Какшаал тоо тизмеги: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
+ Jengish_Chokusu_from_BC.jpg |
||
1-сап:
[[Файл:Jengish Chokusu from BC.jpg|thumb|[[Жеңиш чокусу]].]]
'''Какшаал тоо тизмеги''' - Теңир-Тоонун түштүгүндө, [[Кыргызстан]] менен [[Кытай|Кытайдын]] чек арасы боюнча 582 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 54 км. Орточо бийиктиги 4500 м. Эң бийик чокулары: Жеңиш (7439 м) жана Аскер топографтары (6873 м). Орографиясы жагынан 3 бөлүктөн турат: чыгышы Бозкыр деп аталып, Сарыжаз капчыгайына чейин созулат, айрыктары: Кайыңды, Көйкап, Майбаш. Ортоңку бөлүгү Караичкетоо, Акзоо, Жангарт, Үччоку, Кайчы тармактарынан турат. Батышы Каракыр, Торугарт жана башкалар тармактардан туруп, Аксай өрөөнүн көздөй жапыздап, кайнозойдун тектерине чөгөт. Какшаалдын түштүк бети тик (50–60°), түндүк бети жантайыңкы (30– 40°).
Жондору кырдуу, аркайган чокулары көп. Капталдары капчыгайлар менен тилмеленип, көбүнчө зоокалуу. Негизги ашуулары–Бедел, Көгирим, Бикиртик, Кайчы, Карабел, Акөгүз, Сууктөр (4200
Жалпы аянты 983 км2 (Комаров мөңгүсү,29,8 км2). түндүк беттеринде мөңгүнүн учу 3800 м бийиктикке чейин түшөт. Кар чеги 4400–4500 м бийиктикте. Ландшафттары ар кыл: сырт талаасы (2800–3100 м бийикте; бетеге, каракыяк, аксокто жана башкалар); альп шалбаасы (3100–3500 м; бетеге, Түркстан сулусу, тоо сойгок жана башкалар); субнивалдык суук талаа (3400– 3800 м; жер жаздык, хризантема, альфердия жана башкалар); гляциалдык-нивалдык алкагы (3800 мден жогору), өрөөндөргө кургак талаа жана шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] ISBN 9967-14-006-2
[[Категория:Кыргызстандын тоолору]]
[[Категория:Кытай]]
▲[[Category:Тумар-2011]]
|