Рене Декарт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
22-сап:
[[Фрэнсис Бэкон|Бэкон]] үчүн алгачкы аныктык (исходная достоверность) дегенибиз сезимдик таанымга, тажрыйбага таянуу дегенди билдирсе, рационалист Декарт буга канаттанбайт, анткени ал сезим алдап кетиши мүмкүн экенин жана ага таянууга эч мүмкүн эместигин түшүнөт. Ал ошондой эле, авторитеттерге ишенүүгө болбойт деп эсептеген, анткени авторитеттердин аныктыгы кайдан келип пайда болот деген суроо келип чыгат. Декартка эч кандай шек туудурбай турган негиздер керек. Эгерде, деп жазат ал, бардык шек туудурган нерселерди жалган деп ыргытып сала турган болсок, анда Кудай, асман, тело да жок деп болжоого болор эле, бирок биз ой жүгүртүп турабыз, демек бизди жок деп айтууга болбойт, ой жүгүртө алгандарды жашабайт, жок деп айтуу натуура. «Мен ойлоймун, демек жашап турамын» деген сөздөр менен ырастала турган факт туура философиялык ой жүгүртө алгандар үчүн эң анык факт болуп саналат.
== Декарттын « Соgitoсу» ==
[[File:Principia philosophiae.tif|thumb|''Principia philosophiae'', 1685]]
баарынан мурда математиканын, табият таануу илиминин өнүгүшү менен тыкыс байланыштуу. Декарт арифметика менен геометрия гана анык жана шексиз нерселерди өзүндө камтып турат деп жазат. Түштө да, өңдө да, дейт Декарт, эки кошуу үч — бешке барабар, ал эми тик бурчтукта төрт гана жак болот. Мындай анык акыйкаттардан шектенүү дегеле мүмкүн эмес.<br />
Декарттын « Соgitoсу» — ойлоочу субстанция, муну биз түздөн түз кабыл алабыз, ал эми башка субстанция, атап айтканда, материалдык субстанция башка нерселердин жардамы аркылуу ачылып көрүнөт. Мына ошентип, ойлоочу субстанция дегенибиз бул ойлом, ал эми материалдык субстанция — бул тело, ал акциденцияга — формага, абалга жана турган жеринде кыймылга ээ болуп турат ж.б. Ойлоочу субстанция — аралык, ченге (протяженность) ээ эмес жана ал бөлүнбөйт, материалдык, же тело субстанциясы, тескерисинче, аралык, ченге ээ, ал өзүнчө бөлүктөргө бөлүнөт.<br />
Декарт үчүн ойлом метафизиканын иликтеп-үйрөнүүчү предмети, ал эми материя — физика иликтеп-үйрөнүүчү предмет. Материя — чексиз бөлүктөргө бөлүнүүчү субстанция. Ошол эле убакта Декарт
атомдорду тааныган эмес, ал үчүн боштук (пустота) да болгон эмес.<br />
 
== Дуализм ==
Декарт өзүнүн окуусу менен эки субстанцияны: ойлом менен материяны карама-каршы койгон дуализмдин негизин салган. Ал материя жана ойлом бири-бирине көз каранды эмес экенин моюнга алат. Субстанция өзүнүн жашап турушу үчүн эч нерсеге муктаж болбогон нерсе, ал өзүнө өзү гана муктаж. Ушундан улам Декарт Кудай — кынтыксыз, өркүндөгөн субстанция болуп саналат деген корутундуга келет. Декарт үчүн Кудай таанымдын акыйкаттыгынын кепили гана. Декарттын ою боюнча, Кудай адамды алдабайт, ал эми турмушта болсо мындайлар көп учурайт.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Рене_Декарт" булагынан алынды