Ички Теңир-Тоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Ички Теңир-Тоо''' – түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, түштүгүнөн Какшаал тоо тизмеги, чыгышынан Сары-Жаз, Нарын дарыясынын суу бөлгүчү, батышынан Фергана тоо тизмеги менен чектелген кеңири аймак (провинция); татаал орографиялык түзүлүштө тизмектешкен кырка тоолор, тоо аралык узата созулган ойдуңдар, өрөөндөр менен алмашып жайгашат. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3100 м, аянты 50 миң км<sup>2</sup>ден ашык, анын 92%ке жакыны Нарын дарыясынын алабында жайгашкан. Рельефине бийик жана өтө тилмеленген ар түрдүү формалары бар кырка тоолор, татаал түзүлүштөгү тоо аралык ойдуңдар менен өрөөндөр мүнөздүү. Булардын көбү кеңдик жана ага жакын багытта созулуп жатат. Кырка тоолор 4000–4500 мге чейин көтөрүлүү менен айрым бөлүктөрүндө дого сымал ийилип, бири-бири менен туташып, жүздөгөн кмге созулат. Бул тоо системаларга түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, андан түштүгүрөөктө Тескей Ала-Тоонун батыш уландысы Үкөк, Карагатты, Баба-Ата тоолору, Жумгал, Суусамыр кырка тоолору, андан түштүгүрөөктө Жетим-Бел, Капка-Таш, Байдулу, Соңкөл, Кабак кырка тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түштүк-чыгыш айрыгына барып такалат. Алардан түштүктө Нарын дарыясынын оң жээгин бойлой Жетим-Тоо, Нура, Молдо-Тоо, Көк-Ирим тоо кыркалары чыгыштан батышка созулуп, батышта Фергана тоо тизмегине барып такалат. Андан түштүгүрөөктө Нарын-Тоо, Жаман-Даван, дагы түштүгүрөөктө Борколдой, Ат-Башы, Арпа тоолору чыгышта Ак-Шыйрак кырка тоосуна барып такалат. Эң түштүгүндө Какшаал тоо тизмеги аймактын түштүк чеги болуп, түштүк-батыш багытта 400 кмге созулат. Тоо аралык ойдуңдар менен өрөөндөр тоолорго караганда төмөнкү гипсометриялык деңгээлде (1000–3000 м) жатат. Алар бири-биринен обочо кырка тоолор менен бөлүнүп, формасы жана узун-туурасы ар түрдүү (узундугу 30–40 кмден 150–170 кмге чейин). Булардын эң ирилери Орто Нарын, Кочкор, Кетмен-Төбө, Суусамыр өрөөндөрү. Ички Теңир-Тоо аймагынын рельефине бийик тоолуу сырт мейкиндиктери (2800–3200 м) да мүнөздүү. Аларга байыркы денудациялык тегиздиктер бөксө тоолор, өрөөн менен чуңкурчактардын тамандары (Балгарт, Кара-Каман, Орто Сырт, Солтон-Сары, Соң-Көл, Суусамыр, Ак-Сай, Арпа сырттары) кирет. Сырттардагы басымдуулук кылган талаа (айрыкча бетегелүү талаа) менен субальп жана альп шалбаалуу талаалар жайыт катары пайдаланылат.
 
Аймак геологиялык түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча тектоникалык эки облуска Түндүк Теңир-Тоого (Түндүк бөлүгү төмөнкү палеозойдо каледон тектоникалык циклинде калыптанган) жана Ортоңку Теңир-Тоого (түштүк бөлүгү палеозойдун аягында герцин тектоникалык циклинин натыйжасында калыптанган) кирет. Түндүк Теңир-Тоонун тоолору негизинен палеозойдон мурунку жана төмөнкү палеозойлук кыйла метаморфизмделген тоо тектерден турат. Ортоңку Теңир-Тоонун тоолору негизинен ортоңку палеозойдогу деңиз чөгүндүлөрүнөн, ал эми аймактын өрөөндөрү палеоген-неогендин начар камдашкан континенттик, континенттик-деңиздик (туз-гипстүү формациялары менен) калың (3000–4500 м) катмарынан жана төртүнчүлүк мезгилдин түрдүү генезистик типтеги борпоң тектеринен турат. Палеоген-неогендин жана төртүнчүлүк мезгилдин тоо тектери тоо этегиндеги адырлардын өтө тилмеленген чаптуу рельефин түзөт. Андай адырлуу-чаптуу рельеф Ички Теңир-Тоодогу тоо аралык ойдуңдардын чет-жакаларына өтө мүнөздүү.
 
==Климаты==
Климаты жалпысынан континенттик жана кескин континенттик; кургакчыл, жылуулук менен нымдын таралышында чоң айырмачылыктар бар. Суук мезгили бир кыйла узак болот. 1500 мден 2200 мге (2300 м) чейинки бийикте жайгашкан тоолуу өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу (июлдун орточо температурасы 19–16°С), активдүү температуралык мезгилдин (10°Сден жогору) узактыгы 130–167 күн. Мында жаздык эгин, жашылча, тоют өсүмдүктөрүн, картөшкө жана мөмө-жемиштин суукка чыдамдуу сортторун өстүрүүгө болот. Бирок жылуу жерде өсүүчү өсүмдүктөр үчүн жаздын аягында жана күзгө жуук болуучу үшүк өтө коркунучтуу. 2200 мден жогору жаткан өрөөндөрдүн жайы мелүүн жылуу же салкын, жылуулук ресурстары дыйканчылык үчүн жетишсиз. Төмөнкү гипсометриялык абалды ээлеген Кетмен-Төбө (800–1800 м) жана Тогуз-Торо (1200–1800 м) ойдуңдарынын жылуулук шарттары өтө ыңгайлуу. Мында июлдун орточо температурасы 21–22°С, активдүү температуралык мезгили 150–190 күн. Бул мезгилде жылуу жерде өсүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү бышып жетилет. Тоо өрөөндөрү менен бийик ойдуңдарда кышы суук (январдын орточо температурасы –10°Сге чейин) жана узак, кышкысын дайыма жука кар жатат (Кочкор, Кара-Кужур ойдуңдарынан башкасында). Тоо капталдары менен сырт өрөөндөрүндө жайы салкын (105°С), кышы ызгаардуу. Ички Теңир-Тоонун түндүгүндөгү (Кочкор, Жумгал) жана түштүгүндөгү (Орто Нарын, Ат-Башы) өрөөндөрдө жаан-чачын аз (200–300 мм) түшөт. Калган жерлерде жаан-чачын батыштан чыгышка карай 400–500 ммден 300–400 ммге чейин азаят. Тоолордун батышты караган капталдарына да 400–500 мм жаан-чачын түшөт; көбү жылдын жылуу мезгилине туура келет.
 
==Табияты==
Региондун суу ресурстары өтө тармактанып, дээрлик Нарын дарыясынын алабына кирет (Жогорку Чүй менен Ак-Сайдан башкасы). Анын системасына тоо тибиндеги ар кандай өлчөмдөгү жүздөгөн агын суулар тиешелүү. Негизинен мөңгү-кар сууларынан куралат. Дарыяларда суунун молдуулугу бирдей эмес. Агын сууларынын модулу 2,0дөн 16,0 л/сек-км<sup>2</sup>ге чейин. Нарын дарыясынын орточо чыгымы (Нарын ш. тушта) 90 м<sup>3</sup>/сек, КетменТөбө өрөөнүнөн чыга бериште 382 м<sup>3</sup>/сек. Агын суулары энергияга өтө бай. Дарыя агымын жөнгө салуу жана ирригация менен энергетикада пайдаланууну жакшыртуу максатында Нарын дарыясына сыйымдуулугу 19,5 млрд м<sup>3</sup> болгон Токтогул суу сактагычы курулган. Нарын дарыясынын алабында 18 ири ГЭС куруу долбоорлонуп, алардын төртөө ишке киргизилген (2010).
 
Ички Теңир-Тоонун ландшафты ар түрдүү келип, бийиктик алкактуулукка ылайык өзгөрөт. Жапыз жана орто бийиктиктерде жайгашкан ойдуңдарда жана өрөөндөрдө (1200–2500 м) ачык күрөң топурактуу чөл жана жарым чөл басымдуу. Каптал өйдө (1800–2200 м) кургак талаа тилкеси бетегелүү талаа, шалбаалуу талаа, түркүн чөптүү субальп жана альп шалбаалары менен алмашылат. Алар орто бийик жана бийик тоолордо басымдуу. Токой-шалбаалуу алкагы Ички Теңир-Тоонун аймагында бирдей таралган эмес, тоолордо токой аз (2,7%). Теңир-Тоо карагайлуу токою тоолордун Түндүк жана батыш капталдарында, жаан-чачын мол жааган кырка тоолордо 1800 мден 3000 мге чейинки бийиктеги кырка тоолордо кездешет. Региондун эң батышындагы (Ат-Ойнок, Узун-Акмат тоолору, Суусамыр кырка тоосунун түштүк капталы) токой шалбаалуу талаа алкагы (теңир-тоо карагайы, семёнов көк карагайы, арча, жаңгак, алма ж. б.) Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун ландшафтына окшош. Бадалдар менен түркстан жапалак арчасы кеңири таралган. Кыргызстандагы жапалак арча өскөн аянттын теңинен көбү Ички ТеңирТоонун бийик тоолоруна (3000 мден жогору) туура келет. Бийик тоолордо аска, корум, эшилмелер, кар мөңгүлүү тепши сымал өрөөн менен төр ж. б. гляциалдык рельефтин формалары кыйла аянтты ээлейт. Кар чегинен төмөнкү катаал климаттык шарттарда альп көк өтөктөрү, сулу бетеге-эңилчектүү жана доңуз сырты-мамык чөп эңилчектүү тундра участкалары, суукка байымдуу жаздык сымал өсүмдүктөр өскөн субнивалдык тилке кездешет.
 
Табигый ресурстардын ичинен жайыттын мааниси чоң. Анын базасында кой (мал чарбасынын негизги тармагы), уй жана жылкы чарбалары өнүккөн. Суу ресурстары жана кен байлыктары (күрөң көмүр, темир рудасы, химиялык сырьё ж. б.) толук өздөштүрүлө элек. Провинция 6 физикалык-географиялык округга бөлүнөт: Суусамыр, Кетмен-Төбө, Кочкор Жумгал, Соң-Көл Кичи Нарын, Орто Нарын жана Ат-Башы Кара-Коюн.
 
[[Категория: География]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория: ГеографияТоолор‎]]