Океанография: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ 2007 floater-release hg.jpg
 
1-сап:
[[Файл:2007 floater-release hg.jpg|thumb|upright|Океанография.]]
'''Океанография''' – Дүйнөлүк океан суусунун физикалык жана химиялык касиеттерин, физикалык, химиялык процесстердин закон ченемдерин жана алардын атмосфералык, кургактык, океан түбү менен өз ара байланышын изилдөөчү илим, к. Океанология.
'''Океанография''', '''Океанология''' (океан жана …логия) – Дүйнөлүк океандагы физикалык, химиялык, Геологиялык жана биологиялык процесстер жөнүндөгү илим. Океанологиянын негизги тармактары: океан физикасы – океан жана деңиз сууларындагы физикалык процесстерди, океан менен атмосферанын өз ара аракеттенүү закон ченемдеринин; океан химиясы – океандагы химиялык заттардын алмашуу жана трансформациялануу закон ченемдеринин, ал заттардын химиялык балансын; океан биологиясы – биомассанын пайда болууга, биомассаны жана организмдердин маанилүү түрлөрүнүн жылдык продуктуулугунун, океандын биологиялык продуктуулугунун жөнгө салынып туруу закон ченемдерин; океан геологиясы – океан түбүндөгү жана анын астындагы Геологиялык процесстердин жана кен байлыктардын пайда болуу закон ченемдерин изилдейт. Океанологиянын башкы максаты – деңиз үстүндө жана астында кеме жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылып, натыйжалуулугун жогорулатуу, океандын биологиялык, минералдык жана энергия ресурстарын пайдалануу, аба ырайын прогноздоо ыкмасын өркүндөтүү.
[[Категория:Илим]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
[[Категория:ИлимОкеандар]]
[[Категория:Табият илимдери]]