Барселона: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
+ Barcelona_collage.JPG
 
1-сап:
[[Файл:Barcelona collage.JPG|thumb|Барселона.]]
'''Барселона''' — [[Испания|Испаниянын]] түндүк-чыгышындагы шаар жана порт (порт аркылуу жылына 20 млн оор жүк ташылат). [[Жер ортолук деңиз|Жер ортолук деңиздин]] жээгинде. Бесос жана Льобрегат дарыясынын ортосунда жайгашкан. [[Каталония]] автономия облусунун жана Барселона провинциясынын администрация борбору. Калкынын саны боюнча өлкөдөгү Мадридден кийинки 2-шаар, өлкөнүн маанилүү экономика жана маданий борборлорунун бири. Калкы 1,5 млн (2005; агломерациясы менен 5 млн). Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Текстиль (өлкөдөгү ири), машина куруу (автомобиль, кеме, локомотив куруу, энергетика өнөр жайына жабдуу, станок, электр-техника, радиоэлектроника ж. б. өнөр жай ишканалары), химия, целлюлоза-кагаз, полиграфия, цемент, булгаары, тамак-аш ж. б. өнөржайлары бар. Улуттук жана чет өлкөлүк банктар иштейт. Эл аралык соода, өнөр жай ярмаркалары өтүүчү жай. 1992-ж. XXV Олимпиялык оюндар өткөн. 1888жана 1929-ж. бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болгон. Үч университет, музейлер (тарых, археология, геология, деңиз, асем өнөр ж. б.), опера жана балет театры; метрополитен бар. Б. з. ч. 3-кылымда негизделген. 10—13-кылымдын көп архитектура эстеликтери, анын ичинде Сан-Пабло дель Кампо чиркөөсү (10-кылым), готика стилиндеги собор (13-15-кылым), Санта-Мария дель Мар (14-кылым), Нуэстра Сеньора де Белен (барокко стилиндеги, 17-18кылым), Саграда Фамилия (19-20-кылым) чиркөөлөрү, Гуэль двореци (19-кылым), архитектор А. Гаудинин (19-кылымдын аягы 20-кылымдын башы) курулуштары сакталган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияШаарлар‎]]
[[Категория:Испания]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Барселона" булагынан алынды