Тит Лукреций Кар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+img
1-сап:
'''Тит Лукреций Кар''' (Х.Т.ч. 99—55-ж.ченде) — байыркы рим философу, өзүнүн [[Латын тили|латын тилинде]] жазылган «Нерселердин табияты жөнүндө» деген философиялык поэмасы менен атагы чыккан. Анын өмүрү жөнүндө эч нерсе белгисиз.<br />
==Чыгармалары==
[[File:T. Lucretii Cari De rerum natura.tif|thumb|''De rerum natura'', 1570]]
«Нерселердин табияты жөнүндөгү» чыгарма мазмуну боюнча эпикуреизмдин толук энциклопедиясы болуп саналат. Ал гана эмес поэмада бүткүл антик атомистикасынын толук сүрөтү берилет. Баяндоонун көркөмдүк формасы Лукрецийдин бардык философиялык жоболоруна кошумча аргументацияларды берет. Адамга философия зарыл керек, ал ага бейпилдикте жашоого негиз берет дегенге таянат Лукреций. Милдет адам бактысынын душмандарына — өлүм коркунучуна, кыямат кайымдагы жаза коркунучуна жана кудайлардан коркууга, алардын адамдын жашоо-турмушуна кийлигишүүсүнө каршы туруу.
Эгерде адам дүйнөдөгү өзүнүн чыныгы ордун, өзүнүн чыныгы жаратылышын билсе, бул коркунучтарга каршы турууга болот, бул үчүн билим, философия талап кылынат. Эгер адам өзүн курчап турган дүйнөнүн жана өзүнүн жаратылышынын сырын билсе коркунуч- тардан кутула алат. Бирок жаратылышты билүү — куру максат эмес, ал бейпилдикте жашоого жетишүү үчүн маанилүү деп эсептейт Лукреций. Жаратылышты изилдеп-үйрөнүү этика-бакыт жөнүндөгү окуу менен аяктоого тийиш.<br />