Дания: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
+ map |
||
1-сап:
[[Файл:
[[Файл:Flag of Denmark.svg|thumb|Дания.]]
'''Дания (Danmark), Дания Королдугу''' (Kongeriget Danmark) – Түндүк Европадагы мамлекет. Ютландия жарым аралында, Дан архипелагында (ири аралдары: Зеландия, Фюн, Лолланн, Фальстер, Лангеланн, Мён), Ошондой эле Борнхольм аралында, Түндүк Фриз аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан (анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына Фарер аралдары жана Гренландия да кирет. Батышынан Түндүк деңиз, түштүк-чыгышынан Балтика деңизи менен чулганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу [[Норвегия|Норвегиядан]], түндүк-чыгышынан Каттегат жана Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу [[Швеция|Швециядан]] бөлүнөт; түштүгүндө [[Германия]] менен (68 км аралыкта) чектешет. Аянты 43,1 миң км2 (Греландия менен Фарер аралын кошпогондо). Калкы 5,4 млн (2007). Борбору – [[Копенгаген]]. Расмий тили – дан тили. Акча бирдиги – дания кронасы. Дания административдик аймагы жактан 5 регионго бөлүнөт.
Дания БУУнун (1945), Европалык кеңештин (1949), Европа союзунун (1973), ЭВФтин (1946), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун (1973), НАТОнун мүчөсү.
== Мамлекеттик түзүлүшү ==
== Табияты ==
Калкынын 90%тен ашыгын дандар, 0,9%ин фарерликтер, 0,1%ин эскимос-гренландиялыктар түзөт. 8,5%ке жакыны иммигранттар жана алардын тукумдары (50%тен ашыгы Европа өлкөлөрүнөн тарагандар). Төрөлүүсү 1000 адамга 11,9 гана бала (1 аялга 1,8 бала) туура келген; өлүм-житим 1000 адамга 10,1 адам. Даниянын демография проблемасы – калктын картаюусу:калкынын орточо курагы 39,7 жаш (2006); кары курактагылар (65 жаштан өткөндөр) 15,2%, 15 жашка чейинки балдар 18,7%, эмгек жашындагылар (15–65 жаштагылар) 66,1%ти түзөт. Өмүрүнүн орточо узактыгы 77,8 жаш (эркектердики 75,5; аялдардыкы 80,2). Орто эсеп менен 100 аялга 98 эркек туура келет. Дания Түндүк Европадагы калкы эң жыш отурукташкан өлкө; орточо жыштыгы (126,2 адам/км2) батыштан чыгышты карай өсөт; Зеландия (240) жана Фюн (137 адам/км2) аралында калк өтө жыш отурукташкан. Шаар калкы 85,4% (2006). Ири шаарлары: Копенгаген [Чоң Копенгагендин чегинде 1094 миң (2007), Даниянын калкынын 20%тен ашыгы], Орхус (230,1 миң), Оденсе (146,6 миң), Ольборг (123,4 миң). Экономикасында алектенген 2710 миң калктын 75%и тейлөө чөйрөсүндө, 15,7%и өнөр жайда, 6,3%и курулушта, 3%и айыл чарбасында иштейт (2005). Динге ишенгендеринин 84–87%и лютерандар.
== Тарыхы ==
Чарбасы. Дания экономикасы туруктуу өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 188,1 млрд доллар; аны киши башына бөлүштүргөндө (24 600 доллар) дүйнөдө 7 Европа биримдигине (ЕБ) кирген өлкөлөрдүн ичинде 3-орунду ээлейт. ИДПнин 74,7%и тейлөө чөйрөсүнө, 22,4%и өнөр жайга жана курулушка, 2,9%и айыл, токой жана балык чарбаларына туура келет. Дания эл аралык экономика алакага активдүү катышат; ички рыногу чектелүү. Өнөр жайында илим сурамдуу атайын өндүрүштөрү (энергетикалык, фармацевтик, био- жана маалымат технологиясы жана башка) бар. Жогорку натыйжалуу айыл чаоба – өлкөнүн экономика секторунун жана экспортук негизги булактарынын бири. Дания – деңиз соода флотунун тоннажы боюнча дүйнөдө 12-орунду ээлеген балык уулоочу ири өлкө.▼
== Чарбасы ==
▲
Данияга социалдык камсыздоонун Европадагы эң алдыңкы системасы мүнөздүү:социалдык чыгымдар ИДПнин 31,3%ин түзөт (жылына киши башына 8223 евро туура келет; 2003). Инновациялык багыт экологияга шайкеш өнүгөт.
Данияда чакан жана орто ишканалар басымдуу. Өндүрүшүнүн кыйла бөлүгү (58%) экспорт үчүн продукция чыгарууга багытталып, негизинен химия (85% ке чейин; формацевтиканы кошкондо), машина куруу (75%тей), эмерек (63%тей), тамак-аш (55%тен ашыгы) жана жеңил (55 %тен ашыгы) өнөр жай продукцияларын чыгарат.
Түндүк деңизден нефть (2005-ж. 21,9 млн т ; чалгындалган запасы 268 млн т), табигый газ (9,2 млрд м3; запасы 132 млрд м3) казылып алынат. Энергия ресурстарын казып алуу ички керектөөдөн ашып кетет. Экспортко 14,9 млн м3 нефть (негизинен Швеция, Нидерланд, Финляндияга, Ошондой эле Франция, Германияга), 5,2 млрд м3 газ чыгарат. Көмүрдү негизинен ТАР, Колумбия, Россиядан (жылына 9 млн т) алат.
Электр станцияларынын аныкталган кубаттуулугу 10 миң МВт чамасында (2004). 38,4 млрд кВт.с электр энергиясын өндүрүп, 31,7 млрд кВт.с пайдаланат. Өндүрүштүн 83%и ЖЭСке, 17% башка булактарга таандык. Дания шамал энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Түндүк деңиздеги «Horns Rev» (жээктен 14–20 км) дүйнө дөгү эң ири шамал паркы бар, анын кубаттуулугу 160 мВт. Ошондой эле биоотундан, айыл чарба калдыктарынан, деңиз толкунунан, күн нурунан энергия алат.
Металлургия (металл иштетүү кошо) импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Машина куруу (электрондук буюмдар жана транспорт каражаттары кошо) өнөр жай продукциясынын 25%ин түзөт. Алар: деңиз кемелерин куруу, энергетика жана муздаткыч жабдуулары, электро-техника продукциялары, тамак-аш өнөр жай үчүн жабдуулар, медициналык приборлор жана аспаптар, телекоммуникация комплексинин тармактары. Сырткы заказ менен түрдүү типтеги жана тоннаждагы кемелер курулат. Кеме куруунун жана ремонттоонун борборлору – Копенгаген, Ольборг шаарлары.
Электр жабдууларын жана технологиясын, насос (жылына 10 млн), суу тазалоочу жана жылытуучу жабдууларды, кондиционер муздаткыч, шамал энергиясын өндүрүү үчүн жабдууларды жана технологияларды, медицина приборлорду жана материалдарды, угуучу аппараттарды, диагностика жабдууларын чыгарат.
Тамак-аш өнөр жай, айрыкча сүттү кайра иштетүү, Ошондой эле сыр, пиво, шире, балдар тамактарын жана башка продукцияларды чыгаруу үчүн жабдууларды (80%тен ашыгы экспорттолот) жана айыл чарбасы (электр сүт саагычын), эт жана балык иштетүү, лак, цемент даярдоо үчүн жабдууларды чыгаруу салтка айланган.
Электроникада зымсыз телекоммуникация, аудио- жана көрмөтехника, акустика системасы, телефондор, аскер техникасынын жогорку технология компоненттерин – радар системасын, аскер самолёттору менен вертолётторунун радиоэлектрондук коргонуу системаларын, космостук жабдууларды, аскер техникасы жана космостук ракеталар үчүн электрондук компоненттерди даярдоонун мааниси зор.
Химия өнөр жай күкүрт к-тасын (дүйнөлүк өндүрүштүн 25% тейи), пластмасса, өсүмдүк коргоочу каражаттарды, лак, сыр, дары-дармек (инсулин, антибиотик, витамин) жана башка даярдайт. Жыгач иштетүү, эмерек, текстиль, тигүү, булгаары өнөр жайлары бар. Дания модалуу кийим чыгаруу боюнча Скандинавия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда. Тамак-аш өнөр жай өнүккөн: азык-түлүк өндүрүү боюнча Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 5–6-, киши башына бөлүштүргөндө 1-орунда. Дания чочко этин (дүйнөлүк экспорттун 17%), сүт, бекон, ветчина, сыр, жууган май жана башка продуцияларын экспорттоо боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Дания пивосу менен да белгилүү (80ден ашык ишканасы бар).
Ургаалдуу өнүккөн жана жогорку продукттуулуктагы айыл чарба – өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун бири. Агрономия (негизинен мал чарбасы) өндүрүшүнүн продукциясынын көлөмү ички керектөөдөн үч эсе көп, анын 2/3 си сыртка сатылат. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизин үй-бүлөлүк ферма түзөт. Фермалардын орточо аянты 58 га. Чакан фермалар (30 гага че йин) жалпы чарбанын 49%ин (айд. жердин 12%), ири фермалар (50 га дан ашык) 37%ин түзөт (иштетилген жердин 79%). Жалпы чарбалардын 60% мал чарбасы, 40% өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенет. Агрономия секторунда фермерлер түзгөн 300гө жакын кооператив, коом, биримдик, ишканалар жана ассоциациялар иштейт. Кооперативдер продукция сатуу жана сатып алуу, айыл чарба техникасын ремонттоо жана башка иштерди жасайт. Бардык чарбачылык иштер механикалаштырылган жана автоматташтырылган; минералдык жер семирткичтерди пайдалануу жылдан жылга азайып, экологиялык таза технологияны колдонуу кеңейүүдө.
Агроөнөр жай комплексинин экспорту 9,6 млрд долларды түзөт (анын ичинде чочко эти 4,65 млрд, сүт продукталары 1,8 млрд, баалуу тери 0,67 млрд доллар; 2005). Негизги соода шериктери: [[Германия]], [[Улуу Британия]], [[Япония]], [[Швеция]], ошондой эле Чыгыш Европа өлкөлөрү.
Айыл чарбасынын башкы тармагы – мал чарбасы (агр. продукция наркынын 65,5%и). Чочкочулук жана сүт багытындагы уй асыроо өнүккөн. 2005-ж. 13,5 млн чочко болгон; чочко этин даярдоо боюнча дүйнөдө 5-орунда (2 млн кг; анын 1,6 млн кгнан ашыгы экспортко чыгарылат); пайдаланылган жана экспортко чыгарылган чочко этин киши башына бөлүштүргөндө Европа да 1-орунда. 2005-ж. 17,5 млн тоок асыралган. Дания – суу суусарынын терисин даярдоо жана аны экспорттоо боюнча (дүйнөлүк өндүрүштүн 40%) дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Мал чарбасы үчүн өстүрүлгөн тоют өсүмдүктөрүнүн аянты азык-түлүк өсүмдүктөрүнүкүнөн кыйла чоң. Айыл чарбага жарактуу жеринин (бардыгы 2645,3 миң га; өлкөнүн аймагынын 65%) 52,2%и дан (арпа, буудай, Ошондой эле сулуу, кара буу дай), 30,3% тоют жана 3,6% азык тамыр өсүмдүктөрүнө (картошка, кант жана тоют кызылчасы), 0,8% жашылча, мөмө-жемишке туура келет.
Балык негизинен (75%) Түндүк деңиздин жээгинен кармалат; дарыяларда, көлдөрдө жана аквафермаларда балык (жилингир, сом, курт балык жана башка.) көбөйтүлөт. Дания балык кармоо жана көбөйтүү боюнча дүйнөдө 3-орунда.
Өлкөнүн экономикасынын ири жана туруктуу өнүккөн сектору – тейлөө чөйрөсү. Маанилүү тармагы – финансы жана ишкердик жактан тейлөө. Дания калкты компьютер, Интернет жана тез байланыш менен камсыз кылуу боюнча дүйнөдөгү беш алдыңкы өлкөнүн ичине кирет. Ошондой эле ишкердик жактан тейлөө жана далдалчылык (инж., курулуш, транспорт, энергетика, компьютердик технология, Ошондой эле аудитордук, бухгалтердик, лизинг, маркентинг, реклама жана башка. жактан тейлөө) өнүккөн. Финансылык тейлөө секторунда банк-кредиттик мекемелердин мааниси зор (548 банк иштейт). Илими өнүккөн; азыркы технология, инновация кеңири пайдаланылат.
Дания – Борбор жана Түндүк Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык транспорт түйүнү; трансевропа жүктөрүнүн бир бөлүгүн тейлейт. Маанилүү аралдары тоннель-көпүрө курулмалары менен байланышат. Кичи жана Чоң Бельт кысыктарына салынган көпүрөлөр Ютландияны Фюн жана Зеландия аралдары менен туташтырат. Эресунн (Зунд) кысыгынын астынан өткөн автомобиль жана темир жолдору (жалпы уз. 15,8 км) Копенгагенди Мальме ш. (Швеция) менен байланыштырып, Скандинавия өлкөлөрүнөн Германияга жол ачат. Швеция, Новергия, Германия менен паром аркылуу да катташат. Сыртка ташылган жүктүн 75%ке жакыны деңиз, 17%тейи автомобиль, 8%ке жакыны темир жолуна туура келет. Автомобиль жолунун уз. 72 257 км, анын 1032 кми жогорку ылдамдыктагы автомагистраль (2005). Темир жолунун уз. 2644 км (анын /4ине жакыны электрлештирилген; 2005). Сырткы жүктөрдүн 75%ке жакыны, ички жүктөрдүн 1/5ге жакыны деңиз флоту менен ташылат. 118 порт жана терминал иштейт. 28 аэропорт бар; эл аралык ири аэропорттору: Каструп (Копенгагенде), Биллуни, Орхус, Оденсе.
Данияга дүйнөлүк экспорттун 1,1% жана импорттун 0,9% таандык. Экспортунда маанилүү орунду машина куруу (энергетика, тамак-аш өнөр жай, телекоммуникация жабдуулары жана башка), химия жана фармацевтика өнөр жай продукциялары ээлейт, азык-түлүк (эт жана сүт продуктулары, балык, дан) жана башка чыгарып, сырттан өнөр жай жабдууларын, автомобиль, компьютер техникасын, офис жабдууларын, өнөр жай үчүн сырьё жана чала фабрикат, химикат, малга тоют жана башка алат. Негизги соода шериктери:Германия (экс порттун 17,3%, импорттун 20,7%), Швеция (13,3 жана 13,7%), Улуу Британия (9 жана 6%), Ошондой эле, Нидерландия (5,2 жана 6,6%), Норвегия (5,3 жана 4,5%), АКШ (6,5 жана 2,8%) жана башка. Кытай менен соода-сатыгы тез темпте өнүгүүдө.
== Маданияты ==
Даниянын алгачкы адабий эстеликтери 12-кылымда латын тилинде пайда болгон. 16-кылымда улуттук тилдин өнүгүүсүнө Библияны дан тилине которгон (1550) К. Педерсон зор салым кошкон. 18-кылымда Данияда агартуучулук идеялар тарайт. Ошол доорго таандык көрүнүктүү философ, драматург, сатирик Л. Хольберг улуттук дания театрын негиздөөчү катары, Ошондой эле Й. Х. Вессель, Й. Эвальд сыяктуу акын жана драматургдардын реалисттик чыгармалары кеңири белгилүү. 19-кылымда адабий романтизмдин өкүлү А. Эленшлегердин чыгармалары адамдын мүмкүнчүлүктөрүнө карата ишеним менен оптимисттик маанайда жаралган. Дания романтизминин классикалык доорунун көрүнүктүү өкүлү – Х. К. Андерсен жомокту универсалдуу, көп түрлүү акын-жазуучулардын мазмундуу, философия жана диний-нравалык идеяларга жык толгон жанрга айланткан. С. Кьеркегор, Й. В. Йенсен, Х. К. Браннер, И. Кристенсен, П. Хойхольт жана башка чыгармаларында элдин турмушундагы түрдүү окуялар чагылдырылат. С. Бёдкер, Б. Реутердин балдар үчүн жазылган чыгармалары Данияда, Ошондой эле чет өлкөлөрдө кеңири белгилүү.
Аймактагы маданий эстеликтердин калдыгы биздин заманга чейин 8-миң жылдыкка таандык. 10–14-кылымда роман, готика стилинде чиркөө, сепил, аскердик-инженер курулуштар салынган. 16–17-кылымда шаар куруу өрчүгөн. 1754-ж. Копенгагенде Көркөм академиянын уюшулушу улуттук көркөм классицизмдин калыптанышына шарт түзгөн. Анын Б. Торвальдсен, Н. А. Абильгор, К. Ф. Харсдорф, К. Ф. Хансен сындуу өкүлдөрү кеңири белгилүү.
Сүрөт өнөрүнүн эстеликтери таш дооруна таандык. Алгачкы миниатюралар 11–12-к-да пайда болгон. Классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү (Б. Торвальдсен, Е. Юль жана башка) чыгармаларын барокко, рококконун таасиринде жараткан. Скаген кыштагында сүрөтчүлөрдүн колониясы негизделип, анын мүчөлөрү жарык жана абанын таасирин изилдешкен, андагы П. С. Крёйер, В. Йохансен, Т. Э. Филипсен, жубайлар А. К. жана М. П. Анкерлердин чыгармалары живопись жана лиризми менен айырмаланат. Сүрөт өнөрүндө импрессионизмден абстракционизмге чейинки ар түрдүү багыт өкүм сүргөнү менен негизги орун реализмге таандык. Анын өкүлдөрү – Х. Бидструп, О. Руде жана башка. 21-к-дын башында түрдүү жанрдагы сүрөтчүлөрдүн башын коштурган Копенгагендеги Опера жаңы имараты (2004, арх. Х. Ларсен, сүрөтчүлөрү: О. Элиассон, Т. Розенцвейг, Э. А. Франдсен, С. Торнборг жана башка.) курулган.
Улуттук музыкасы 12-к-га чейин элдик чыгармалар (баатырдык, эпикалык) менен гана чектелген. Профессионалдык музыканын алгачкы үлгүлөрү 15–16-кылымда пайда болгон. М. Педерсон, Х. Нильсен жана башка тунгуч профессионал композиторлор чыгармаларын венеция мектебинин таасиринде жазган. Дания музыкасы 17-кылымда италиялыктар менен француздардын, 18-кылымда немис композиторлорунун таасиринде жазылган. Улуттук стилде жазылган алгачкы чыгармалар – Кунцендин «Холгер Данске» (1789) жана Шульцтун «Эгин майрамы» (1790). 1867-ж. Копенгагенде негизделген консерватория жана Музыка бирикме (1836) музыка маданияттын очогуна айланган. Борбор калаада жыл сайын эл аралык жаз фестивалы өткөрүлүп турат.
Данияда театр өнөрү 16-кылымда калыптана баштаган. 19-кылымдын биринчи жарымында Р. Монтегью шаардык жаңы театрды жетектеп, алгачкы ирет оригиналдуу пьесалар коюла баштаган. 1748-ж. Копенгагенде театр ачылып, 1770-жылдан Королдук дания театры деп аталган. Анын репертуарында Вольтер, Мольер, П. О. Бомарше, Р. Шеридандын чыгармалары болгон. Улуттук актёрдук өнөргө негиз салгандар: Г. Лоннеман, М. У. Хортулат, Н. Клемантин, К. Вальтер, М. Росинг жана башка. Учурда актёрлорду Копенгагендеги драмалык искусство мамлекеттик мектеби (1886–1967-ж. Королдук театрдын алдында иштеген) даярдап чыгарат. Дания Королдук театры өлкөдөгү ири чыгармачыл жамаат катары белгилүү. Анда драма, балет жана опера труппалары бар.
Балет өнөрү 17-кылымдан баштап өнүгө баштаган. 20–21-кылымдын башталышында: А. Ларкесен, Л. Еппесен, Й. Элиасен, Й. Кобборг, Г. Боесон, К. Кавалло, Т. Лунн жана башка артисттер Д. улуттук балетин өнүктүрүүгө зор салымдарын кошушкан.
Копенгагенде алгачкы фильм 1896-ж. көрсөтүлгөн. 1903-ж. сүрөтчү П. Эльфельт кыска метраждуу фильмин көрүүчүлөргө тартуулаган. 20-кылымдын башында Европа өлкөлөрүнүн ичинде Дания кинематография тармагында көрүнүктүү орунду ээлеген. Үнсүз кино доору негизинен О. Ольсендин ысмы менен байланыштуу. Ал 1906-ж. «Nordisk Аilm» кинокомпаниясын уюштуруучулардын бири болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында негизинен сентименталдуу драмалар («Мекен үчүн», «Акыр заман», «Асман кемеси» жана башка) коюлган. 1920-ж. Р.С.Петерсон алгачкы анимациялык «Үч адам» аттуу фильмин тарткан. Немис фашисттик оккупация мезгилинде көбүнчө комедиялар экрандаштырылган. Ошону менен катар эле олуттуу фильмдер, мисалы, С. Метлингдин (1940) «Жайдын кубанычтары», 1943-ж. дания кинематографиясынын белгилүү режиссёру К. Т. Дрейердин «Каардануу күнү» сыяктуу мыкты фильмдердин бири катары эсептелген кинолор да жаралган. Согуштан кийин «Көрүнбөгөн армия» (1945, реж. И. Якобсен), «Дитте – адам баласы» (режана башка. Хен нинг-Енсен; 1946-ж. Венецияда өткөн кинофестивалдын байгесин алган) жана башка фильмдер тартылган. 70-жылдары Данияда кино тармагын мамлекет тарабынан колдоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган соң бир кыйла өнүгө баштаган. Мисалы, Б. Августтун «Пеле-баскынчы» (1987, Канныдагы эл аралык фестивалда баш байгеге, «Оскар» сыйлыгына татыктуу болгон), Г. Акселдин «Бабеттанын тою» (1987, «Оскар» сыйлыгы), Т. Винтербергдин «Кымбаттуу Венди» (2005) жана башка Копенгагенде 1940-ж. Дания киномузейи, 1972-ж. Дания киноинституту ачылган.
== Дания тили ==
==Колдонулган адабияттар==
Line 43 ⟶ 68:
* Кыргызстан:О’ Делл Э. Скандинавия. М., 1962; Серебряный Л. Р. Физическая география и четвертичная геология Дании. М., 1967; Петренко И. М. Сельское хозяйство Дании. Краснодар, 2004; Коваленко В. П. Промыш ленное производство молока и свинины в Дании. Краснодар, 2005.
[[Категория:
|