Атлас тоолору: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ AtlasRange.jpg + Atlas_mountains.jpg
 
1-сап:
[[Файл:AtlasRange.jpg|thumb|Атлас.]]
'''Атлас тоолору''' - [[Африка|Африканын]] түндүк-батышындагы тоо системасы. [[Марокко]], [[Алжир]] жана [[Тунис]] өлкөлөрүнүн аймагында. Узундугу 2000 кмдей. Эң бийик жери Марокконун аймагында - Тубкаль чокусу, 4165 м. Мында негизинен жарыш кырка тоолордон (Эр-Риф, Ортоңку Атлас, Бийик Атлас, Антиатлас), ички калдык платолордон (Бийик плато, Марокко Месетасы) ж-а денудациялык-аккумуляциялык түздүктөрдөн турат. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2000-2500 м. Бийик кырка тоолорго рельефтин альп формалары мүнөздүү. Алжирдин чыгышында Атлас тоолору кыйла ичкерип, жапыздайт; Тунистин аймагында жапыз тоо ж-а дөңсөөлөрдөн (Тунис Атласы) турат. Атлас тоолору альп-гималай кырчоосунун батыш бөлүгүндө соңку тектоникалык кыймылдын натыйжасында, негизинен палеогендин аягында ж-а неогенде пайда болгон; азыркы кезде да жер титирөөлөр болуп турат. Негизинен мергель, түрдүү чопо ж-а акиташ тоотектеринен турат; байыркы жанар тоо тектери кездешет. [[Темир]], [[Коргошун|коргошун]]-[[цинк]], [[кобальт]] (Бу-Аззер), фосфорит, [[нефть]] кендери бар.
 
[[Файл:Atlas mountains.jpg|thumb|Атлас.]]
Атлас тоолору субтропик алкагында жайгашкан, климаты жээктерде Жер ортолук деңиздик, калган бөлүгүндө жарым чөлдүү. Батыш ж-а түндүк капталдарында жаан-чачын арбын (1000-1800 мм) жаайт; көп бөлүгүнүн жаан-чачыны 400-600 мм, түштүк бөлүгүндө 300 мм ж-а андан да аз. Атлас тоолорунан Умм-эр-Рбия ж-а Шелиф дарыясы башталат. Топурак өсүмдүктөрүнө бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Түндүк ж-а түндүк-батыш капталдарында 800-1200 м бийиктикке чейин дайыма жашыл таш ж-а тыгын жалбырагы катуу дарактар, эмен, 1700 мге чейин дайыма жашыл, жайкысын жашыл жазы (эмен, ак чечек) ж-а ийне жалбырактуу аралаш токой, 2200 мге чейин ийне жалбырактуу (негизинен атлас кедри) токой мүнөздүү. Ички каксоо жерлеринде ж-а түштүгүндө бадал (спарта ж. б.) ж-а дан өсүмдүктөрү (шыбак, эрмен) өсөт. Атлас тоолорунун түндүк аймактарынын ландшафты адамдын чарбалык ишинин натыйжасында өтө өзгөргөн.
 
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:ГеографияТоолор‎]]
[[Категория:Африка]]