой, төө, жылкы, качыр жана башка асыралат. Жер Ортолук деңиздин жээк тилкесинен, көлдөрдөн жана Нилден балык кармалат (жылына 900 миң ''т'').

Өнөр жайынын негизги тармагы – нефт-газ өндүрүшү, ал ИДПнин 12%ын, товардык экспорттун 40%дан ашыгын түзөт. 2005-ж. суткасына 696 миң баррель нефть, 34,7 млрд ''м''3 газ өндүрүлгөн. Нефть Суэц каналы зонасынан, Синай жарым аралынан, батыштагы чөлдөн, газ Александрияга жакын, Нил дельтасынан, Ливия чөлүнөн казылып алынат. Электр-техника жана машина куруу өнөр жай ишканалары даяр тетиктерден муздаткыч, телевизор, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди, автобус, трактор курап чыгарат. Цемент жана фосфат чыгаруу өнүккөн.

Отун-энергетикалык ресурсун жергиликтүү нефть, ошондой эле газ, гидроэлектр энергиясы (Асуандагы 2 ГЭС) түзөт. Нефть ажыратуучу ири завод (суткасына 140 миң баррелден ашык) Каирдин четинде курулган, ошондой эле ири заводдор Александрия, Суэц, Асьют, Танта шаарында бар. Газ Жер Ортолук деңиздин шельфинен, Нилдин дельтасынан, Ливия чөлүнөн алынат. Өндүрүлгөн газдын басымдуу бөлүгү (энергетикалык сектордун 60%и) өлкө ичинде пайдаланылат. 2003-жылдан Эль-Ариш – Таба – Акаба (Иордания); Эль-Ариш – Таба – 248 ''км'', Таба – Акаба – 16 ''км'') газ куурлары иштейт. Мисир өз ресурс­тарынын эсебинен электр энергиясына болгон муктаждыгын толук камсыз кылат. 2005-ж. 95,1 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 1 млрд кВт/сааты экспортко чыгарылат (2001-жылдан). Электр-энергиясынын 79%ы ЖЭСке, 21%ы ГЭСке туура келет. Каирден түштүктө – Эль-Курайматта гелиостанция, Хургадада (Эль-Гурдака) шамал электр курулмасы иштейт.

Кара металлургия өнөр жай жергиликтүү сырьёнун (Эль-Гедида темир кенташынын) негизинде иштейт (жылына 3 млн ''т''). Ири металлургия комбинаты (жылына 4,4 млн ''т'' болот өндүрөт), кокс-химия заводду, ошондой эле Суэцте, Александрияда, Садат-Ситиде заводдор иштейт. Түстүү металлургиянын негизги продукциясы алюминий (жылына 250 миң ''т''га жакын алюминий өндүрөт). Химия өнөр жайы негизинен кальцийленген сода (Александрияда), натрий сульфаты, минералдык жер семирткич (азот, фосфор жер семирткичтерин) чыгарат. Нефт-химия комплекстери Эль-Амирияда (Александрияга жакын), Эль-Файюмда курулган. Машина куруу өнөр жайында металл кесүүчү станок, темир жол вагонун, трактор чыгарып, автомобиль жана авиа чогултуучу ишканалары иштейт. Тиричилик техникаларын (муздаткыч, теле- жана радиоаппаратура жана башка) чыгаруучу ишканалары, кеме куруу верфи (Порт-Саидде) бар. Аскер өнөр жайынын да мааниси зор (курал, ракета, сооттолгон танк техникасын чыгарат). Текстиль өнөр жай эзелтен өнүккөн (кебез, жүн, жибек, синтетика кездемелери жана башка). Тамак-аш өнөр жайынын маанилүү тармактары – ун, май, эт-сүт, кант, алкоголь ичимдиктерин, суусундук чыгарат.

Тейлөө чөйрөсү да өнүккөн. Негизги кирешени эл аралык туризм (2006-ж. 6,5 млрд долларды түзгөн), Суэц каналы аркылуу өткөн чет өлкөлөрдүн кемелеринен алынган акы (пошлина) берет (3,9 млрд доллар; каналдын өткөрүмдүүлүгү 18,4 миң кеме). 2006-ж. 8,7 млн турист (негизинен Европадан) келген. Туристтик бизнесте 1,6 млн адам алектенет; 170 миң орундуу 1200дөн ашык мейманкана иштейт. Рекреациянын негизин ыңгайлуу табият-климаттык ресурстары (негизги курорттору Кызыл жана Жер Ортолук деңиздердин жээктеринде жайгашкан) жана ар кайсы замандын маданий, тарыхый эстеликтери түзөт; туризмдин экол., ишкердик, спорттук жана башка түрлөрү, дейвинг өнүгүүдө. Мисирдин кредиттик мекемелер системасы 54 банктан туруп, ал өз ичине Мисирдин Борбордук банкын, 27 коммерциялык банкты (4 мамлекеттик, 23 инвестициялык) камтыйт. Өлкөдөгү эң ири Каир-Александрия фонд биржасы иштейт (операциясынын көлөмү – 40 млрд мисир фунту).

Ички жүгү автомобиль (узундугу 92,4 миң ''км'') жана темир жол (5,7 миң ''км''), ошондой эле дарыя (Нилдеги магистралдык каналдар боюнча 3 миң ''км'') транспорттору аркылуу ташылат. Деңиз соода флотунун тоннажы – 987,5 миң регстрдик брутто-тонна же 1467,1 миң ''т'' дедвейт. Башкы порттору: Александрия, Эд-Дихейла, Думьят, Порт-Саид, Суэц, жана башка Каир, Луксор, Хургада, Шарм-эш-Шейх ш-нда эл аралык аэропорттор бар.

Экспортко нефть жана нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк жана өнөр жай товарларын чыгарып, сырттан машина жана анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, металл, жыгач жана башка сатып алат. Асасий сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабиясы, Кытай.

==Маданияты==
Биздин замандын 1-кылымында Александрия эллин маданиятынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия мусейонуна (маданият борбору) топтолгон. Астрономия, математика, статика сыяктуу тармактар өз бетинче бөлүнүп чыккан. 10-кылымдын аягы – 11-кылымдын башында мисирдиктер Азия, Африкага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жазып чыгышкан. 11-кылымдын башында Каирде «Дар-аль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-ж. обсерватория курулуп, астрологиялык таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илимдери өнүккөн. 13–14-кылымда Европа жана Инди океанынын өлкөлөрү менен экономикалык байланыштын өсүшүнөн географиялык изилдөө иштери улантылган. 15–18-кылымда илимде өнүгүү болбой калган.

==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006.

[[Категория:ГеографияЕгипет| ]]
25 681

edits