"Канадалык арктика архипелагы" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м
(+ pictures)
 
== Климаты ==
[[Архипелаг|Архипелагдын]] басымдуу бөлүгүндө арктикалык, катаал, чыгышында деңиздик, батышында континенттик, Баффин Жери аралынын Түштүк бөлүгүндө субарктикалык. Январдын орточо температурасы түштүк-чыгышында –23<sup>О</sup>Сден түндүк-батышында –35<sup>О</sup>С (абсолюттук минимум –50<sup>О</sup>Сден төмөн). Аязсыз мезгил 1 – 4 айга чейин созулат, май айында абанын абанын температурасы кээде –30<sup>О</sup>Сге чейин төмөндөйт. Жайы өтө кыска, июлдун орточо температурасы түндүгүндө 4<sup>О</sup>Сден түштүгүндө 7<sup>О</sup>Сге чейин (эң жогорку температура 24<sup>О</sup>Сге жетет). Жылдык жаан чачыны түштүк-чыгышында 450–600 мм, батышында 200–250 ммге, түндүгүндө 100 ммге чейин. Бул аймактар жылдын көп мезгилинде Арктика антициклонунун таасиринде болот. Бардык жеринде көп жылдык тоң таралган. Түндүгү жана түндүк-чыгышы мөңгүлүү (жалпы аянты 154 миң км<sup>2</sup>), түндүгүндө шельф муздары кездешет; кысыктарын жылына 9–10 ай бою муз каптайт. Көп жылдык пак муздарынын чеги архипелагдын түндүк-батыш чети аркылуу өтөт. Түндүк-батыш деңиз жолу өтүүгө өтө татаал. Жайында чыгышындагы кысыктарда (Гудзон, Дейвис, Ланкастер), ошондой эле материк жээктериндеги булуң-кысыктарда муз салыштырмалуу аз болот. Түндүгүнө арктика чөлү, түштүгүнө мамык чөп-эңилчектүү жана мамык чөп-бадалчалуу тундра [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөрү]] мүнөздүү. [[Жаныбарлар|Жаныбарлардан]] Түндүк бугусу, ак аюу, ак түлкү, лемминг, тундра чили, эндемиктерден койбука (овцебык), жээк сууларында тюлень, кит, атлантика моржу мекендейт. Деңиз промысели, балык кармоо, аңчылык өнүккөн. Табияты коргоого алынган ири улуттук парктары: Сирмилик жана Ауюиттук (Баффин Жери аралында), Куттинирпаак (Элсмир аралында), Аулавик (Банкс аралында). Негизги калктуу пункттары: Фробишер-Бей (Баффин Жери аралында), Кембриж-Бей (Виктория аралында), Резольют (Корнуоллис аралында). Элсмир аралында дүйнөдө эң түндүктөгү (82,50 Түндүк кеңдикте, Түндүк уюлдан 834 км аралыкта) Алерт калктуу пункту орун алган. Девон – дүйнөдөгү эң чоң калк жашабаган (аянты 54 миң км<sup>2</sup>) арал.
 
==Колдонулган адабияттар==
25 681

edits