Ооганстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Тарыхы: + سردار محمد داود.tif
м →‎Тарыхы: + links
14-сап:
 
==Тарыхы==
Азыркы Ооганстандын аймагында байыркы таш доорунан эле адамдар мекендегендигин көптөгөн археологиялык казуулар ырастайт. Биздин заманга чейинки 1миң жылдыктын 1-жарымында чөлкөмдө ирригациялык курулмалардын курулушу менен ири оазистер пайда болот. Ошол мезгилде Ооганстандын аймагында [[Бактрия]] сыяктуу алгачкы мамлекеттер түзүлгөн. Биздин заманга чейинки 6-кылымдын 30-жылдарында Ооганстандын аймагы Ахеменилер мамлекетинин (Персия) курамына, биздин заманга чейинки 330-329-жылы Ооганстанды Александр Македонский басып алган, кийин Селевкилердин ээликтеринин курамына кирген. Грек Бактрия (биздин заманга чейинки 250-130-жыл), Кушан (биздин замандын 1-4-кылым) падышачылыктарынын доорунда аймакта шаарлар, кол өнөрчүлүк, маданият, искусство гүлдөп өскөн. 4-кылымда Ооганстандын аймагын Сасанилер, 5-6-кылымда эфталиттер басып алган. 6-кылымдын 60-жылдары эфталиттердин уруулук бирикмелери түрктөр жана сасанилер тарабынан сокку алган соң, Ооганстандын аймагы майда ээликтерге бөлүнүп, Түрк кагандыгына жана Сасанилерге көз каранды болуп калган. 7-8-кылымда чөлкөмдү арабдар басып алып, ислам дини тарай баштаган. 9-10-кылымда аймакта чарбанын, маданияттын, искусствонун өсүшү байкалат. Ооганстан аймагын 13-кылымда монголдор, 16-17-кылымда Улуу Моголдор, 18-кылымда Надир-шах каратып алган. Надир-шах өлгөндөн кийин, 1747-1818-жылы эмир [[Ахмад-шах Дурранби|Ахмад шах]] башында турган алгачкы көз каранды эмес Ооган мамлекети - Дуррани державасы түзүлгөн. 19-кылымдын орто ченинен Россия жана Улуу Британия Ооганстан үчүн өз ара каршылашып турушкан.
[[Файл:سردار محمد داود.tif|thumb|upright|Мухаммед Дауд.]]
 
1907-жылы бул эки мамлекеттин ортосунда Ооганстан аймагынын бүтүндүгүн таануу жөнүндөгү келишимге кол коюлган. 1919-29-жылы [[Аманулла-хан|Аманулла хандын]] өкмөтү өлкөдө социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөн. 1923-жылы конституциялык монархия орнотулган. 1929-жылы бийликке Мухаммад Надир келип, ал Надиршах атын алып, өзүн король деп жарыялаган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Ооганстан бейтараптык позициясында турган. 1973-жылы мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында монархия кулатылып, Ооганстан республика деп жарыяланган. Мамлекеттин жана өкмөт башчылыгына Мухаммед Дауд шайланат. 1978-жылы апрелде кайрадан мамлекеттик төңкөрүш болуп, бийликке Революциялык совет келген жана Ооганстан Демократиялык Республикасы деп жарыяланган. Өлкөдө граждандык согуш башталган. Ооганстан өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча колдоо көрсөтүп, 1979-жылы Ооганстанга советтик аскерлер киргизилген. X. Аминдин режими кулатылып, анын ордуна Бабрак Кармаль дайындалган. Кармалдын 80-жылдардын 1-жарымында Афганстанда «советтик үлгүдөгү социализмди» куруу аракети ийгиликсиз аяктаган. Өлкөнүн ичиндеги өз ара чыр-чатактар токтогон эмес. 1987-жылы Ооганстандын жаңы Конституциясы кабыл алынып, А. Наджибулла президент болуп шайланган. 1989-жылы советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылды, бирок ар кандай уруулук топтордун ортосундагы күрөш улантыла берген. Миллиондогон оогандыктар Пакистан, Иран жана башка мамлекеттерге качышкан. 1992-жылы апрелде козголоңчулар Кабулду басып алышты. 1992-жылы апрелде өлкө Ооганстан Ислам Мамлекети деп аталып, бийлик моджахеддердин жетекчилеринин колуна өткөн. Ошол эле жылдын декабрында өлкөнүн президенттигине Б. Раббани шайланган. 1990-жылдын ортосунда Ооганстандын саясий аренасында «Талибан» кыймылы (пакистандык медреселерде даярдыктан өтүшкөн жаш ооган исламчыл-радикалисттердин тобу) активдеше баштайт. 1994-жылы «Талибан» бирикмелери Кандагарды, 1996-жылы Кабулду ээлешип, ээлеген аймактарын башында молдо Омор турган Ооган Ислам Эмираты деп жарыялашкан. Талибдер өлкөдө катуу теократтык режимди орнотушкан. Талибан кыймылына каршы Ахмад шах Масуд жетектеген Түндүк альянстын күчтөрү турган. Ахмад шах Масуддун өлтүрүлүшү (9. 9. 2001) жана АКШдагы массалык террордук актылардын (11. 9. 2001) уюштурулушуна У. бен Ладен күнөөлөнүп, 2001-жылы АКШ башында турган антитеррордук коалициялык күчтөр Афганстандагы талибдердин режимин кыйраткан. 2001-жылдын аягында Бонн шаарында Афганстандын саясий күчтөрүнүн конференциясы болуп өтүп, Хамид Карзай жетектеген Убактылуу администрациясы түзүлөт. 2002-жылы Лоя Жирганын отурумунда Убактылуу(Өткөөл) өкмөт түзүлүп, X. Карзай мамлекет жана өкмөт башчысы болуп шайланат. 2004-жылы январда жаңы Конституция кабыл алынып, X. Карзай президент болуп шайланат. «Талибан» кыймылынын айрым бөлүктөрү X. Карзайдын жана эл аралык антитеррордук күчтөргө каршы күрөшүн улантып келпшүүдө. Ооганстандын айрым провинцияларында бийлик номиналдуу түрдө гана өкмөткө баш ийишкен моджахеддердин талаа командирлерине таандык бойдон калууда.
 
==Экономикасы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ооганстан" булагынан алынды