Буэнос-Айрес: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
Buenos_Aires_photomontage.jpg + category
1-сап:
[[Файл:Buenos Aires photomontage.jpg|thumb|Буэнос-Айрес.]]
'''Буэнос-Айрес''' – [[Аргентина]] Республиканын [[борбор шаары]]. Администрациялык жактан Федерация округу катары өзүнчө бөлүнгөн. Ла-Плата эстуарийинин түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 2,7 млн (2006; Чоң Буэнос-Айрес жана шаар айланасы менен 13,5 млндон ашуун). Айланасындагы 18 шаарчаны бириктирип, Чоң Буэнос-Айрес деп аталат. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 50%тен ашыгы чыгарылат. Өнөр жайынын негизги тармактары: машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, автомобиль), нефть ажыратуу, химиялык, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, тамак-аш (айрыкча эт). Буэнос-Айрес өлкөнүн башкы темир жол тоому жана Латын Америкасындагы ири деңиз порту (жылына 20 млн тоннадай жүк ташылат). Эсейса Эл аралык аэропорту иштейт. 1536-ж. негизделген. 1541-ж. көтөрүлүшкө чыккан индейлерден чегинген испандар шаарды кыйратып, өрттөп кетишкен. 1580-ж. кайрадан калыбына келтирилген. 1776-ж. Рио-дела-Плата вице королдугунун, 1816–26-ж. Лаилата бириккен провинцияларынын, 1880-жылдан Аргентина Республикасынын борбору. Илимдер акажемиясы, университет, улуттук тарых, этнографиялык музейи, «Колон» опера театры (Латын Америкасындагы эң ири театр) жана башка; 18-кылымдын архитектура эстеликтери бар. Буенос-Айрес Түштүк жарым шардагы ири финансы борборунун бири. Шаарда Латын Америкасы менен Аргентинанын ири банктарынын штаб-квартиралары жайгашкан.
[[Категория: Шаарлар]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Аргентина]]
[[Категория: Шаарлар]]