Венгеров, Анатолий Борисович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
fix some categories
1-сап:
'''Анатолий Борисович Венгеров''' - (1928-1998). [[Совет]]тик жана [[россия]]лык окумуштуу, юридика илимдеринин доктору, профессор. [[Мамлекет]] жана укук [[теория]]сы боюнча 250дөн ашуун илимий эмгектин автору. Ал илимий коомчулукту мамлекетте жана [[укук]] чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөргө жаңыча кароого аргасыз кылууга жетишкен. [[Коом]]догу жана мамлекеттеги синергетика жана өзүнчө уюшуу процесстери, интелектуалдык менчик жана мамлекет, сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктары, социалдык жөнгө салгычтар - булар анын изилдөөлөрүнүн айрым темалары гана. Анатолий Венгеров эмгек жолун [[прокурор]]дун жардамчысы катары иштөө менен баштап, анан улук тергөөчү, юридикалык кеп-кеңеш бөлүмүнүн башчысы болгон да окутуучулук жана илимий ишмердик менен алектенген, [[юридика]]лык [[ЖОЖ]] дордун кафедраларын башкарган. 1993-жылдан тартып Калыстардын маалымат берүүчү сотунун төрагасы болуп иштеп келген (бул кийинчээрек [[РФ]] Президентине караштуу Маалымат талаш-тартыштары боюнча сот палатасы болуп кайра түзүлгөн). 1998-жылы РФ Президентинин жарлыгы боюнча Ардак ордени менен сыйланган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1999-жылы ал Укук жана Жалпыга маалымдоо каражаттары борборунун байгесине ээ болгон (өлгөндөн кийин). 2000-жылы ага [["Фемида"]] сыйлыгы ыйгарылган (өлгөндөн кийин).<br>
 
==Маалымат булугы==
http://Lip/rus/es/a/82745; http:// www/biografija/ru/show/bio/aspх?id=17069.<br>
 
==Адабият==
* Элебаева А.Б., Мусабаева.А - Жарантаануу. Кыргыз Республикасынын ЖОЖ дорунун студенттери үчүн окуу куралы. Б.,2011.<br>
 
<br>
{{no iwiki}}
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Дүйнө]]
[[Категория:Илим]]
[[Категория:Коом]]
[[Категория:Европа]]
[[Категория:РоссияОрусия]]
[[Категория:Окумуштуулар]]
[[Категория:Укук]]
[[Категория:2120-кылым]]