Касым Тыныстанов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
/* Илимий ишмердиги жана чыгармачылыгы жана ырлыр жыйнагы
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
8-сап:
1928 жылында "Жаны маданият жолунда" журналды уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон.<br>
1931-37 жж. - Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу; ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.<br>
Касым Тыныстанов 1938 ж. репрессиялар учурда атылган. ..
 
'''К.''' кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.
15-сап:
'''К.''' кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе [["Манас"]] эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Карала уулунун айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. "Манас" эпосун орусчага которуу ишине катышкан. Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Кѳл районунун Чырпыкты айылында туулган. Ата-энесинин тек –жайы , турмуштук абалы жѳнγндѳ так маалымат жок . К.Тыныстанов жѳнγндѳ жазылган макалаларда анын кедей γй-бγлѳдѳн чыккандыгы айтылса, кээ бир изилдѳѳчγлѳр атасын оокаттуу адамдардын катарына кошушат . К.Тыныстанов 1909-1912-жылдарда Чырпыктыда мусулман мектебинде окуп , андан кийин Сазановка айылындагы ѳзбек медресесине кирет.1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы γркγн учурунда эл менен Кытайга качат . Ал Кытайда кандай жашоо ѳткѳргѳндγгγ тууралуу маалымат жок. 1918-жылы гана кайтып келип кѳл башындагы Тепке айылында таякелериникинде туруп калган . Тепке айылында жγргѳндѳ ыр дагы чыгара башатаган . 1919-жылы Ташкентге келип , Казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо бѳлγмγнѳ алынган. 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун 1-курсуна кабыл алынган .
Ишмердик жолу.
К.Тыныстановдун ишмердик жолу институтта окуп жγргѳн кезинде эле башталган .Ал 1920-1924-жылдары «θрис» , «Ак-Жол»гезиттеринде , «Жас Кайрат», «Сана» журналдарында кызматкер болгон. 1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун Кыргыз бѳлγмγнγн катчылыгына дайындалат.Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп , ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жоопту редакторунун милдетин да аткарган . 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып , γч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаны маданият» журналынын редактору , 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер , 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган .Кыргыз педагогикалык институтунда лекция окуган . К.Тыныстановго 1932-жылы доценттик , 1936-жылы профессорлук наамы ыйгарылган.
 
==Илимий ишмердиги жана чыгармачылыгы.==