Ватнайёкюдль: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
+ Vatnajökull.jpeg
 
1-сап:
[[Файл:Vatnajökull.jpeg|thumb|Ватнайёкюдль.]]
'''Ватнайёкюдль''', Ватна-Йокуль - [[Исландия|Исландиядагы]] эң ири [[мөңгү]], муздук. Аянты 8538 км<sup>2</sup>. Муздун басымдуу калыңдыгы 600-800 м, эң калың жери 1036 м. Айрым мөңгүлөрдүн этеги Атлантика океанынын жээгине чейин түшөт. Ватнайёкюдльдан Исландиянын эң бийик жери Хваннадальсхнукюр чокусу (2119 м) көтөрүлүп турат. Мөңгү басып жаткан [[Жанар тоо|жанар тоолор]] атылганда айрым учурда муз эрип, алаамат суу ташкынын пайда кылат. Түштүк четинде Скафтафедль улуттук паркы жайгашкан.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:Мөңгүлөр‎]]
[[Категория:ГеографияИсландия]]