Канал: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+img
м + links
1-сап:
{{маанилер|Каналдар}}
[[File:Canale artificiale 1607.jpg|thumb|''Novo teatro di machine et edificii'', 1607]]
[[File:Suez canal.jpg|thumb|[[Суэц каналы]].]]
'''Канал''' (латынча canalis – түтүк, ноо) гидротехникада – суу агуучу жасалма нук. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. Канал – сугат тармагынын негизги бөлүгү. Канал пайдаланышына жараша кеме жүрүүчү (жасалма суу жолу, мисалы, Суэц, Панама Каналдары), энергиялык (суу сактагычтарга, гидроэлектр станцияларына суу жеткирүүчү), сугат Каналы (ирригациялык), жер кургатуучу, суу өткөрүүчү Канал (Иртыш – Караганда Каналы), карагай агызуучу, балык өстүрүлүүчү жана комплекстүү Каналдар (Волга – Дон Каналы) болуп айырмаланат. Сугат Каналы магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч ж. б. сугат жерге суу жеткирет) Каналга, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы Каналдан суу алып районго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык Каналдан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убактылуу Каналдарга бөлүнөт. Дарыя, суу сактагыч ж. б. Каналга суу алынуучу жерге суу топтогуч курулат. Суу Каналга суу топтоочу курулма аркылуу өзү агып келет же насос станциясынын жардамы менен берилет. Каналдын туурасынан кесилиши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бетине жана таманына бетон же темирбетон, бурама темирбетон төшөлөт. Бир Каналдан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч жана башка менен жабдылат. Канал өтчү жер, Каналдын өлчөмү, анда курулуучу гидротехникалык курулмалар техникалык-экономикалык, гидравликалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат. Каналды пайдалануудагы негизги көрсөткүчтөр: суу өткөрүмдүүлүгү (Каналдагы суунун эң чоң чыгымы – Каналдын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, м<sup>3</sup>/сек) Кдын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгымына болгон катышы. Каналдагы технологиялык процесстер автоматтык башкаруу системасынын жардамы менен жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, бөөдө чыгымга учуратылбайт. Кыргызстандагы ири сугат каналдары – Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас каналы жана башка.
 
[[Категория:Курулуш]]
'''Канал''' (латынча canalis – түтүк, ноо) гидротехникада – суу агуучу жасалма нук. Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн айдоо аянтына суу жеткирет. Канал – сугат тармагынын негизги бөлүгү. Канал пайдаланышына жараша кеме жүрүүчү (жасалма суу жолу, мисалы, [[Суэц каналы|Суэц]], [[Панама каналы|Панама Каналдары]]), энергиялык (суу сактагычтарга, гидроэлектр станцияларына суу жеткирүүчү), сугат Каналы (ирригациялык), жер кургатуучу, суу өткөрүүчү Канал (Иртыш – Караганда Каналы), карагай агызуучу, балык өстүрүлүүчү жана комплекстүү Каналдар ([[Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы|Волга – Дон Каналы]]) болуп айырмаланат. Сугат Каналы магистралдуу (башкы) же суу жеткирүүчү (дарыя, суу сактагыч ж. б. сугат жерге суу жеткирет) Каналга, район аралык же чарба аралык суу бөлүштүрүүчү (башкы Каналдан суу алып районго же чарбага берет), чарбалык (район же чарба аралык Каналдан суу алып, чарбанын сугат жерине берет), сугаруу алдында салынуучу убактылуу Каналдарга бөлүнөт. Дарыя, суу сактагыч ж. б. Каналга суу алынуучу жерге суу топтогуч курулат. Суу Каналга суу топтоочу курулма аркылуу өзү агып келет же насос станциясынын жардамы менен берилет. Каналдын туурасынан кесилиши трапеция, тик бурчтуу, парабола түрүндө болуп, бетине жана таманына бетон же темирбетон, бурама темирбетон төшөлөт. Бир Каналдан экинчисине суу алынуучу жерге суу бөлүштүргүч курулуп, суу ченегич, жөнгө салгыч жана башка менен жабдылат. Канал өтчү жер, Каналдын өлчөмү, анда курулуучу гидротехникалык курулмалар техникалык-экономикалык, гидравликалык эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат. Каналды пайдалануудагы негизги көрсөткүчтөр: суу өткөрүмдүүлүгү (Каналдагы суунун эң чоң чыгымы – Каналдын туура кесилишинен агып өткөн суунун өлчөмү, м<sup>3</sup>/сек) Кдын аяк жагындагы суу чыгымынын анын башталышындагы чыгымына болгон катышы. Каналдагы технологиялык процесстер автоматтык башкаруу системасынын жардамы менен жөнгө салынат. Керектөөчүлөргө суу тийиштүү өлчөмдө бөлүштүрүлүп, бөөдө чыгымга учуратылбайт. Кыргызстандагы ири сугат каналдары – Батыш Чоң Чүй каналы, Чыгыш Чоң Чүй каналы, Чоң Нарын каналы, Чоң Талас каналы жана башка.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Курулуш]]
[[Категория:Агын суулар‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Канал" булагынан алынды