Экваториалдык Гвинея: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Location Equatorial Guinea AU Africa.svg + Flag of Equatorial Guinea.svg
1-сап:
[[Файл:Location Equatorial Guinea AU Africa.svg|thumb|Экваториалдык Гвинея.]]
[[Файл:Flag of Equatorial Guinea.svg|thumb]]
'''Экваториалдык Гвинея''', Экватордук Гвинея Республикасы (Republica de Guinea Ecuatorial) - Экватордук [[Африка|Африкадагы]] [[мамлекет]].
Камерун жана [[Габон]] өлкөлөрү менен чектешет. Гвинея булуңунун жээги жана ага жанаша жаткан аралдарды ээлейт. Аянты 28,1 миң км2. Калкы 704,0 миң (2013). Борбору - [[Малабо]] ш. Биоко а-нда жайгашкан. Акча бирдиги - Африка (КФА) франкы. Адм.-айм. жактан 7 провинцияга бөлүнөт.
Экватордук гвинея - БУУнун (1968), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1970), ИНТЕРПОЛдун (1980) ж. б-дын мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Экватордук гвинея - унитардык мамлекет. Конституциясы [[1991]]-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - Президенттик республика. Саясий режими - авторитардык-трайбалисттик. Мамлекет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - бир палаталуу парламент (Эл өкүлдөр палатасы). Аткаруу бийлигин премьер-миниетр башында турган өкмөт ишке ашырат. Экватордук гвинеяда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Демокр. партия, Социалдык демократия үчүн бирдиктүү партия.