Антрацит: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Chaoborus moved page Антpaцит to Антрацит: cyrillic script
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Ibbenbueren Anthracite.JPG|thumb|Антрацит.]]
'''Антрацит''' (грекче anthrakitis - көмүрдүн бир түрү) - жогорку даражада метаморфизмделген гумустуу таш көмүр. Тыгыз, жалтырак, өңү бозомтук кара. Электр тогун жакшы өткөзөт. Күйгөн кезде 8100-8350 ккал/кг жылуулук чыгарат. Курамында 93,5-97% [[көмүртек]] бар, андан көп болсо суперантрацит деп аталат. Жаратылышта антpaцит ар кандай калыңдыктагы (40 мге чейин ) катмар түрүндө, девондон тартып юрага чейинки бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Көмүрдүн дүйнөлүк запасынын 3%на жакынын антpaцит түзөт. Aнтpaциттин кени Кыргызстанда Өзгөн бассейининде бар. Aнтpaцит негизинен жогорку сапаттуу энергетикалык отун катары, айрым сорттору домна процесстеринде, чоюн эритүү иштеринде колдонулат.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—19967—14—046—1
 
[[Категория:Кен байлыктар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Антрацит" булагынан алынды