Ак-Терек-Каба, өрөөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Ак-Терек-Каба''', өрөөн<br><br> [[Түштүк Кыргызстанда]]. [[Кара-Үңкүр]] суусунун оң куймасынын өрөөнүн ээлейт. [[Бабаш-Ата]] кырка тоосунун түштүк этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 кмге созулуп жатат. Туурасы 3– 4 км. Деңиз деңгээлинин бийиктиги- 1600–1800 м.Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектоникалык кыймылдан жана эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 км өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы [[денудациялык]] түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска жана терең кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Т өмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орточо температурасы 20,1°С, январдыкы –2,6°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 901 мм.
 
Өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы — [[Актерек]]) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, итмурун ж. б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш жана жаңгак токою менен алмашат.
 
Жаңгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер жемиштер, ошондой эле долоно, акчечек, аккайың, четин, ыргай, шилби, итмурун, табылгы ж. б. өсөт. Өрөөндө [[Өзбек-Каба]], [[Кыргыз-Каба]], [[Жай- Терек]] кыштагы жана Кыргыз УИАнын Биология институтунун [[Ак-Терек]] байкоо жүргүзүүчү пункту бар.<br>
 
==Адабияттар==
* "Кыргызстан географиясы.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б.2004
{{no iwiki}}
 
[[Category:География]]
[[Категория:Кыргызстандын географиясы‎]]
[[Category:Жер]]
[[CategoryКатегория:Өрөөндөр]]
[[Category:Кыргызстан]]
[[CategoryКатегория:Тумар-2011]]
[[Category:Өрөөндөр]]
[[Category:Жаратылыш]]
[[Category:Тумар-2011]]