Кабул: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
60-сап:
|сайтынын тили =
}}
'''Кабул''' – [[Ооганстан|Ооганстандын]] борбору, шаар. Кабул вилаятынын административдик борбору. Иран бөксө тоосунун түндүк-чыгыш четинде, Кабул дарыясынын өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1791 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 071 400 млн (2011). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кабул аркылуу Жакынкы Чыгыш менен Европаны, Ыраакы Чыгыш менен Индияны байланыштырган жолдор өтөт. Шаар алгач 2-кылымда Птолемейдин эмгектеринде Кабур деп эскерилет. Кабулду 9-кылымда Саффарилер басып алган. 13-кылымда аларды Чынгызхан талкалаган. 1504-ж. Бабур басып алып, ээликтеринин борбору кылган. 1774-жылдан 1818-жылга чейин Кандагар менен бирге Дурраний мамлекетинин, англис-афганооган согушунан (1878-80) кийин АфганОоган мамлекетинин борбору. 1919-ж. февралда эмир Аманулла-хан Кабулда АфганстандынОоганстандын көз каранды эместигин жарыялаган. 1978-ж. Апрель революциясынан кийинАфганстангакийин Ооганстанга советтик аскер киргизилгенден (1979-89-ж. АфганОоган конфликти) Кабулда анын штаб командасы жайгашкан. 1989-ж. февралда советтик аскер чыгарылгандан кийин шаарда жана анын четжакасында АфганОоган оппозициясынын отряддары менен АфганстанОоганстан элдик-демократиялык партиясынын күчтөрүнүн айыгышкан катуу салгылаштары болгон. 1992-ж. апрелде оппозициялык топ Кабулду согушсуз ээлеген. 1996-ж. Кабулда «Талибан» кыймылы түзүлгөн. АфганстангаОоганстанга АКШнын аскерлери киргенде (2001-ж., октябрь) «Талибандын» отряддары шаарды таштап кеткен. 1979-ж. согуш башталганга чейин Кабулдун экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзгөн. Текстиль, металл иштетүү, жыгаччылык, булгаары-бут кийим жана тамак-аш өнөр-жай ишканалары, үй куруу комбинаттары иштеген. Шаардын өнөр-жай потенциалы согуштун кесепетинен толугу менен талкаланган. 21-кылымдын башынан анча чоң эмес ишканалар (аскер куралдары, кебез-кездеме, кыл торко, кийим-кече, эмерек, суюлтулган газ, азык-түлүк) иштейт. 2006-ж. «Coca-Cola» заводу курулуп, ишке берилди. Бир нече мейманкана, заманбап соода борборлору, банктар курулууда. Шаардын четинде өнөр-жай зонасы уюштурулууда. Кол өнөрчүлүк (анын ичиндекилем токуу) өнүккөн. Кабул өлкөнүн илим-билим жана маданий борбору. Улуттук Илимдер Академиясы, университеттер (анын ичиндеКабул, политехникалык, медициналык, педагогикалыкжана Америка), Жакынкы Чыгыш институту, АфганстандыОоганстанды окуп үйрөнүү региондук изилдөө борбору, Улуттук аскер академиясы, бир нече коллеждер, тарыхый-этнографиялык музей, калк китепканасы, сүрөт галереясы (ислам фундаменталисттери өтө талкалаган), театр ж. б. бар. Бала-Хиссар цитадели (5-кылым), Баги-Бабур паркы [Бабурдун күмбөзү жайгашкан (16-кылым)], Жахан шахтын мечити (17-кылым), Мухаммед Надир-шахтын мавзолейи, король ак сарайы ж. б. сакталган.
[[Категория:География]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кабул" булагынан алынды