Ат-Башы району: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
107-сап:
# [[Казыбек, Ат-Башы району|Казыбек айылы]]
#
Райондун аймагы [[Ички Теңир-Тоо]]нун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан [[Ат-Башы өрөөнү]], [[Аксай өрөөну|Аксай өрөөнү]], [[Арпа өрөөнү]], Чатыр-Көл ойдуңу ж-а аларды чектеп жаткан Байбиче-Тоо, Кара-Тоо, Ала-Мышык, [[Нарын]], Ат-Башы, [[Какшаал]] сыяктуу бийик кырка тоолор ээлейт. Өрөөндөрү 2000-3800 м бийиктикте жатат. Эң бийик жери - Какшаал тоо тизмегиндеги [[Данков чокусу]] (5982 м). [[Кен байлыктар.|Кен байлыктары]]: мрамор, чопо, мергель, туз, сымап ж-а калай. Ошондой эле курулуш материалдары, минералдуу суу булактары бар. Климаты кескин континенттик. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12-18°С, бийик тоолуу сырттарда (Аксай, Арпа өрөөндөрүндө) 10-15°С; кышы суук, январдын орточо температурасы -18... -29°С. Аксай өрөөнү - [[Орто Азия|Орто Азиянын]] «суук уюлу» (абсолюттук минимум -53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350 мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт.
 
[[Ат-Башы кырка тоосу|Ат-Башы кырка тоосунда]], Какшаал, [[Фергана тоо кыркасы|Фергана тоо тизмектеринде]], Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө (3000 м бийиктиктен жогору) түбөлүк тоң жатат. Ири суулары: Ат-Башы, Аксай, Кара-Коюн, Арпа ж. б. Райондун түштүк-батышында республикадагы ири көлдөрдүн бири – [[Чатыр-Көл]] жайгашкан. Тоолордун нымдуу түндүк капталдарында токой (карагай, байтерек), бадал ж-а шалбаа өсүмдүктөрү, түштүк капталдары кургакчыл келип, көбүнчө бетеге, шыбак өсөт.