Одесса: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
+ Potěmkinovy_schody.jpg
 
1-сап:
[[Файл:Potěmkinovy schody.jpg|thumb|Одесса.]]
'''Одесса''' – [[Украина|Украинадагы]] баатыр-шаар (1945-жылдан). Одесса облусунун административдик борбору. Кара деңиздеги ири порт. Калкы 1,0 млн (2010). Темир жол тоому. Аэропорту бар. Машина куруу, металл иштетүү (станок, муздаткыч, медицина, соода, полиграфиялык ж. б. жабдуулар, топуракты иштетүүчү агрегаттар, эсептөөчү машиналар, айыл чарба техникалары), химия, нефть ажыратуу, химиялык-фармацевтика, тамак-аш–татымал, жеңил (жут, текстиль ж. б.), курулуш материалдар өнөр жай ишканалары жана болот прокат өндүрүш бирикмеси иштейт. 14 ЖОЖ (анын ичинде университет, консерватория), Украина ИАнын Түштүк илимий борбору, 7 театр (анын ичинде опера жана балет), музейлер (археологиялык, сүрөт, адабият, Батыш жана Чыгыш өнөрү, Деңиз флоту, тарыхый-край таануу), А. С. Пушкиндин адабий-мемориал музейи бар. Шаар 15-кылымда түрк чеби Хажибейдин ордунда негизделген. 1794-жылдан шаар. 1941-ж. Улуу Ата Мекендик согушта Одесса баатырдык менен 73 күн коргонуусу аркылуу даңкталат. Шаардын борбордук бөлүгүндө классика стилиндеги курулуш ансамблдери А. Э. Ришельенин эстелиги менен, Потёмкин шатысы (1826–41), Воронцов, Потоцкий жана Нарышкиндердин ак сарайлары, эски биржа, госпиталь сакталган. Одессада жана анын чет жакасында бальнеологиялык баткак курорттору (Аркадий, Лузановка ж. б.) жайгашкан.
[[Категория:География]]
 
[[Категория:Шаарлар]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
{{Украинанын дубандык борборлору}}
 
[[Категория:ГеографияУкраина шаарлары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Одесса" булагынан алынды