Difference between revisions of "Нарын дарыясы"

м
fix code
м (fix code)
}}
 
[[File:Нар суу.jpg||thumb|Нар суу|240|.]]
[[File:Нар.jpg|thumb|Нар|240px|.]]
[[File:Нарын суу.jpg|thumb|Нарын суу|240px|.]]
[[File:Нарынс.jpg|thumb|Нарынс|240px|.]]
[[File:На.jpg|thumb|На|240px|.]]
[[File:Нары.jpg|thumb|Нары|240px|.]]
[[File:Нарын.jpg|thumb|Нарын|240px|.]]
 
== Кыргызстандагы эң чоң дарыя ==
'''Нарын дарыясы''' — [[Кыргызстан]]дагы эң чоң жана суусу мол дарыя. Сыр дарыянын оң курамы. Узундугу 534 км ([[Чоң-Нарын|Чоң Нарынды]] кошкондо 807 км), алабынын аянты 58 370 км². Алабы түндүктөн Тескей , Кыргыз, [[Талас Ала-Тоосу|Талас Ала-Тоолору]], түштүктөн Какшаал, чыгыштан Ак-Шыйрак, батыштан Фергана кырка тоолору менен чектешет.
 
[[Ак-Шыйрак тоосу|Ак-Шыйрак кырка тоосунун]] түндүк-батыш капталындагы Петров мөңгүсүнүн этегинде 3730 м бийиктикте жайгашкан көлдөн Кумтөр деген ат менен башталат да, Арабел суу менен кошулуп , Тарагайды (Жаакташ) түзөт. Тарагай менен Карасай кошулгандан кийин Чоң-Нарын деп аталып, тектирчелүү жайык өрөөн менен батышты карай агат. Жогорку Нарын өрөөн үнүн борбору бөлүгүндө салааланып , нугу кеңейип , батышында кайра кууштайт. Бул бөлүгүндө дарыяга Каракол (чыгыш) жана Улан суулары кошулат. Улан суусунун чатынан Ай рысуунун (оң куймасы) кошулушуна чейин өтө кууш капчыгай менен агат. Орто Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө Чоң-Нарын, Кичи-Нарын менен кошулат да, Нарынды түзөт. Мында дарыя Нарын өрөөнүнүн сол жак чети менен кеңдик багытта агат. Бул бөлүгүндө өрөөн кенен , тектирчелүү. Сол куймасы Текесекирик кошулган жерде гана Нарындын сол жээгиндеги карбондун аки таш теги менен оң жээгиндеги палеоген-неогендин кызыл түстүү тектери жакындашып, кууш өрөөндү пайдакылат. Аламышыкты кууш Аккыя капчыгайыаркылуу жандап өтүп, түндүк-батыш багытты карай шар агат. Андан төмөн бирнече кмге чейин өрөөнү кенен , жээктери жапыз, нугунун туурасы 80–100 мге жетет.
 
[[КУЛАНАК|Куланак кыштагына]] жакын Нарын бир нече салаага бөлүнүп, майда аралдарды пайда кылат. Аралдар жана дарыя жээктери майда токой менен капталган. Бул бөлүгүндө Нарынга Ат-Башы жана Алабуга суулары кошулат. Алабуганын чатынан батышты карай 50 км аралыкта Молдотоо менен Акшыйрак (Чаарташ) кырка тоолорун бөлүп туруучу кууш ( нугунун туурасы 40 – 50 м) капчыгай аркылуу агып, Тогузторо ойдуңуна чыгат. Өрөөндүн борбордубөлүгүн дө жумуру шагыл таштуу аралдар жана кумдуу сайроондор менен бөлүнгөн бирнече салаа бар. Тогузторо деп рессиясынын батыш бөлүгүндө Нарынга Көкирим (сол куймасы) суусу кошулуп , Молдотоо менен Көкирим тоосун бөлүп жаткан кууш кап чыгай (уз. 4 0 км) менен түндүктү карай агат. Капчыгайдан чыга беришинде эң ири куймасы Көкөмеренге кошулуп , батышты карай чулу тоотектерден түзүлгөн тектир-челүү кууш өрөөн менен жайылып (туурасы 100–150 мге чейин ) агат. Батышты карай өрөөн улам кеңейип, Кетментөбө өрөөнүнө чыгат. Мында Нарынга Чычкан жана Узун акмат суулары кошулат. Нарын [[КетменТобо деп эмне учун аталып калган?|Кетментөбө]] өрөөнүнөн кийин түштүк-батышты карай 100 км аралыкта Атойнок жана Фергана тоолорун бөлүп антецеденттик өрөөн менен агат. Капчыгайдан чыккандан кийин түштүккө карай бурулуп , өрөөнү кеңейип , Нарынга Карасуу(оң ) кошулат. Фергана өрөөнүнө чыкканда Карадарыя менен кошулуп , Сырдарыяны түзөт.
40 – 50 м) капчыгай аркылуу агып, Тогузторо ойдуңуна чыгат. Өрөөндүн борбордубөлүгүн дө жумуру шагыл таштуу аралдар жана кумдуу сайроондор менен бөлүнгөн бирнече салаа бар. Тогузторо деп рессиясынын батыш бөлүгүндө Нарынга Көкирим (сол куймасы) суусу кошулуп , Молдотоо менен Көкирим тоосун бөлүп жаткан кууш кап чыгай (уз. 4 0 км) менен түндүктү карай агат. Капчыгайдан чыга беришинде эң ири куймасы Көкөмеренге кошулуп , батышты карай чулу тоотектерден түзүлгөн тектир-челүү кууш өрөөн менен жайылып (туурасы 100–150 мге чейин ) агат. Батышты карай
өрөөн улам кеңейип, Кетментөбө өрөөнүнө чыгат. Мында Нарынга Чычкан жана Узун акмат суулары кошулат. Нарын [[КетменТобо деп эмне учун аталып калган?|Кетментөбө]] өрөөнүнөн кийин түштүк-батышты карай 100 км аралыкта Атойнок жана Фергана тоолорун бөлүп антецеденттик өрөөн менен агат. Капчыгайдан чыккандан кийин түштүккө карай бурулуп , өрөөнү кеңейип , Нарынга Карасуу(оң ) кошулат. Фергана өрөөнүнө чыкканда Карадарыя менен кошулуп , Сырдарыяны түзөт.
 
Нарындын алабында жалпы аянты 1357,8 км2 болгон 2074 мөңгү бар. Көбү (70 %ке жакыны) Акшыйрак, Тескей Ала-Тоо, [[Жетим кыркатоосу|Жетим]], Борколдой ж . б . кырка тоолордо жайгашкан. Ири мөңгүлөрү: Петров (аянты 70,6 км2), Түндүк Карасай (49,0 км2)
|-
|Түндүк Карасай (49,0 км2)
|}
== Ири куймалары ==
{| class="wikitable"
| [[Камбарата ГЭСи]]
|}
 
 
 
== Адабият ==
 
== Байланыштуу макалалар ==
* [[Кыргыз тарыхы]]
* [[Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк]]
* [[Кыргыз]]
== Интернеттеги шилтемелер ==
* [http://www.kyrgyzonline.net/ Кыргызонлайн "кыргызстандагы жанылыктар"]
25,680

edits