Каолин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
+ Kaolin.jpg
1-сап:
[[Файл:Kaolin.jpg|thumb|Каолин.]]
'''Каолин''' (Кытайдагы фарфор чопосу орун алган Као-Лин тоосунун атынан) – негизинен каолинит минералынан турган чопо сыяктуу тоо-тек. Курамында талаа шпаты, кварц, өтө майда талкаланган слюда кездешет. Нымдуу, жылуу, субтропиктик шартта талаа шпатынын химиялык жол менен эзилип, ээришинен пайда болот. Мында курамында талаа шпаты бар гранит, габро, гнейс, слюдалуу сланец, аркоз кумдугу сыяктуу тектер катышат. Каолин жер бетинде көп тараган тектердин катарына кирет. Улуу Британияда (Корнуолл), Германияда (Дрезден аймагы), Чехияда (Карловы-Вары аймагы), АКШда (Жоржия штаты), Украинада, Россияда (Урал, Краснояр крайы), Казакстанда жолугат. Кыргызстандын бардык жерине тараган. Бирок көп топтолгону жокко эсе. Кагаз, химиялык, резина өнөр-жайында, карапа (фарфор, фаянс) жасоодо, медицинада, парфюмерияда колдонулат.
 
[[Категория:Кен байлыктар]]
* [[Каолинит]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
 
[[Категория:Кен байлыктар]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Каолин" булагынан алынды