Израиль: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + map |
мNo edit summary |
||
1-сап:
[[Файл:Israel Map by The Legal Status of The Territories-4.svg|thumb|Асрайыл.]]
[[Файл:Flag of Israel.svg|thumb]]
'''Асрайыл'''('''Израиль''') — Асрайыл Мамлекети (Мединат Исраэль) Жакынкы Чыгыштагы мамлекет; Азиянын батыш бөлүгүндө, Жер Ортолук деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан. Түндүгүнөн Ливан, түндүк-чыгышынан Сирия, чыгышынан Иордания (чек арасынын бир бөлүгү Жансыз деңиздин акваториясы аркылуу өтөт), түштүк-батышынан
Округдары жана райондору (2006):
{| class="prettytable"
310-сап:
Калкынын 76%тен ашыгын жөөттөр, 20%тен ашыгын араптар түзөт. Башка этностук жана этноконфессиялык топтор 3,7%, аларга друздар, армяндар, адигелер («черкестер») ж. б. кирет. 21-кылымдын башынан жөөт калкынын кыскаруу (2000-05-ж. 1,8 %ке), ал эми араптардын көбөйүү (1,1%ке) тенденциясы байкалууданын ичинде мамлекет катары жарыялангандан 2007-ж. чейин калкы 8,5 эседен ашык көбөйгөн. 19482005-ж-да калктын көбөйүүсүндөгү табигый өсүүнүн үлүшү 60,7% мигранттардын үлүшү 39,3% болгон. 2005-ж. Орусыя жана КМШ өлкөлөрүнөн келген жөөттөр 1175,4 миңди (Асрайылдын калкынын 17%тен ашыгы) түзгөн. Ошол эле учурда сыртка көчүп кеткен жөөттөрдүн саны да арбын (1948-83-ж. Асрайылдын 700 миңден ашуун жөөт АКШга кеткен). Жыштыгы 1 км<sup>2</sup> жерге 330дай адам. Курактык курамы: 15 жашка чейинкилер 21,1%, 14-65 жаштагылар 64,15%, 65 жаштан өткөндөр 9,75% (2007). Жөөттөр иудаизм, араптар ислам, армяндар христиан динин тутат. Шаар калкы 93,6% (2006). Ири шаарлары (2007): Тель-Авив (калкы агломерациясы менен 3,2 млн), Хайфа (1,2 млн), Кудус(Иерусалим) (1,3 млн), Ашдод (204,4 миң), Беэр-Шева (185,8 миң), Нетанья (174,0 миң), Ашкелон (107,9 миң).
==Тарыхы==
Палестинаны арап жана жөөт мамлекеттерине бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын резолюциясы жарыялангандан (1947-ж. 29-ноябрь) кийин Палестинада согуш аракеттери башталган. Эмигрант жөөт жамааттарынын ишув аталган куралдуу бөлүктөрү арап мамлекетинин курамына кире турган жерлерге да өз көзөмөлүн орноткон. Палестина аймагынын бир бөлүгүндө 1948-ж. 14-майда Асрайыл мамлекетинин көз каранды эместигинин декларациясы жарыяланган. Арап өлкөлөрү бул чечимге каршы чыгып, Асрайылга каршы согуштук аракеттерди баштаган. 1948-49-ж. согуштун жүрүшүндө Асрайыл БУУнун чечими менен Арап мамлекетине берилүүчү аймактын бөлүгүн жана Кудустун(Иерусалимдин) батышын кошуп алган. Палестинада арап мамлекетин түзүү жана Кудуска(Иерусалимге) өзгөчө статус берүү чечими үзгүлтүккө учураган. 1956-ж. Асрайыл Улуу Британия жана Франция менен
==Экономикасы==
Асрайыл өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. ИДПси 2006-ж. 170,3 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бөлүштүргөндө 26,8 миң доллардан туура келет. Асрайыл дүйнөдө алдыңкы технологиясы, компьютердик программаларды түзүү, байланыш системасы, агрардык индустриясы, алмазга кыр чыгаруу боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Ошондой эле метталл иштетүү, машина куруу (авиа жана кеме куруу кошо, анын ичинде аскердик), электр-техника, химия өнөр жай тармактары, айыл чарба өнүккөн. Өлкөдө өнүккөн илимий-техникалык комплекс түзүлгөн; экономикада иштеген 10 миң адамдын 135и илимпоз жана инженер (бул көрсөткүч АКШда 70, Германияда 50). Асрайыл технологиялык даярдыгынын көрсөткүчү боюнча дүйнөдө (Швеция, Сингапурдан кийин) 3-, чыгармачыл потенциалынын экономикалык индексинин мааниси боюнча (АКШ, Финландия, Сингапурдан кийин) 4-орунду ээлейт. ИДПнин 75%и тейлөө чөйрөсүнө, 23%и өнөр жайына жана курулушка, 2%и айыл жана токой чарбаларына, балык уулоого таандык. Асрайылдын экономикасында коргоо өнөр жай комплексинин мааниси зор; анда 60 миңге жакын адам иштейт, өлкөнүн товардык экспорт баасынын 20%тен ашыгын аскердик курал түзөт.
|