[[Файл:The Holy Mosque in Mecca.jpg|thumb|Меке (2006).]]
'''Меке''' – [[Аравия]] жарым аралындагы ([[Сауд Арабиясы|Сауд Аравиясынын]]) Хижаз өрөөнүндөгү шаар. Дүйнөлүк негизги диндердин бири – исламдын борбор шаары. Шаар Хижаз вилайетинин администрациясы башкаруу борбору. Шаардын негизделген жылы белгисиз. Анда [[ислам]] дининин негиздөөчүсү [[Мухаммед пайгамбар]] туулган. 7-кылымдан мусулмандардын ыйык шаары жана зыярат кылуучу (ажылыкка баруу) жери. Бул шаарда ыйык [[Кааба|Каабаны]] курчай курулган [[«Ыйык мечит»]] («Масжид ал-Харам») бар. Кыргызстандын да мусулман атуулдары Мекеге ажылыкка эркин барышып, [[зыярат]] кылып келишүүдө.
== Колдонулган адабият ==
* “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.<br />
* “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”<br />
* “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”<br />
* “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.<br />