Ооганстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Afghanistan (orthographic projection).svg|thumb|Ооганстан]]
'''Ооганстан''', (ru ''Афганистан'', kk ''Ауғанстан''), Ооганстан Ислам өлкөсү - Түштүк-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн [[Түркмөнстан]], [[Өзбекстан]] жана [[Тажикстан]], батышынан [[Иран]], түштүгүнөн жана чыгышынан [[Пакистан]] менен [[Индия]], түндүк-чыгышынан [[Кытай]] менен чектешет. Аянты 645,7 миң км<sup>2</sup>. Калкы 20,5 млн (2005). Борбору - [[Кабул]] шаары. Административдик-аймактык жактан 32 вилаятка (административдик-аймактык бирдик) бөлүнөт. Ооганстан [[БУУ]]нун (1946), Эл аралык валюта фондунун (1955) мүчөсү.
 
[[Файл:Flag of Afghanistan.svg|thumb]]
11-сап:
 
==Калкы==
Өлкөдө түрдүү тилдердин тобуна кирген 20дан ашык улут өкүлдөрү жашайт; анын жарымынан көбү - оогандар (пуштулар; 38% тен 49%ке чейин); о. эле тажик (өлкөнүн батыш жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндө; 18-25%), өзбек (68%) жана түркмөндөр (түндүгүндө), хазарлыктар (борбордук бөлүгүндө), каракалпак, кыргыз, бележ жана башка улуттар арбын. Расмий тили - пушту жана дари (перс тилинин ооган диалектиси) тилдери. Басымдуу дини - ислам. Фертилдүүлүк жогору болгонуна байланыштуу (1 аялга 6,78 бала) балдардын өлүмү көп (1000ге 166). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники - 42,3, аялдарыныкы - 43 жаш. Орточо жыштыгы: 1 км<sup>2 </sup>жерге 39,9 киши (өлкөнүн чыгышында 687). Көбү өрөөн жана оазистерде отурукташкан, аларда 1 км<sup>2</sup> жерге 100дөн ашуун киши туура келет; түштүгүндөгү чөлдөрдө, борбордук жана түндүк-чыгыш бөлүктөрүндөгү бийик тоолуу аймактарда отурукташкан эл жокко эсе. Калкынын <sup>1</sup>/<sub>6</sub>ге жакыны көчмөн жана жарым көчмөн эл. Шаар калкы 23%. Ири шаарлары: [[Кабул]], [[Кандагар]], [[Герат]], [[Кундуз (шаар)|Кундуз]], [[Мазари-Шариф]], Герат,[[Жалалабад Желалабад(Ооганстан)|Жалалабад]]. Акча бирдиги - [[афгани]]. 1979-89-жылдардагы Ооган согушу менен граждандык согуштун таасиринен Ооганстандын калкынын <sup>1</sup>/<sub>3</sub>ине жакыны өлкөнү таштап четке кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле Кабул шаарынын калкы эки эсе өскөн. Качкындардын көпчүлүгү Иран менен Пакистанда отурукташкан. Эмгекке жарамдуу калкы 11,1 млн (2001).
 
==Тарыхы==
21-сап:
{{main|Ооган конфликти}}
 
1992-жылы апрелде козголоңчулар Кабулду басып алышты. 1992-жылы апрелде өлкө Ооганстан Ислам Мамлекети деп аталып, бийлик моджахеддердин жетекчилеринин колуна өткөн. Ошол эле жылдын декабрында өлкөнүн президенттигине Б. Раббани шайланган. 1990-жылдын ортосунда Ооганстандын саясий аренасында «[[Талибан]]» кыймылы (пакистандык медреселерде даярдыктан өтүшкөн жаш ооган исламчыл-радикалисттердин тобу) активдеше баштайт. 1994-жылы «Талибан» бирикмелери Кандагарды, 1996-жылы Кабулду ээлешип, ээлеген аймактарын башында молдо Омор турган Ооган Ислам Эмираты деп жарыялашкан. Талибдер өлкөдө катуу теократтык режимди орнотушкан. Талибан кыймылына каршы Ахмад шах Масуд жетектеген Түндүк альянстын күчтөрү турган. Ахмад шах Масуддун өлтүрүлүшү (9. 9. 2001) жана АКШдагы массалык террордук актылардын (11. 9. 2001) уюштурулушуна У. бен Ладен күнөөлөнүп, 2001-жылы АКШ башында турган антитеррордук коалициялык күчтөр Афганстандагы талибдердин режимин кыйраткан. 2001-жылдын аягында Бонн шаарында Афганстандын саясий күчтөрүнүн конференциясы болуп өтүп, [[Хамид Карзай]] жетектеген Убактылуу администрациясы түзүлөт. 2002-жылы Лоя Жирганын отурумунда Убактылуу(Өткөөл) өкмөт түзүлүп, X. Карзай мамлекет жана өкмөт башчысы болуп шайланат. 2004-жылы январда жаңы Конституция кабыл алынып, X. Карзай президент болуп шайланат. «Талибан» кыймылынын айрым бөлүктөрү X. Карзайдын жана эл аралык антитеррордук күчтөргө каршы күрөшүн улантып келпшүүдө. Ооганстандын айрым провинцияларында бийлик номиналдуу түрдө гана өкмөткө баш ийишкен моджахеддердин талаа командирлерине таандык бойдон калууда.
 
==Экономикасы==
Ооганстан - дүйнөдөгү жакыр агрардык өлкөлөрдүн бири. 1979-жылдан бери токтобогон согуш, ошондой эле 1998-2002-жылдардагы кургакчылык өлкөнүн экономикасын дээрлик кыйраткан. Согуш жылдарындагы жалгыз өнүккөн тармагы - [[апийим]] өндүрүшү болгон. 2002-жылдын январында Токподо өткөрүлгөн конференцияда (61 өлкө катышкан; анын ичинен Россия, АКШ, Европа кеңеши, БУУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Ислам конференциясы уюмдары жана башка уюмдар) Ооганстанга жардам көрсөтүүнүн программасы иштелип чыккан (2006-жылга чейин 4,5 млрд доллар бөлүнөт). Натыйжада экономикасында, айрыкча агрардык секторунда өнүгүү тенденциясы байкалган. Ички дүң продукциясынын көлөмү 20 млрд долларды (АКШ)түзөт (киши башына бөлүштүргөндө 700 доллардан туура келет). Ички дүң продукциясындагы айыл чарбанын көлөмү 60% , өнөр жайыныкы 20%, тейлөө чөйрөсүнүкү 20%. Өлкөнүн түндүгүндө Жаркудук ири газ кени 1967-жылдан иштетилүүдө. Газ 1980-жылдарда негизинен СССРге экспорттолгон; 21-кылымдан баштап өлкөнүн ички керектөөсүн канааттандырат. Таш көмүр, нефть, таш туз, лазурит, курулуш материалдары казылып алынат. Энергетиканын негизин гидроэнергетика (84% ГЭС) түзөт. Кебез-кездеме (Пули-Хумри), кант (Баглан) заводдору, жүн-кездеме токуу фабрикасы (Кандагар), нан, үй куруу комбинаттары, асфальт-бетон, автомобиль ремонттоочу (Кабул), цемент (Жабальус-Сираж, Пули-Хумри), азот жер семирткичи заводдору бар. 1960-жылдары тамак-аш, текстиль, медициналык өнөр жайлары ишке кирген, бирок согуш жылдары алар кыйрап же иштебей калган. 21-кылымдын башынан кездеме (Кабул, Кандагар, Мазари-Шариф), самын кайнатуу (Кабул), эмерек, бут кийим, жер семирткич (Мазари-Шариф) жана цемент (Гори, Жабусарг) өндүрүштөрү ишке кирди. Килем токуу (кол менен) өнүккөн. Өлкөнүн аймагынын 62% айыл чарбага жарактуу (жайыты кошо) жер, 17% айдоо аянты. Негизинен дан эгиндери - буудай, арпа, жүгөрү (2700 м бийиктикте) эгилет. Тоо этектеринде жана түздүктөрдө шалы, кант кызылча, пахта, май берүүчү өсүмдүктөр, балкамыш айдалат. Бакчылык (сары өрүк, шабдаалы, алмурут, кайнаалы, алча, анар, цитрус өсүмдүктөрү), жүзүмчүлүк, бакчачылык өнүккөн. Ошондой эле бадам, жаңгак өстүрүлөт. 1980-90-жылдары башкы товардык өсүмдүгү апийим эсептелип, дүйнөгө апийим таратуучу өлкөгө айланган (1999-жыл 1670 о). Мал чарбасында кой өстүрүү басымдуу (2003-жылы, 8,8 млн, негизинен [[Кара-Көл кою|каракөл кою]], анын көрпөсүн алуу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Ошондой эле эчки (6 млн), бодо мал (2600 миң; буйвол жана зебу), эшек (920 миң), төө (290 миң), жылкы (104 миң) асыралат. Темир жолу дээрлик жокко эсе; Кушкадан (Түркмөнстан) - Торгундеге 9,6 км, Термезден (Өзбекстан) Хайратанга 15 км темир жол тармагы жеткирилген. Автомобиль жолунун узундугу 21 миң км (анын ичинен 2,8 миң км асфальтталган). Унаа транспорту (ат, төө, эшек) кеңири колдонулат. Өлкөнүн маанилүү шаарларын байланыштырган Кабул - Кандагар - Герат - Меймене - Мазари-Шариф - Хульм - Кабул айланма трассасынын мааниси зор. Амударыяда кеме жүрөт. Башкы дарыя порттору: Хайратан, Шерхан. Түркмөнстандан Шиндандга, Өзбекстандан Баграмга нефть куурлары жеткирилген. Газ куурунун узундугу 387 км. Кабулда эл аралык аэропорт бар. Сыртка кургатылган жемиш, жаңгак, килем, кылторко, пахта, ийленген жана ийленбеген каракөл көрпөсү, баалуу асыл таштарды (негизинен Индия, Финляндия, Бельгия, Германия, Россия, АКШга) чыгарат. Сырттан өндүрүш каражаттарын, азык-түлүк, текстиль, нефть продукцияларын жана башкаларын (негизинен Пакистан, Түш. Корея, Япония, АКШ, Германия, Кениядан) алат.
 
==Маданияты==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ооганстан" булагынан алынды