Жеймс Фенимор Купер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+
1-сап:
[[File:Excursion in Italy.tif|thumb|''Excursion in Italy'', 1838]]
'''Кепер Жеймс Фенимор''' (15. 9. 1789, Нью-Жерси штаты, Берлингтон — 14. 9. 1851, Нью-Йорк штаты, Куперстаун) — америкалык жазуучу, 19-кылымдагы америка адабиятынын классиги. 1803—05-жылы Йель коллежинде окуган. Агартуучул салттарды романтизм менен айкалыштырган («Сактык», 1820). Түндүк Американы каратуу убагындагы баатырдык жана трагедиялуу окуялар ж-дөгү романдар цикли (Мергенчи Натти Бумно жана анын досу индей Чингачкук жөнүндө бешилтик, анын ичинде «Пионерлер», 1823; «Могикандардын акыркысы», 1826) жана укмуштуу окуялуу «деңиз романдары» («Лоцман», 1823) дүйнөлүк балдар адабиятынын классикасы болуп калды. «Моникиндер» (1835) социалдык-саясий сатирасы, «Кратер» (1847) аттуу пессимисттик утопиясы, «Шпион» (1820), «Браво» (1831), «Гейденмауэр» (1832) тарыхыйлык, «Землемер» (1845) романдары бар. Айрым чыгармалары экрандаштырылган.
Чыгармалары: Собр. Соч.: В 9 т. М., 1991—1993.