Тынч океан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Тынч океан''', Улуу океан - Жер шарындагы океандардын эң зору жана эң тереңи. Батышынан..."
 
+ map
1-сап:
[[Файл:Pacific Ocean laea location map.svg|thumb|Тынч океан.]]
'''Тынч океан''', Улуу океан - Жер шарындагы [[Океан|океандардын]] эң зору жана эң тереңи.
 
Батышынан [[Евразия]] жана [[Австралия]], чыгышынан [[Түндүк Америка|Түндүк]] жана [[Түштүк Америка]], түштүгүнөн [[Антарктида]] материктери менен чектешет. Басымдуу бөлүгү Түштүк жарым шарда жайгашкан. Түндүктөн түштүккө 15,8 миң кмте, чыгыштан батышка 19,5 мин кмте созулат. Аянты деңиздери менен 178,7 млн км2 (Дүйнөлүк океандын 49,5% и), орт. тереңдиги 3976 м, суунун көлөмү 710 млн км3 (Дүйнөлүк океандын 53% и). Эң терен жери 10 920 м (Мариана чуңкурдугунда, 2009-жылкы маалымат боюнча). Т. о. аркылуу 180-меридиан боюнча (бир аз четтөө менен) даталардын демаркация чеги өтөт. Деңиздери негизинен түндүкбатыш жана батыш четинде жайгашкан. Мында Беринг, Охота, Япон, Чыгыш Кытай, Сары жана Түштүк Кытай, Ички Япон (Сето-Найкай), Сулу, Сулавеси, Ява деңиздери, чыгышында Калифорния булуңу, Антарктиданын жээгинде Амундсен, Беллинсгаузен жана Росс деңиздери орун алган. Аралдар аралыгындагы деңиздер жалпысынан Австпралия-Азия деңиздери деп аталат; четки деңиздерге Шурулуу жана Тасман деңиздери кирет.
 
Аралдары. Тынч океан аралдарынын саны (10 миңдей) жана алардын жалпы аянты (3,6 млн км2 чамасында) боюнча океандардын ичинен 1-орунда (к. Океания). Чет жакаларындагы архипелагдар жана аралдар - Алеут, Курил, Сахалин, Япон, Филиппин, Молукк, Зонд, Фижи, Тонга, Жаңы Зеландия ж. б. Океандын ачык бөлүгүнөн жанартоо (Маркиз, Коом, Гавайи, Самоа, Галапагос ж. б.), шуру (Маршалл, Гилберт, Токелау, Феникс, Лайн, Туамоту ж. б.) аралдары орун алган. Фьорд жана абразия жээктери басымдуу. Тропик кеңдиктеринин батышына негизинен шурулуу жээктер, айрым жерлерине тоскоол рифтери мүнөздүү. Таманынын рельефи жана геолог и я с ы. Океанды курчап жаткан материктердин суу астындагы чет жакалары Т. о-дын жалпы аянтынын 10% ин ээлейт. Шельфтердин жазылыгы ондогон к-иден (Түштүк жана Түндүк Американын жээктеринде) 700-800 кмге (Беринг, Чыгыш жана Түштүк Кытай деңиздеринде) жетип, тереңд. 150-500 м болот. Материктердин капталдары тик, тепкич сымал каньондор менен тилмеленген. Чыгыш бөлүгүнүн таманы салыштырмалуу тегиз, батыш жана борбордук бөлүгүндө дөңсөөлөр жана тереңдиги 5000 мте жеткен чункурдуктар суу астындагы кырка тоолор менен бөлүнгөн. Океандын түндүк жана батыш чет жакалары аркылуу Аляскадан Жаңы Зеландияга чейин чуңкурдуктардын, дого сымал созулуп жаткан аралдардын жана терең кобулдардын тилкеси өтүп, геосинклиналдык кырчоону түзөт. Деңиздердеги чуңкурдуктардын тереңдиги 3500-7500 м. Дого сымал аралдарга жанаша терең кобулдар созулуп жатат. Алеут кобулу (терендиги 7822 м), Курил-Камчатка (9717), Мариана (10 971), Филиппин (10 265), Тонга (10 882), Кермадек (10 047) ж. б. Океан менен материктик каптал аралыгындагы бул өтмө зонага рельефтин контрастуулугу, жанар тоо атылыштары, жер титирөө мүнөздүү. Таманында ири кырка тоолор менен бөлүнгөн кеңири чуңкурдуктар (Түндүк-Чыгыш, Түндүк-Батыш, Чыгыш Мариана, Батыш жана Чыгыш Каролина, Меланезия, Борбордук, Түштүк, Беллинсгаузен, Чили, Перу ж. б.) жайгашкан; алардын тереңдиги 4000-7000 ж. Т. о-дын таманынын жалпы аянтынын 11% ин океан ортолук кырка тоолордун дүйнөлүк системасына кирген ири көтөрүлүүлөр (Чыгыш Тынч океандык жана Түштүк Тынч океандык) ээлеп жатат. Алар жайык, азыраак тилмеленген платолорду элестетет. Океан бетинен бул кырка тоолордун кырына чейинки терендик 2000-3000 м. Мындан тышкары, 10 миңден ашык аракеттеги жана өчкөн жанартоолору (гайот) бар. Алардын кыры океан бетинен 1,5 миң м тереңдикте жатып, айрымдары суу үстүнө чыгып турат. Жердин «оттуу шакеги» деп аталган бул аймактарга суу катмарында цунами сыяктуу ири толкундарды пайда кылган кубаттуу жер титирөөлөр (эпидентри 700 км тереңде жатат) мүнөздүү. Аралдары негизинен жанартоо атылууларынан (Гавайи а-дары ж. б.) жана шуру рифтеринен пайда болгон. Кобулдар зонасы менен Чыгыш Тынч океан кырка тоолорунун чыгыш бөлүктөрү үстүнкү мантияга чейин жеткен терен жана ири тектон. жаракалар менен тилмеленген.
Line 16 ⟶ 17:
 
Булардан тышкары, Тынч океандагы ээн атоллдордо АКШ, Франция, Улуу Британия мамлекеттери ядролук сыноолорду жүргүзүп келет. Т. о-дын жээгинде 50гө жакын мамлекеттер жана ээликтер орун алган. Анда АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын ири өнөр жай борборлору жайгашкан; Австралия менен Жады Зеландиянын экономикасынын негизин түзүүчү маанилүү булак болуп саналат. Туризм өнүккөн. Бул океанды «Тынч океан» деп 1520-ж., Оттуу Жер а-нан Филиппин а-на чейин (3 ай 20 күндө), аба ырайы тынч болуп турган маалда сүзүп өткөн Ф. Магеллан атаган. 18-кылымдын орто ченинде француз географы Бюаша «Улуу океан» деп атоону сунуштап, бирок ал көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон эмес.
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
[[CategoryКатегория:Океандар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тынч_океан" булагынан алынды