Айыл чарба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
wikidata + 04-09-12-Schaupflügen-Fahrenwalde-RalfR-IMG 1232.jpg
м + link
2-сап:
'''Айыл чарба''' - мал чарба жана дыйканчылык азык-түлүгүн алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо. Айыл чарбасы [[Калк|калкты]] тамак-аш, азыктүлүк, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылуу максатын көздөйт.
 
Кыргызстандын калкынын кылымдар бою калыптанган [[Мал чарбачылык|мал чарбачылыгы]], дыйканчылыгы, жалпы калкынын 65%и айыл жеринде жашашы аграномиялык өлкө болушуна жана айыл чарбанын өнүгүшүнө шарт түзгөн. [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] айыл чарбасынын өнүгүүсүн тарыхый үч мезгилге, башкача айтканда Улуу Октябрь социалистик революциясына чейинки, СССР убагындагы жана эгемендүү мамлекет учурундагы мезгилге бөлүп кароого болот. Алгачкы мезгилде социалистик-экономикалык шарттарга ылайык керектөөлөрдү гана канааттандыруу максаты болгон. Совет бийлигинин мезгилинде айыл чарбасында негизги өндүрүш каражаттарына коомдук менчик болгондуктан, ири чарбалар - колхоз, совхоздордо өндүрүштү пландуу түрдө өнүктүрүү менен анын илимий техникалык прогресске таянган жаңы материалдык-техникалык базасы түзүлгөн. Капиталдык салымдарды ургаалдуу колдонууга, алардын кайрымдуулугуна, интенсивдүү технологияны өндүрүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулган. Чарбанын социалдык формасы, айыл чарба техникасын пайдалануу, квалификациялуу кадрлардын көбөйүшү, илимдин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин өндүрүшкө системалуу жайылтуу айыл чарбанын экономикасында жогорку натыйжалуулукту камсыз кылган. Айыл чарба ички дүң продукциянын 36-40%ин түзөт, өз ара тыгыз байланыштуу эки ири тармакка (дыйканчылык жана мал чарбасы) бөлүнөт. Дыйканчылык тармагына эгилме өсүмдүктөрдү өстүрүү, башкача айтканда, дан, жашылча, жемиш, картошка, техникалык жана май алынуучу өсүмдүктөр, тоют өсүмдүктөр жана тамеки өстүрүү кирет. Айыл чарба өсүмдүктөрү коомдун өндүргүч күчтөрүн өркүндөтүүдө зор роль ойнойт, себеби аларды өстүрүү айыл чарбаны техникалык жактан жабдуу деңгээлин көтөрүү менен азык-түлүктү кайра иштетүүнү шарттайт. Мал чарбасына кой, бодомал, жылкы, чочко, топоз ж. б. чарбалары кирет. Бул эки тармакты айкалыштыра өнүктүрүү материалдык, акча жана эмгек ресурстарын ургаалдуу пайдаланууну камсыз кылат. Дыйканчылыксыз туруктуу тоют базасын түзүү, мал чарбасын илгерилетип өстүрүү мүмкүн эмес, ал эми мал чарбасы өз кезегинде дыйканчылыкка эң баалуу органикалык жер семирткич (кык) берет. Айыл чарбасында негизги өндүрүштүк каражат жер болуп эсептелет. Айыл чарба өндүрүшүн адистештирүү жана жайгаштыруу жердин өзгөчөлүгүнө, базардан алыс же жакын орун алышына жана табигый-климаттык шарттарга жараша болот. Бул өзгөчөлүк кыртыштын кунардуулугун жакшыртууда илимий жактан негизделген дыйканчылык системасын, айыл чарбаны жүргүзүү системасын иштеп чыгып, колдонуу зарылчылыгын туудурат. Кыргызстанда 19,95 млн га, жалпы жер аянтынын 54%и (10,797 млн га), айыл чарбасында пайдаланылат. Анын 1,237 млн гасы айдоо жер, 9,2 млн гасы жайыт жана 0,17 млн гасы табигый чөп чабынды. 1991-жылдан кийин айыл чарбаны реформалоонун натыйжасында ири колхоз-совхоздордун базасында жеке менчикке негизделген жаңы өндүрүштүк система дыйкан жана фермердик чарбалар уюштурулган. Натыйжада 2004-жылдын башында чарба жүргүзүүчү субъектилердин саны 267,8 миңди түзүп, анын ичинде 266,0 миң дыйкан жана фермер (99,3%), 1830 мамл. чарбалар жана ар кандай кооперативдер (0,7%) болгон. Эгерде Советтер Союзунун убагында айыл чарба азык-түлүктөрүн негизинен колхоз-совхоздор өндүрсө, реформанын натыйжасында айыл чарба продукцияларынын 5%и гана мамлекеттик жана коллективдик, 32%и калктын көмөкчү жана 63%и дыйкан-фермердик чарбаларда өндүрүлүүдө. 2003-ж. айыл чарбанын дүң продукциясы 53565,2 млн. сомду түзүп, анын ичинде дыйканчылыктын үлүшү 55,5%, мал чарбачылыгы 44,5% болгон.
2003-жылдын 1-январына карата республтикада 9,2 млн га жайыт жердин 4,13 млн гасы жайкы, 2,95 млн гасы жазгы-күзгү жана 2,1 млн гасы кышкы жайыт. Жайыт жери мамлекеттин менчиги болгондуктан аны эл ижарага алуу жолу менен пайдаланышат. Ири жайыттар Аксай, Арпа, Суусамыр, Чоңалай, Чаткал, Кара-Кужур өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл сырттарында. 1990-ж. өлкөдөгү койдун саны 17,87 млн башты түзүп (шарттуу түрдө), бир гектар жайытка 1,94 баш туура келип, экологиялык жактан негизделген нормадан 2,2 эсеге көп болгон, ал эми 2003-ж. шарттуу түрдө кой 10,89 млн баш болуп, бир гектар жайытка 1,18 баш туура келген. Бирок, эл жашаган кыштактардын тегерегиндеги жайыттын бир гектарына 2,74 баш шарттуу кой туура келгендиктен, айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизбей, жайытты ырааттуу пайдалануу учурдун маанилүү маселеси. Республикада 2003-ж. 1,094 млн га бардык айдоо жердин өсүмдүктөрү (миң га) 619,0 (56,5%); техникалык өсүмдүктөр - 147,2 (13,5%); картошка жана жашылча-бакча өсүмдүктөр - 124,1 (11,3%) жана тоют өсүмдүктөрү 203,6 миң га (18,6%) аянтын ээлейт.
Айыл чарбасынын дүң продукциясынын динамикасы, % м-н (1990 — 2003-ж.):
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айыл_чарба" булагынан алынды