Кененсариев, Ташмамбет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with ''''Кененсариев Ташмамбет''' (Ташын Кененсариев; 1949) – кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору (...'
(Айырма жок)

1 февраль 2010, саат 19:59 учурдагы нуска

Кененсариев Ташмамбет (Ташын Кененсариев; 1949) – кыргыз тарыхчысы, тарых илимдеринин доктору (1998), профессор (1999). 1949-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ош (азыркы Жалал-Абат) облусунун Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунун Кара-Суу кыштагында туулган. Кокон тарыхы боюнча адистердин бири. Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз Улуттук Университети, КУУ) Тарых факультетин (1978) аяктаган. КУУда окутуучу, ОшМУда окутуучу, доцент, профессор, ОшМУнун проректору жана башка кызматтарда иштеген.


Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министрлигинин Грамотасы (1999), «Билим берүүнүн Отличниги» төш белгиси (1999), «Борбордук Азия Элдик академиясынын академиги (2000), Улуу Британияда (Кембриж) жайгашкан Эл аралык биографиялык Борбор ыйгарган «2005-жылдын Эң мыкты педагогу» деген наамдын лауреаты (2005). Бир катар илимий монографиялар жарыялаган.