Амазонка: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
м +link
1-сап:
[[Файл:Amazonrivermap.svg|thumb|Амазонка.]]
'''Амазонка''' - (индейлердин тилинде амазуну «чоң толкун») - [[Түштүк Америка|Түштүк Америкадагы]] [[дарыя]]. Суусунун молдугу жана алабынын чоңдугу боюнча дүйнөдө 1-орунда. Мараньон жана Укаяли дарыясынын кошулушунан түзүлөт. Узундугу Мараньондун башталышынан 6400 км, Укаялинин башталышынан 7000 кмден ашуун. Алабынын аянты 7180 миң км<sup>2 </sup>(башка маалыматтар боюнча 6915 миң км<sup>2</sup>). Алабынын көп бөлүгү [[Бразилия|Бразилияда]], түштүк-батыш жана батыш бөлүгү [[Боливия]], [[Перу]], [[Эквадор]], [[Колумбия|Колумбияда]]. Көп бөлүгү Амазонка ойдуңу аркылуу субкеңдик багытта агып (экваторго жакын жерде), Атлантика океанына куярда дүйнөдөгү эң чоң ички дельтаны (100 миң км<sup>2</sup>ден ашык) пайда кылат. Куймалары көп. Алардын 20сынын ар биринин узундугу 1500 кмден ашуун. Эң чоң куймалары: Журуа, Пурус, Мадейра, Тапажос, Шингу, Токантинс (оң), Иса, Жапура, Риу-Негру (сол). Орточо чыгымы төмөнкү агымында 220 миң м<sup>3</sup>/секдай, орто эсеп менен жылына 7000 км<sup>3</sup> суу агып өтөт (Жершарындагы бардык дарыялардын жалпы агымынын 15%). 1 млрд одай шиленди-агынды алып келет. Деңиз ташкыны дарыя боюнча 1400 кмге чейин жетет. Амазонка куймалары менен бирге жалпы узундугу 25 миң кмге жеткен ички суу жол системасын түзөт. А-да 4300 кмге, башкача айтканда Анд тоолоруна чейин кеме жүрөт. Манауска океан кемелери жетет. Балык кармалат. Амазонка гидроэнергияга бай (280 млн кВт), бирок ал өтө аз пайдаланылат. Негизги порттору: Белен (Пара), Сантарен, Обидус, Манаус (Бразилия), Икитос (Перу).
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Амазонка" булагынан алынды