Конго Демократиялык Республикасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
copy from [[https://ky.wikipedia.org/w/index.php?title=%D0%9A%D0%BE%D0%BD%D0%B3%D0%BE_%D0%94%D0%B5%D0%BC%D0%BE%D0%BA%D1%80%D0%B0%D1%82%D0%B8%D1%8F%D0%BB%D1%8B%D0%BA_%D0%A0%D0%B5%D1%81%D0%BF%D1%83%D0%B1%D0%BB%D0%B8%D0%BA%D0%B0%D1%81%D1%8B_(%D0%9A%D0%94%D0%
Flag of the Democratic Republic of the Congo.svg + links
1-сап:
[[Файл:Democratic Republic of the Congo (orthographic projection).svg|thumb|КДР.]]
[[Файл:Flag of the Democratic Republic of the Congo.svg|thumb]]
'''Конго Демократиялык Республикасы''' ('''КДР''') – [[Борбордук Африка|Борбордук Африкадагы]] мамлекет. Батышында [[Атлантика океаны|Атлантика океанына]] чыгат. Түндүгүндө Борбордук Африка Республикасы жана Судан, чыгышында Уганда, Руанда, Бурунди жана Танзания, түштүгүндө Замбия, Ангола, батышында Конго Республикасы менен чектешет. Аянты 23,448 миң км<sup>2</sup> (Африкада чоңдугу боюнча Судан, Алжирден кийинки 3-өлкө). Калкы 64,1 млн (2008). Борбору – Киншаса. Расмий тили – француз тили; улуттук тилдери – киконго (конго), лингала, суахили, чилуба (луба). Акча бирдиги – конго франкы. Административдик-аймактык жактан 11 провинцияга бөлүнөт.
 
Конго – Бириккен Улуттар Уюмунун (1960), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму), Эл аралык Валюта фондунуну (1963), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1997) мүчөсү.
Line 20 ⟶ 21:
 
Коммерциялык жыгач даярдоодон жана айыл чарба жерин кеңейтүүдөн өлкө нүн токой аянты 0,4%ке чейин кичирейген. Конгонун ортонку агымындагы жетүүгө татаал саздуу токой антропогендик таасирге анча дуушарланган эмес; ал эми Конгонун чыгышындагы тоо токою (анда калк жыш отурукташкандыктан) көп өзгөрүүгө дуушар болгон. Биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы браконьердикке, ошондой эле өлкөдөгү куралдуу кагылышуу кырдаалына байланыштуу. Татаал өсүмдүктөрдүн 55, сүт эмүүчүлөрдүн 40, куштардын 28 түрү жоголуу алдында турат. Өлкөнүн жээк аймактарында нефть менен булгануу байкалат. Конгодо жалпы аянты 8,3%ке жеткен 83 аймак коргоого алынган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вирунга (1979-ж. уюшулган), Кахузи-Биега (1980), Гарамба (1980), Салонга (1984) улуттук парктары, Окапи улуттук резерваты (1996) кирген. Эл аралык маанидеги коргоого алынган суу-саз мейкиндиги 866 миң га жерди ээлейт; анда куштар уя салып, кыштайт.
 
==Калкы==
Конгонун калкынын көбү (85%и) бантулар (луба, конго, нгала, монго теке, яка ж. б.); түндүгүндө жана чыгышта убанги (7%), түндүк-чыгышында нилсахара (10,1%и) тилдеринде сүйлөгөн элдер жашайт. Калктын табигый өсүүсү 3,1%. Төрөлүү (1000 адамга 43 бала) өлүм-житимден (11,9%) үч эсе ашык. Өлкөдө жаш курактагылар басымдуулук кылат; орточо курагы 16,3 жыл. Курактык курамында өспүрүмдөрдүн (15 жашка чейинкилердин) үлүшү 47,1%, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 50,4%, 65тен ашкандар 2,5% (2008). Калктын өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 54 жыл (эркектердики 52,2, аялдардыкы 55,8 жыл (2008).
Line 26 ⟶ 28:
 
==Тарыхы==
Касаи, Луалаба, Луапула дарыясынын жогорку агымында табылган таш куралдар Конго аймагында эрте палеолит жана Ашель доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Ортонку таш доорунда тумбий маданияты (Санго маднын бир түрү; 55–45 миң жыл мурда), Лупембе маданияты (30–15 миң жыл мурда), соңку таш доорунда читоль маданияты (15–3 миң жыл мурда) Киншаса шаарынын чет жакаларында жана Бена-Читоле платосунда өнүккөн. Катанга провинциясында табылган металлды кайра иштетүү очогу (метеорит темири; б. з. ч. 5-кылымдын ортосу) Африкадагы кара металлургиянын байыркы борборлорунун бири деп божомолдонот. Конгонун байыркы калкы пигмейлер, сан (бушмендер) жана кой-коин (готтентоттор) болгон. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында бантулар аларды токойлуу райондорго сүргөн. 9-кылымдын башында Катанга провинциясынын түндүгүндө Кисале маданиятына таандык алгачкы саясий түзүлүштөр пайда болгон. 13–16-кылымдарда Конго аймагында Конго, Матамба, Нгойо, Куба, Луба, Лунда, Касонго мамлекеттик бирикмелери (кээде империялар жана королдуктар деп да аталат) түзүлгөн. 1480-жылдары Д. Кан жетектеген португалдар Конгого келе баштап, 16-кылымда Конго дарыясынын сол жээги португалдардын кул сатуучу аймагына айланган. Жергиликтүү калк бир нече жолу португалдарга каршылык көрсөтүшкөн. Конгодо күчтүү башкаруучунун бийлиги астында бирдиктүү мамлекетти калыбына келтирүүнү көздөгөн, европалыктарга каршы кыймыл (1703) пайда болуп, 1706-ж. куралдуу көтөрүлүшкө айланган. 1709-жылдын башында конголук ак-сөөктөр көтөрүлүштү басышкан. Кул сатуунун өнүгүшү, ич-ара согуш, децентрализация региондогу мамлекеттин кулашына алып келген. 19-кылымдын аягында Конго аймагы европалык мамлекеттердин атаандашуу объектисине айланган. 1876-ж. Бельгия королу Леопольд IIнин жетекчилиги менен Эл аралык африкалык ассоциация (1880-ж. Эл аралык Конго ассоциациясы деп аталган), 1878-ж. «Жогорку Конгону изилдөө боюнча комитет» бельгиялык компаниясы түзүлгөн. Королдук эмиссарлар жергиликтүү уруу башчылар менен келишим түзүп, анын негизинде король Леопольд II Конго дарыясынын сол жээгин көзөмөлгө алган. 1884–85-жылдары Берлин конференциясы Леопольд II ни «Көз карандысыз Конго мамлекетинин» (ККМ) башкаруучусу деп тааныган. ККМнин негизги экспорттук тармагы каучук болгондуктан, Леопольд II өлкөнүн жалпы аянтынын 50%ин жеке компанияларга берип, каучук иштетүүгө монополия түзүп, жергиликтүү калктан каучук түрүндө салык алган. 1890-жылы темир жолу курула баштаган. 1888-ж. ККМда «Форс пюблик» колониялык армия уюшулуп, 1894-ж. аскердик кызмат өтөө киргизилген.

[[Файл:Anefo 910-9738 De Congolese.jpg|thumb|[[Патрис Лумумба]] (1960).]]

20-кылымдын башында Леопольд IIнин режимине каршы күрөш башталып, 1908-ж. 15-ноябрда Леопольд II ККМны Бельгия колониясындагы – Бельгиялык Конго (БК) деп өзгөртүү жөнүндө декретке кол коюуга мажбур болгон. 1-дүйнөлүк согуш жылдарында БКнын колониялык аскерлери британиялык жана француздук союздаштар менен бирге Танганьика көлү, Камерун, Руанда-Урунди аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкан. БКда европалык ири компаниялардын кен казып алуу иштеринин натыйжасында тоо-кен иштетүү өнөр-жай, транспорт системасы, энергетика өнүгүп, Катанга, Киву провинцияларында жана Леопольдвиль (азыркы Киншаса) шаарында ири өнөр-жай борборлору пайда болгон. 1920–50-жылдары БКнын көз карандысыздыгын талап кылган улуттук-боштондук кыймыл күчөп, диний-саясий кыймылдар, секталар жана партиялар пайда болгон. 1959-ж. Леопольдвиль калкы антиколониялык көтөрүлүшкө чыккан. 1960-ж. Бельгия өкмөтү БКга көз карандысыздыкты берүү жөнүндө билдирген. 1960-ж. 30-июнда көз карандысыз Конго Республикасынын (РК) түзүлүшү жарыяланган. Анын президенттигине Ж. Касавубу, премьер-министрлигине [[Патрис Лумумба|П. Лумумба]] шайланган. 1960-ж. 5-июлда П. Лумумбанын жүргүзгөн көз карандысыз саясатына каршы аскер төңкөрүшү уюшулуп, 5-сентябрда ал кызматтан кеткен. 1961-ж. августта С. Адула жетектеген РКнын жаңы өкмөтү түзүлгөн. 1962–63-жылдары Түштүк Касаи жана Катанга РКга кошулган. 1964-ж 1-августта өлкөнүн Конституциясы күчүнө кирип, федеративдүү мамлекеттик түзүлүш орногон. РК Конго Демократиялык Республикасы (КДР) деп аталган. 1965-ж. 24-ноябрда мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келген Конго улуттук армиясынын башкы штабынын начальниги С. С. Мобуту бардык саясий партия жана уюмдардын ишине (1967-ж. түзүлгөн «Элдик революция кыймылы» партиясына гана уруксат берген) тыюу салган. 1960–70жылдары «накта заирдик улутчулдук» расмий доктрина кабыл алынган. 1971-ж. 27-октябрда ДРК Заир Республикасысы (ЗР) деп аталган, бирок Мобуту өкмөтү өлкөнүн экономикасын өзгөртө алган жок. 1996-ж. ЗР өкмөтүнүн макулдугу менен куралдуу руанд хуту отряды өлкөнүн чыгыш райондорун басып алып, жергиликтүү тутси урууларын (баньямуленге) кырышы жарандык согушка (1996–97-жылдары 1-Конго согушу) алып келген. Л. Д. Кабила жетектеген Конго-Заир боштондугу үчүн альянс демократиялык күчү (КЗБАДК) Мобуту өкмөтүнө каршы чыккан. Көтөрүлүшчүлөргө тутсилер кошулган. 1997-ж. майда КЗБАДК отрядынын Киншасага кириши менен Мобуту бийликтен кеткен. Бийлик Кабилага өтүп, өлкөгө Конго Демократиялык Республикасы (КДР) деген ат кайтарылган. Жаңы президенттин саясаты жаңы жарандык согуштун чыгышына (1998–2002-жылдары 2-Конго согушу) алып келген, ага коңшу мамлекеттер кошулган. 1999-ж. июлда Лусака (Замбия) шаарында согушту токтотуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн 1999-ж. 30-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) коопсуздук кеңеши КДРге БУУнун миссиясын уюштурган. 2001-жылдын башында Л. Д. Кабила өлтүрүлүп, өлкөнүн президенттигине анын уулу Ж. Кабила шайланган. 2002-ж. июлда Претория (ТАР) шаарында КДР менен Руанда, сентябрда Луанда (Кения) шаарында КДР менен Уганданын ортосунда тынчтык келишим түзүлгөн. 2003-ж. 2-апрелде КДР өкмөтү, саясий партиялар жана оппозициялык куралдуу топтордун ортосунда Конгодогу кризисти жөнгө салуу саясаты жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 2004-ж. Конгодо көп партиялуу система киргизилген, 2005-ж. декабрда КДР конституциясы кабыл алынган. 2006-ж. президенттик шайлоодо Ж. Кабила жеңишке жеткен.
 
==Чарбасы==