Тамактануу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 26 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q6460735 (translate me)
...
1-сап:
[[Файл:Biografilm2008Mauro013.jpg|thumb|right|250px|Кафедеги түшкү тамак]]
'''Тамактануу''' — организмдин тиричиликти, ден соолукту, ишке жөндөмдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон азык заттарды сиңирүү процесси...
== Туура тамактануу ==
Туура тамактанган адам ооруга аз чалдыгат жана тез сакаят. Ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана башкалар дарылоо максатында атайын тамактануу режими жана рацион түзүлөт ([[Мүнөздөп тамактануу]]). Тамактануу организмдин ар тараптан өсүшүн жана иреттүү иштөөсүн камсыз кылууга тийиш. Ал үчүн тамак рациону, өлчөмү жана сапаты адамдын адистигине, жашына, жынысына ылайык талап кылынат. Организмдин физиологиялык талабы бир катар шартка байланыштуу. Организм тамак-аш аркылуу тиричилик аракетине зарыл болгон белокторду, майларды, углеводдорду, ошондой эле биологиялык активдүү заттарды — витаминдерди жана минерал туздарды (к. Минерал заттар) алат. Бул же тигил тамак азыгын сиңирүүдөн бөлүнүп чыккан энергиянын саны бул азыктын калориялуулугу деп аталат. Ар түрдүү тамак заттарын жана энергияны киши жынысына, жашына, иштеген ишине ылайык талап кылат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тамактануу" булагынан алынды