Такла-Макан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
Taklimakanm.jpg + catégories
1-сап:
[[Файл:Taklimakanm.jpg|thumb|Такла-Макан.]]
'''Такла-Макан''' (уйгурчадан сөзмө-сөз – кароосуз ээн калган жер) – [[Кытай|Кытайдын]] батышындагы Тарим түздүгүнүн борбордук бөлүгүнөн орун алган чөл. Дүйнөдөгү эң ири кумдуу чөлдөрдүн бири. узундугу батыштан чыгышка карай 1000 кмден, туурасы 400 кмге чейин. Бийиктиги 800–1300 м, бирок айрым токол тоолор 1664 мге (Чоң TooТоо) чейин бийиктейт. Тарим дарыясынын жана анын куймаларынын аллювий чөкмөлөрүнүн узак жылдар бою топтолушунан жана шамал менен таралуусунан пайда болгон. Чөлдүн аянты 300 миң км<sup>2</sup>ден ашык, кумдун калыңдыгы 300 м. Түштүк-чыгышында бархандар жана узундугу 10–13 кмге жеткен кум жалчалары, чет жакаларында шор топурактар таралган. Климаты кескин континенттик. Жаан-чачын аз (жылына 50 мм), атмосферасы чаңдуу. Чөлдүн батышынан жана түндүк четинен Тарим дарыясы агып өтөт. Жаан-чачын көп жааган жылдары чөлдөн Хотан дарыясы агып, Таримге куят (калган дарыялары Кунь-Лундан башталып, чөлдү аралап агып, кумга сиңип кетет). Аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө өсүмдүк өспөйт. Кыртыш суулары жер бетине жакын жайгашкан айрым жерлеринде тамариск, баялыш, дарыя өрөөндөрүндө теректүү тугай бадалдары, чанда оазистер кездешет (негизинен Тарим жана Жаркенд дарыясынын боюнда). Туруктуу жашаган калкы жок.
[[Категория: География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория: ГеографияЧөлдөр]]
[[Категория:Кытай]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Такла-Макан" булагынан алынды