Роза Отунбаева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Роза Отунбаева''', [[Отунбаева, Роза Исаковна]] – кыргыздын мамлекеттик ишмер айымы, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты.
Роза Отунбаева - кыргыз саясатчы айымы, [[Кыргызстан]]дын мурдагы тышкы иштер министри.
УчурдаУшул тапта (2010) оппозициядагы Кыргызстан Социал-демократиялык партиянын Кыргызстандынпартиясынын Жогорку кеңешиндегиКеңештеги тобунун башчысылидери.
[[1950-жыл]]ы [[Түштүк Кыргызстан]]дагы ордолуу [[Ош шаары]]нда туулган.
Философия илимдеринин кандидаты.

'''Ата-теги тууралуу азыноолак маалымат'''
Кыргызстандын АКШ менен Канададагы жана кийинчерээк - Улуу Британиядагы элчиси болгон.

Атасы Исак түбү таластык (бакай-аталык) болот.

Таластын Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) районунун Миң-Булак айылынын (мурдагы Водное) тургуну, теги кыргыздын саруу уруусунан болгон жергиликтүү мугалим жана жазуучу Курманбек Осмонбеков мырзанын Роза Отунбаеванын атасы тууралуу бир эскергени бар («Ачык саясат» гезити, 2009-жылдын 20-марты):

Исактын Осмонбектин баласы болуп туруп Отунбаев болуп калганында. Отунбайдан эркек бала жок. Анан да Осмонбек 38 (отуз сегиз) мүрт өлүп, анын төрт баласы Отунбайдын карамагында калат. Төрт баланын Сарымсагы он эки жашында көз тийип өлөт. Колунда үч баланын улуусун атым өчпөсүн деп өзүнүн атына каттатып коёт. Ошол себептүү Исак Осмонбектин баласы болгонуна карабастан Отунбаев болуп калат да, андан тарагандар дагы Отунбаевдер болуп келе жатышат.

'''Окуу жана илим'''

[[1972-жыл]]ы [[Орусия]]нын ордо шаары [[Москва]]дагы [[Москва мамлекеттик университети]]нин философия факультетин аяктаган.

Кандидаттык диссертациясын айтылуу немис философиясы жаатында жактаган. Илимий иликтөө үчүн Чыгыш Германияда стажировкада да болгон.

1970-жылдары Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаарындагы) Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) философия илимдеринин тармактары боюнча дарстар окуду, бул окуу жайда доцент, кафедра башчы болуп иштеди.

Анын студенттеринин бир катары кийинчерээк философия, саясат таануу жана тарых жаатында илимпоз жана коомдук ишмер болуп чыгышты.

Алардын арасында Аалыбек Акунов, Замира Акбагышева, Нур Саралаев, Нарынбек Алымкулов, Жамбила Самиева, жана башкалар бар.

'''Совет доорундагы саясий ишмердиги'''

1981-жылы партиялык ишке өтүп, Компартиянын Фрунзе шаардык комитетинин экинчи катчысы болуп калды.

1986-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Минстрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, Советтик Кыргызстандын тышкы иштер министри.

1989-1991-жылдары – СССР Тышкы иштер министрлигинин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын төрайымы.

'''Пост-советтик кыргыз дипломаты'''

Советтер Биримдиги (СССР) ыдыраган соң, эгемен Кыргызстандын ар кыл мамлекеттик кызматтарында иштеди.

[[1992-жыл]] — Кыргызстандын вице-премьери, тышкы иштер министри.

1992 — 1994-жылдар — эгемен Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы туңгуч элчиси.

1994 — 1997 — Кыргызстандын тышкы иштер министри..

[[1997-жыл]] – Роза Отунбаева өкмөттөн өз ыктыяры менен кеткен.

Ал кездеги президент [[Аскар Акаев]] аны [[Кыргызстан]]дын Улуу Британия жана Ирландиядагы элчиси кызматына кетүүгө көндүргөн.

[[Лондон]]до жүрүп жазуучу [[Чыңгыз Айтматов]]дун мааракесине арналган илимиф жыйынды Кэмбриж шаарындагы Кэмбриж университетинде эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон.

2002-жылдын май айынан [[Бириккен Улуттар Уюму]]нун Башкы катчысынын [[Грузия]]дагы атайын өкүлүнүн орун басары. Мында ал грузин-абхаз жаңжалын жөндөө боюнча БУУнун аймактагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө жетекчилик кылган.

Грузиядагы демократиялык ыңкылапты өз ичинде жактырат.

'''Кыргыз ыңкылабынын ирегесинде'''

2004-жылдын этегинде болсо Кыргызстандагы оппозициячыл иш-аракеттерге кошулат.

Ошол жылы 13-декабрда оппозициячыл «Ата журт» кыймылын кинорежиссер жана депутат Дооронбек Садырбаев менен биргеликте уюштурат.

2005-жылы 6-январда Кыргызстандын [[Борбордук шайлоо комиссиясы]]нын Бишкектеги №1 Университет аймактык шайлоо комиссиясы Роза Отунбаеваны алдыдагы парламенттик шайлоодо депутаттык орун үчүн ат салышууга уруксат кылган беш саат мурдагы чечимин кайра жокко чыгарды, ага Роза айымдын чет өлкөдө узак жылдар дипломаттык иште жүргөнүн негиз кылды.

2005-жылы 12-январда [[Бишкек шаары]]нын Ленин райондук соту оппозициячыл лидер, мурдагы тышкы иштер министри жана мурдагы элчи Роза Отунбаеванын арызын карап, аны канааттандырган эмес.

Бул чечимди сот Канатбек Турганбеков мындайча негиздеген:

- ''Конституцияда “Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган атуул шайлана алат” деген конституциялык талап жазылган. Бул - конституциялык норма. Өлкөнүн “Шайлоо кодексинде” да ушундай эле талап жазылган. Ал эми Роза Отунбаеванын акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп келгени маалым''.

Иш жүзүндө дал ушул шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкер болуп чыгып жаткан ошол кездеги президенттин кызы Бермет Акаевага жол ачуу үчүн таасирдүү талапкерди «оюндан чыгаруу» керек болгондугу айтылат.

'''Ыңкылаптагы ролу'''

Роза Отунбаева 2005-жылдын 24-мартындагы [[Жоогазын ыңкылабы]]на жигердүү катышып, анын негизги лидерлеринен болду.

Бул ыңкылапты ал «[[Азаттык үналгысы]]» үчүн курган маегинде «Боз үй ыңкылабы» деп атап, карапайым элеттиктердин ага кошкогн салымын жогору баалаган.

Отунбаева Кыргызстандын ар кыл аймактарын (анын ичинде Жалал-Абат жана Ош облустарын) ырааттуу кыдырып, Аскар Акаевдин режимине каршы күрөшкө элди үндөдү.

'''Ыңкылаптан кийин'''

[[Роза Отунбаева]] жаңы өкмөттө [[Кыргызстан]]дын тышкы иштер министри кызматын убактылуу аткарып турду, бирок 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын Жогорку Кеңеши анын талапкердигин тышкы иштер министри кызматына бекитпей койду.

Айрым маалыматтарга караганда, бул кадам Бишкектеги Ак Үй менен тыгыз кызматташтыкта жасалган. Бирок Кырныз президенти Курманбек Бакиевдин өкүлоү мындай жоромолду четке каккан.

Роза Отунбаева ыңкылаптан кийинки жаңыөлкө жетекчилиги авторитардык саясатка ооп жатат деп эсептеп, ага каршы оппозициялык кыймылга жигердүү катышты.

2007-жылдын соңунда ал Кыргызстан [[Жогорку Кеңеш]]инин шайлоосуна оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын тизмесинде катышты.

Тизмеде турган саясатчы [[Эдил Байсалов]] чет өлкөгө бозгунга кетүүгө аргасыз болду, дагы бир талапкер өз ордун Роза Отунбаевага бошотуп берди. Ошентип, ал [[Жогорку Кеңеш]]тин депутаты болуп калды.

Ал эми 2009-жылдын августунда Социал-демократиялык партиянын парламенттеги тобунун (фракциясынын) башчысы, депутат [[Бакыт Бешимов]] [[АКШ]]га саясий бозгун болуп кеткен соң, ошол жылдын октябр айынан тартып Роза Отунбаева СДПнын парламенеттик тобунун жетекчиси болуп калды.

'''Эмгектери'''

'''Ал тууралуу эмгектер жана чыгармалар'''

'''Шилтемелер'''

http://www.azattyk.org/content/Kyrgyzstan__Roza_Otunbaeva_the_deputy_of_parliament_/1870778.html

http://www.azattyk.kg/content/article/1233343.html

http://www.azattyk.kg/content/article/1233641.html

http://www.azattyk.kg/content/article/1233600.html

http://www.analitika.org/article.php?story=20060605022756756&mode=print

http://www.presskg.com/rukh/09/0626_3.htm

http://www.presskg.com/ali/09/0320_10.htm

http://www.rferl.org/content/article/1072592.html

[[Category:саясат]]
[[Category:кыргыз дипломатиясы]]

[[Category:кыргыз тарыхы]]

[[Category:укук коргоо]]

[[Category:Кыргызстан аялдары]]

[[Category:1950-жыл]]

[[Category:2005-жыл]]

[[Category:Кыргызстан]]

{{rq|img}}

[[de:Rosa Otunbajewa]]
[[en:Roza Otunbayeva]]
[[fr:Roza Otounbaïeva]]
[[ja:ローザ・オトゥンバエヴァ]]
[[pl:Roza Otunbajewa]]
[[ru:Отунбаева, Роза Исаковна]]