Гималай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Категория:Азия
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Topografic map of Tibetan Plateau.png|thumb|Гималай.]]
[[Файл:Himalayas.jpg|thumb|Гималай.]]
[[Файл:Himalaya composite.jpg|thumb|Гималай.]]
'''Гималай''' - (санскрит тилинде «хималайя» кар турагы) – Жер шарындагы эң бийик тоо системасы. [[Тибет]] тайпак тоосу (түндүктө) менен Инд-Ганг түздүгүнүн (түштүгүндө) аралыгында, [[Индия]], [[Непал]], [[Кытай]], [[Пакистан]], [[Бутан|Бутандын]] аймагында. Узундугу 2400 кмден ашык, туурасы 350 кмге чейин. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 6000 м, эң бийик жери 8848 м Жомолунгма (Эверест) чокусу. Бийиктиги 8000 мден ашкан дагы 11 чоку бар. Борбордук Азиянын тоолуу чөлү менен Түштүк Азиянын тропиктик ландшафттарынын ортосундагы орографиялык, климаттык жана флоралык чек болуп эсептелет. Бирок, Гималайда Инд, Cатлеж, Карнали, Арун дарыясынын антецеденттик өтмө капчыгайлары болгондуктан, Инди океанынын алабын Борбордук Азия туюк облусунан бөлүп турган суу бөлгүч Гималай аркылуу эмес, анын түндүгүндөгү Кара-Корум, Трансгималай тоолору аркылуу өтөт. Гималай Инд-Ганг түздүгүнөн 3 баскыч болуп тик көтөрүлөт. Гималайдын 1-баскычы болгон Cивалик кырка тоосу көптөгөн дарыялардын терең капчыгайлары менен тилмеленген; деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 900–1200 м; жазылыгы батышында 120 км, чыгышында 5–10 кмге чейин кууштайт. Бул кырка тоо кийинки баскычтан тоо аралык айрым өрөөндөр дундар тизмеги (Кашмир ж. б.) менен бөлүнгөн. Дундарды мурда көлдөр ээлеп жаткан. Экинчи баскычын Кичи (Жапыз) Гималай түзөт; ал орточо бийиктиги 3000–4000 м, чокулары 6000 мге жеткен тоо массивдеринен жана кырка тоолордон (Пир-Панжал, Дхаоладхар, Махабхарат ж. б.) турат. Тоолору өтө тилмеленген, Түштүк капталдары тик, түндүгү салыштырмалуу жантайыңкы. Кийинки баскычтан тоо аралык тектоникалык ойдуңдар жана байыркы мөңгүлөрдөн пайда болгон чуңкурдуктар (Катманду, Сринагар ж. б.) аркылуу бөлүнөт. Үчүнчү баскычын Чоң (Бийик) Гималай же Башкы Гималай кырка тоосу түзөт; анын жазылыгы 50–90 км. Түндүк-батышта Нангапарбат массивинен (бийиктиги 8126 м) башталат, Чоң Гималайдын бул бөлүгү эң жазы (300 кмден ашык), чет жакалары бийик, алардын аралыгынан бийик тайпак тоолор (Деосаи, Рушпу ж. б.) орун алган. Сатлеж дарыясынын өрөөнүнөн түштүк-чыгышты карап Чоң Гималай мөңгүлүү өтө бийик тоо массивдерин, чокуларды пайда кылат. Тиста дарыясынан чыгышты карай Чоң Гималай кыйла жапыстайт.
 
28-сап:
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияТоолор]]
[[Категория:Азия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гималай" булагынан алынды