Болонья: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Collage_Bologna.jpg
1-сап:
[[Файл:Collage Bologna.jpg|thumb|Болонья.]]
'''Болонья шаары''' - Түндүк [[Италия|Италиядагы]] шаар. Рено дарыясынын боюнда жайгашкан. Болонья провинциясынын жана Эмилия-Романья облусунун администрациялык борбору. Калкы 367,2 миң (2005). Маанилүү жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По дарыясы менен туташат. Машина куруу, кара металлургия, химиялык, фармацевтика, полиграфия, жеңил, тамак-аш, текстиль өнөржайы өнүккөн. Атом изилдөөнүн Улуттук борбору, Университет (11-кылым; Европадагы байыркы университеттердин бири), Улуттук пинакотека, Сан-Стефано, Сан-Доминико жана башка музейлери бар. Б. з. ч. 6-кылымдын аягында Болонья этрусктардын (Фельсина) борбору болгон. Аты б. з. ч. 4-кылымдын орто ченинде шаарды басып алган бойлордун атынан аталган. Орто кылымда укук мектеби менен даңкталган. Роман стилиндеги Сан-Стефано чиркөө комплекси (11-13-кылым), жантайыңкы курулган үй-мунаралар (11-12-кылым), готика стилиндеги палаццо (13-15-кылым), Сан-Петронио чиркөөсү (14-17-кылым), ренессанс стилиндеги айкел порталдары (1425-38, скульптору Якопо делла Кверча), ренессанс (Бевилаква, 15-кылым) жана барокко стилиндеги сарайлар сакталган. Бул шаарда 1999-ж. бирдиктүү европ. билим берүү системасын түзүү боюнча эл аралык келишим алынган, к. Болонъя келишими.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияШаарлар‎]]
[[Категория:Италия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Болонья" булагынан алынды