Түндүк Муз океаны: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Түндүк Муз океан''', Түндүк Уюл деңизи, Түндүк Муз деңизи - Жер шарындагы эн кичине океан. Кээ би..."
 
+ map
1-сап:
[[Файл:Arctic Ocean.png|thumb|Түндүк Муз океан.]]
'''Түндүк Муз океан''', Түндүк Уюл деңизи, Түндүк Муз деңизи - Жер шарындагы эн кичине океан. Кээ бир чет элдик океанографтар Атлантика океанынын деңизи деп эсептешет.
 
[[Евразия]] менен Түндүк Американын аралыгында жайгашкан. Аянты 14,75 млн км2. Орт. тереңдиги 1225 м, көлөмү 18,07 млн км3. Эң терең жери 5527 м (Гренландия деңизинде). Жээктери [[Евразия]]нынЕвразиянын батышында бийик, фьорддуу, чыгышында дельта жана лагуналуу, Канадалык Арктика архипелагында негизинен жапыз, тегиз. [[Евразия]]нынЕвразиянын жээктерин Норвег, Баренц, Ак, Kapa (Карск), Лаптевдер, Чыгыш Сибирь жана Чукча дениздери; Түндүк Американын жээктерин Гренландия, Бофорт, Баффин деңиздери, Гудзон булуңу, Канадалык Арктика архипелагы менен кысыктары чулгап жатат. Жээк сызыгынын жалпы уз. 45 389 км. Түндүк Муз океан аралдарынын саны боюнча Тынч океандан кийинки 2-орунда. Аралдарынын жалпы аянты 4 млн км2. йри аралдары: Канадалык Арктика архипелагы, Гренландия, Шпицберген, Франд Иосиф Жери, Жаңы Жер, Түндүк Жер, Жаңы Сибирь, Врангель ж. б. Таманынын рельефи.
 
Физ.-геогр. өзгөчөлүктөрүнө карата Түндүк Муз океан 3 акваторияга бөлүнөт; Арктика алабы - океандын эң терең борбордук бөлүгү, Түндүк-Европа алабы: ([[Гренландия]], Норвег, Баренц жана Ак дениздери) жана материктИк тайыздыкта жайгашкан арктикалык деңиздер (Kapa, Лаптевдер, Чыгыш Сибирь, Чукча, Бофорт, Баффин). Тереңдиги 200-350 м болгон материктик тайыздык океандын аянтынын 45% ин ээлейт. [[Евразия]]нын жээктеринде анын жазылыгы 1300 мте жетет. Андан ары океандын таманы кескин тереңдеп, 2000-2800 м терендиктеги тепкичтерди пайда кылат; ал океандын эң терең бөлүгү - Арктика алабын курчап жатат. Арктика алабында суу астындагы Гаккель, Ломоносов, Менделеев ири кырка тоолору жана алардын аралыгында бир нече терен чуңкурдуктар (Нансен, 5449 м; Амундсен, 4321 м; Макаров, 3940 м ж. б.) бар. Гренландия менен Шпицберген а-нын аралыгындагы Фрам кысыгы Арктика алабын Түндүк Европа алабы менен байланыштырат. Түндүк Европа алабын түндүктөн түштүккө карай Исландия, Мон жана Книпович кырка тоолору кесип өтөт. Алар Арктика алабынын кырка тоолору менен бирдикте океан ортолук кырка тоолордун эн түндүк сегментин түзөт. Материктик тайыздыктарга терригендик өтө ар түрдүү чөкмө тектер, суу астындагы кырка тоолор менен терең ойдуңдарда кара күрөң жана күрөң чопо, ылайлуу тектер мүнөздүү. Чөкмө тектерде оор жана түстүү металлдардын (темир, калай, ильменит, алтын, аллюминий, уран ж. б.) кендери, материктик тайыздыктарда нефть жана газдын 50гө жакын кени табылган. К л и м а т ы арктикалык, ызгаардуу. Кыш айларында (январь - апрель) Арктика алабынын үстүндө жогорку басымдагы аймак (Арктика антициклону), жайында салыштырмалуу төмөнкү басымдагы аймак түзүлөт.
 
Бардык мезгилдерде Атлантикадан циклондор келип, океандын батышында туман, жаан-чачын, ылдамдыгы 15-20 м3/сект& жеткен шамал өкүм сүрүп турат. Кышы катаал, шамалдуу. Борбордук бөлүгүндө абанын температурасы -28°С... -30°С, Атлантика жак четинде -16°С...-18°С. Жайы суук. Бардык жеринде температура -10°С...-12°С, батышында 6°С-8°С болот. Жылдык жаан-чачыны 150-300 мм. Гидрологиялык режими. T. М. о-дын жанаша жаткан океандар менен суу жана жылуулук алмашуусунда анын суусунун тузсуздугунун мааниси зор. T. М. о-нын үстүнкү катмарынын суу алмашуусу жана муздарынын калкуу багыты 3 агымга байланыштуу: Чукча тумшугунан башталып, Шпицберген менен Гренландияга чейин Арктика алабын кесип өтүп, Атлантика океанына чыккан Трансарктика; Алясканын түндүгүндөгү Чыгыш антициклондук агым; Гренландиянын чыгыш жээги менен түштүктү карай багытталган Чыгыш Гренландия муздак агымы. Алардын орду Түндүк Атлантикадан (Норвег жана Ирмингер агымдары) жана Тынч океанынан (Беринг дениз агымы) келген жылуу (2-6°С) жана туздуулугу жогору (34,935,2%о) агымдар менен толукталып турат. Бул тузДУУлугу бир кыйла артыгыраак агым Арктика алабында 800 м тереңдикке чейин жыл бою салыштырмалуу жылуу (-0,4°С...-0,8°С ) суу катмарын пайда кылат. Суунун үстүнкү бетинин орт. температурасы кышында 1°С, жайында 5°Сга чейин.
Line 12 ⟶ 13:
 
Учурда Түндүк Муз океандын ресурстарын РФ, Норвегия, Канада жана АКШ (Аляска) өздөштүрүүдө. Түндүк Муз океан - негизги транспорттук магистраль. РФ жана Батыш Европада Түндүк деңиз жолу, Канада жана АКШда Түндүк-батпыш өпгкөөлү аркылуу жүк ташылат. Ири порттору: Прудо-Бей (Аляска), Черчилл (Канада), Кекертарсуак (Гренландия), Тронхейм, Олесунн (Норвегия), Рейкьявик (Исландия), Онега, Дудинка, Игарка, Тикси, Шмидт тумшугу (РФ) ж. б. T. М. о-дын табияты - Жердин эң аялуу, талылуу экосистемаларынын бири. Анын негизиги экол. көйгөйү - арктикалык климаттын тездик менен өзгөрүшү, муздардын эриши жана океан суусунун нефть продуктулары жана хим. калдыктар менен булгануусу. Ошондой эле жаныбарлар популяциясынын азаюусу жана таралуу ареалынын тарышы да чоң маселе жаратып келет. 1991-ж. Канада, Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия, РФ, Швеция жана АКШ Түндүк Муз океандын табигый чөйрөсүн коргоо боюнча стратегия кабыл алып, 1996-ж. Арктикалык кеңеш түзгөн. Бирок, океан таманынын ресурстарын пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык укуктук абалы тактала элек. Түндүк Муз океанды изилдөө ар дайым оор жана кооптуу болуп келген. Аны багындырууну алгач викингдер баштап, 10-кылымда Гренландияга, Шпицберген жана Жаңы Жерге, 13-кылымда Канада Арктикага жетишкен. 15-кылымдан бери деңиз сүзүүчүлөрү тарабынан изилденип келет. 1937-38-ж. «Түндүк уюл» алгачкы илимий станциясында метеорол.', геофиз. жана гидробиол. изилдөөлөр жүрүп, 1950-ж. калкыма муздарда станциялар орнотула баштаган. Учурда океандын табиятына бир нече арктикалык ИИИ жана космостон байкоо жүргүзүлөт. Океанды Түндүк Муз деп алгач орус уюл изилдөөчү Ф. П. Литке атаган. Ал расмий түрдө 1935-жылдан колдонула баштаган. Бирок, чет өлкөлөрдө ар кандай аталып келет: (Арктикалык океан (анг.), Түндүк Уюл деңизи (нем.), Түндүк Муз деңизи (фин.)).
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
[[CategoryКатегория:Океандар]]