"Кавказ" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

+ categories
(+ Caucasus topographic map-av.png)
(+ categories)
[[Файл:Caucasus topographic map-av.png|thumb|Кавказ.]]
'''Кавказ''' – Кара, [[Азов деңизи|Азов]] жана [[Каспий деңизи|Каспий деңиздеринин]] аралыгында жайгашкан табигый аймак. [[РоссияОрусия‎]], [[Грузия]], [[Армения]] жана [[Азербайжан|Азербайжандын]] чегинде. Түндүктө Кума-Маныч ойдуңунан түштүктө Армениянын Түркия жана Иран менен чек арасына чейин созулат (түштүк табигый чек арасы шарттуу алынган). Түндүк Кавказды, Кавказ өңдүрүн, Чоң Кавказ тоо тармагын жана Закавказъени өзүнө камтыйт. Аянты 440,440 миң км<sup>2</sup>ден ашык. Тоолуу рельеф басымдуу. Борбордук абалды ээлеген Чоң Кавказ тоо тармагы Россиянын гана эмес, жалпы Европанын да эң бийик жери; анын кыр бөлүгүн Башкы же Суу бөлгүч жана Каптал кырка тоолору түзөт. Анын бийик чокулары: Эльбрус (5642 м), Дыхсу (5203 м), Шхара(5068 м), Казбек (5033 м). Чоң Кавказдын кырка тоолору альп тибиндеги рельефи менен өзгөчөлөнүп турат; көбү куэста тибинде, карст процесстери өрчүгөн (Воронцов, Жаңы Афон үңкүрлөрү, Сатаплиа ж. б.). Чоң Кавказдын түндүк капталынан Кума-Маныч ойдуңуна чейин Кавказ өндуру ээлейт; андагы Ставрополь дөңсөөсү Кубань-Азов бою жана Терек-Кума ойдуңдарынан бөлүп турат. Чоң Кавказ түштүгүндөгү Колхида (батышында) жана Кура-Аракс (чыгышында) аккумуляциялык ойдуңдары аркылуу Закавказье тайпак тоолорунан бөлүнөт. Закавказье бүктөлүүдөн пайда болгон Кичи Кавказ кырка тоосунан (Гямыш чокусу, бийиктиги 3724 м) жана жанартоодон пайда болгон Армян тайпак тоосунан (5165 м, Чоң Арарат чокусу) турат. Түштүк-чыгышында бүктөлүүдөн жаралган Талыш тоосу (2477 м) жана Ленкоран ойдуңу жайгашкан. Кавказ Жер ортолук деңиз кырчоосундагы альп бүктөлүү аймагына кирген эпигеосинклиналь, бир аз бөлүгү эпиплатформа абалындагы тоолор. Орто бөлүгү өчкөн жанартоо конустары бар Кавказ мегантиклинориясына туура келет. Кен байлыктарга бай: мунай (Баку, Грозный, Майкоп), газ (Краснодар, Ставрополь крайлары), темир (Дашкесан), таш көмүр, марганец, жез, молибден (Тырныауз), коргошун жана цинк кен таштары (Садон), минералдуу булактар.
 
Кавказ мелүүн жана субтропиктик климат алкактарынын чет жакаларында жайгашкан. Түндүк Кавказ мелүүн, Закавказье субтропиктик алкактарга кирет. Январдын орточо температурасы Кавказ өндүрүндө -2°Сден -5°Сге чейин, Закавказьеде 16°С. Жайында Кавказдын батышы менен чыгышынын температуралык айырмасы көбүрөөк байкалат. Июлдун орточо температурасы батышында 23-24°С, чыгышында 25-29°С. Тоолордо 2000 м бийикте январдын орточо температурасы -8°С, августтуку (эң жылуу ай) 13°С. Бийиктеген сайын бийик тоонун суук климаты кыр зонасында ниваль климаты менен алмашат. Жылдык жаан-чачыны түздүктөргө 200 ммден (Кура-Аракс ойдуңу) 1800 ммге чейин (Колхида ойдуңу), тоолордо 2600 мм, айдарым батыш жана түштүк-батыш капталдарында 4000 ммге чейин жетет. Жалпы аянты 1428 км<sup>2</sup>ге жеткен 2000дей мөңгү бар; ирилери: Дыхсу, Безенги, Караугом, Цаннер ж. б. Дарыялары Каспий (Кура Аракс менен, Сулак, Терек, Кума), Кара (Риони, Ингури) жана Азов (Кубань) деңиздеринин алаптарына кирет. Эң ири көлү Севан.
 
[[Категория:Тоолор]]
[[Категория:Орусия‎]]
[[Категория:Грузия]]
[[Категория:Армения]]
[[Категория:Азербайжан]]
25 681

edits