Исландия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + Location Iceland Europe.png
+ links
2-сап:
[[Файл:Flag of Iceland.svg|thumb|]]
 
'''Исландия''', Исландия Республикасы – [[Атлантика океаны|Атлантика океанынын]] Түндүк бөлүгүндө жайгашкан Исландия аралындагы мамлекет. Түндүгүнөн Гренланд, чыгышынан Норвег деңиздери менен чулганып, батышындагы Дания кысыгы Иисландияны Гренландиядан бөлүп турат. Аянты 103 миң км<sup>2</sup>. Калкы 312,9 миң (2007). Борбоpy – [[Рейкьявик]] шаары Расмий тили – исланд тили. Акча бирдиги – Исландия кронасы. Администрациялык-аймактык жактан 23 областка (сислага) бөлүнүп, алар Исландия статистикасында 8 регионго биригет.
 
President : [[Guðni Th. Jóhannesson]]
139-сап:
 
==Табияты==
[[Файл:Map of Iceland.svg|thumb|Исландия.]]
Аралдын рельефинде базальт менен капталган [[жанар тоо]] платолору (бийиктиги 400–800 м) басымдуу; платолордо көп сандаган жанар тоолор (Гекла, Лаки, Аскья ж. б.) жайгашкан. Түндүк-батыш, Түндүк жана чыгыш жээктери аскалуу, булуң-буйткалуу фьорддуу; аралдуу түштүк-батыш жана түштүк жээктери кумдуу, жайык. Жер титирөө тез-тез болуп турат; 200дөй жанар тоо бар, анын 26сы аракеттеги жанар тоо, эн активдүүсү Гекла. Ысык булактар – гейзерлер (250дөн ашык) бар. Исландиянын эң бийик жери – 2119 м (Хваннадальсхнукюр чокусу). Климаты субарктикалык деңиздик. Январдын орточо температурасы жээктеринде 0°С, тоолордо 10°Сге чейин, июлдуку жээктерде 11°Сден тоолордо 0°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–2000 мм, мөңгү жаткан жерлерде 4000 ммге чейин. [[Мөңгү|Мөңгүлөрүнүн]] жалпы аянты 11,8 мин км<sup>2</sup> (ирилери [[Ватнайёкюдль]], Лаунгйёкюдль, Хофсиёкюдль). Мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда босоголор менен шаркыратмалар көп; гидроэнергияга бай. Көлдөр көп. Тоо тундра, чым көңдүү саз, кылкандуу шалбаа өсүмдүктөрү, кайың токоюнун чакан массивдери (аймагынын 0,02%ин) ээлейт; көп жеринде өсүмдүк өспөйт. Жээк суулары балыкка бай. Исландияда 85 аймак коргоого алынган (өлкөнүн аянтынын 12%), андагы Тингведлир улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
 
==Калкы==
Line 189 ⟶ 190:
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
[[Категория:МамлекеттерИсландия| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Исландия" булагынан алынды