Суэц каналы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary |
м oups |
||
2-сап:
'''Суэц каналы''' - 173 км узундуктагы [[канал]] дүйнөдөгү эң маанилүү соода-сатык жана стратегиялык мүнөздөгү деңиз жолу болуп саналат.
Ал
1967-жылы Араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосунда болгон «6-октябрь согушунда» бул жердеги деңизге чөктүрүлгөн кемелердин таасиринен канал жабылып калган. Анан узак мезгилдер бою каналдын кайрадан ачылышы боюнча эл аралык аренада сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Себеби Европага Перс булуңу аркылуу нефть алып келүү бир топ кыйынчылыктарды жараткан жана нефтинин баасы арткан. Бул себептен улам Үмүт кысыгында үзгүлтүксүз түрдө 200-300 миң тонналык чоң танкерлердин жүрүп турушу талап кылынган. Өзгөчө Индия океанына согуш кемелерин жөнөтүү жана Вьетнамга Түштүк Блогундагылардан жардамдарды жеткирүү бир топ кыйынчылыктарды жараткан. 1966-жылы статистикалык маалыматтарга караганда канал жабылганга чейин ал аркылуу жылына 21250 кеме өтүп турган жана алардын 930у нефть танкерлери болгон (канал аркылуу Египеттин бюджетине миллиондогон долларлар кирип турган). 1956-жылы Батыш Европа жылына 140 млн. тонна нефть колдонгон болсо, 1973-жылы бул көрсөткүч 704 млн. тоннага жеткен жана чоң өлчөмдөгү нефть Перс булуңундагы [[мамлекет]]терден импорттолгон. Бул мисалдардан байкалгандай, Суэц каналы бир эле нефть ташуу боюнча ушунчалык маанилүү орунда болгон.
|