Гималай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Beka777Z moved page Гималай to Ымалай: Туура жазылды
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Topografic map of Tibetan Plateau.png|thumb|ГималайЫмалай.]]
[[Файл:Himalayas.jpg|thumb|ГималайЫмалай.]]
[[Файл:Himalaya composite.jpg|thumb|ГималайЫмалай.]]
'''ГималайЫмалай''' -([[Орус тили|орусча]] гималай) (санскрит тилинде «хималайя» кар турагы) – Жер шарындагы эң бийик тоо системасы. [[ТибетТебит]] тайпак тоосу (түндүктө) менен Инд-Ганг түздүгүнүн (түштүгүндө) аралыгында, [[Индия]], [[Непал]], [[Кытай]], [[Пакистан]], [[Бутан|Бутандын]] аймагында. Узундугу 2400 кмден ашык, туурасы 350 кмге чейин. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 6000 м, эң бийик жери 8848 м Жомолунгма (Эверест) чокусу. Бийиктиги 8000 мден ашкан дагы 11 чоку бар. Борбордук Азиянын тоолуу чөлү менен Түштүк Азиянын тропиктик ландшафттарынын ортосундагы орографиялык, климаттык жана флоралык чек болуп эсептелет. Бирок, ГималайдаЫмалайда Инд, Cатлеж, Карнали, Арун дарыясынын антецеденттик өтмө капчыгайлары болгондуктан, Инди океанынын алабын Борбордук Азия туюк облусунан бөлүп турган суу бөлгүч ГималайЫмалай аркылуу эмес, анын түндүгүндөгү Кара-Корум, Трансгималай тоолору аркылуу өтөт. Гималай Инд-Ганг түздүгүнөн 3 баскыч болуп тик көтөрүлөт. ГималайдынЫмалайдын 1-баскычы болгон Cивалик кырка тоосу көптөгөн дарыялардын терең капчыгайлары менен тилмеленген; деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 900–1200 м; жазылыгы батышында 120 км, чыгышында 5–10 кмге чейин кууштайт. Бул кырка тоо кийинки баскычтан тоо аралык айрым өрөөндөр дундар тизмеги (Кашмир ж. б.) менен бөлүнгөн. Дундарды мурда көлдөр ээлеп жаткан. Экинчи баскычын Кичи (Жапыз) ГималайЫмалай түзөт; ал орточо бийиктиги 3000–4000 м, чокулары 6000 мге жеткен тоо массивдеринен жана кырка тоолордон (Пир-Панжал, Дхаоладхар, Махабхарат ж. б.) турат. Тоолору өтө тилмеленген, Түштүк капталдары тик, түндүгү салыштырмалуу жантайыңкы. Кийинки баскычтан тоо аралык тектоникалык ойдуңдар жана байыркы мөңгүлөрдөн пайда болгон чуңкурдуктар (Катманду, Сринагар ж. б.) аркылуу бөлүнөт. Үчүнчү баскычын Чоң (Бийик) ГималайЫмалай же Башкы ГималайЫмалай кырка тоосу түзөт; анын жазылыгы 50–90 км. Түндүк-батышта Нангапарбат массивинен (бийиктиги 8126 м) башталат, Чоң ГималайдынЫмалайдын бул бөлүгү эң жазы (300 кмден ашык), чет жакалары бийик, алардын аралыгынан бийик тайпак тоолор (Деосаи, Рушпу ж. б.) орун алган. Сатлеж дарыясынын өрөөнүнөн түштүк-чыгышты карап Чоң Гималай мөңгүлүү өтө бийик тоо массивдерин, чокуларды пайда кылат. Тиста дарыясынан чыгышты карай Чоң Гималай кыйла жапыстайт.
 
==Геологиялык структурасы==
[[Файл:Himalaya-formation.gif|thumb]]
ГималайдынЫмалайдын геологиялык структурасына бири-бирине жарыш жаткан айрым тектоникалык зоналар мүнөздүү; алар: ГималайдынЫмалайдын Түштүк этеги аркылуу созулуп жаткан Инд-Ганг тектоникалык ийилүүсү; Кичи жана Чоң Гималайды камтыган метаморфизмге дуушарланган кембрийге чейинки комплекс; Башкы ГималайдынЫмалайдын түндүк капталын, Кашмир ойдуңунун бир бөлүгүн, Инд жана Брахмапутра дарыясынын башатын камтыган кембрийге чейинки, палеозой, мезозой комплекстери (ТибетТебит ГималайыЫмалайы); жаракаларды жээктей жаткан ийилүүлөрдү камтыган бор-палеоген комплекси («Инд флиши»); альп геосинклиналдык комплекси (бор-палеоген). Бул зоналар ири тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Көпчүлүк илимпоздордун пикири боюнча Гималай Тетис геосинклиналынын чегинде пайда болгон альп бүктөлүшүнө кирет. Жез, алтын, хромит, сапфир, Гималайдын түндүк этегиндеги ийилүүлөрдө нефть, газ кендери бар.
 
==Климаты==
ГималайЫмалай экватордук муссон климаттуу Индстанды континенттик климаттуу Борбордук Азиядан бөлүп туруучу климаттык чек болуп саналат. ГималайдынЫмалайдын батыш секторуна температуранын кескин өзгөрүшү, катуу шамал мүнөздүү. Кышы суук (январдын орточо температурасы –10... –18°С), 2500 м бийиктиктен жогору кар аралаш бороон согуп турат. Жайы жылуу (июлдун орточо температурасы 18°Сдей), кургак. Муссондун таасири анча эмес, июль-августтагы нымдуулуктан жана булуттуулуктан гана байкалат. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1000 ммдей, ал негизинен циклондорго байланыштуу; ойдуңдарда тоо капталдарына караганда 3–4 эсе аз жаайт. Негизги ашуулары майдын аягында гана кардан арылып, жол ачылат. ГималайдынЫмалайдын батышында, деңиз деңгээлинен 1800–2200 м бийиктиктерде Индиянын климаттык курортторунун көбү (Шимла ж. б.) жайгашкан. ГималайдынЫмалайдын чыгыш сектору кыйла ысык келип, муссондук режимдеги нымдуу климат өкүм сүрөт (жылдык жаан-чачындын 85–95% май-ноябрь айларына туура келет). Жайында 1500 м бийиктикте абанын температурасы тоо капталдарында 35°Сге, өрөөндөрдө 45°Сге чейин көтөрүлөт. Жамгыр дээрлик тынымсыз жаайт. Түштүк капталдарында (3000–4000 м бийиктикте) 2500 ммден (батышында) 5000 ммге чейин (чыгышында), ички аймактарында 1000 ммдей жаайт. Кышында 1800 м бийиктикте январдын орточо температурасы 4°С, 3000 м бийиктиктен жогору абанын температурасы 0°Сден төмөн. Кар жыл сайын 2200–2500 мден жогору жаайт, өрөөндөрүн калың туман басат. ГималайдынЫмалайдын түндүк капталына суук тоо-чөл климаты мүнөздүү. Абанын температурасынын суткалык амилитудасы 45°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 100 ммдей. Жайында 5000–6000 м бийиктикте абанын температурасы күндүзү гана 0°Сден жогору көтөрүлөт. Абанын салыштырмалуу нымдуулугу 30–60%. Кышында кар эригенге үлгүрбөй, көбүнчө бууланып кетет.
 
==Дарыялары==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гималай" булагынан алынды