Минералдуу суулар (Кыргызстан): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-[[Кыргызстандын кен байлыгы. Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия бор...
м + picture + link
1-сап:
{{main|Минералдуу суулар‎}}
Түрк тилинде сүйлөгөн элдерде дарылык касиети бар сууларды «арашан» же «арасан» суулары деп аташат. Алар көптөгөн табигый суулардын температурасы жана курамындагы газдары менен айырмаланат. Кыргыздар байыртадан эле минералдуу сууларды дарылык максатта колдонуп келген.
 
Кыргызстандын аймагында 250дөн ашуун табигый жана бургулоо көзөнөгү менен чыгарылган минералдуу суулар бар. Дүйнөлүк курортологияда колдонулуп жүргөн 40 типтеги минералдуу суунун 30 тиби Кыргызстандын аймагында табылган, башка сууларга окшобогон дагы 10 тиби бар. Минералдуу суулар курамында тузу, [[Газ|газы]], органикалык заттары (тузсуз сууларга караганда) көп жана өзгөчө касиеттерге (температурасы, радиоактивдүүлүгү жогору ж. б.) ээ болгондуктан дарылык максатта пайдалануучу жаратылыш суулары.
 
[[Файл:Боржоми.jpg|thumb|Боржоми суусу.]]
 
Кыргызстандын аймагында минералдуу суулар химиялык курамы, касиети жана дарылык мааниси боюнча төмөндөгүдөй бальнеологиялык топторго бөлүнөт: туздуу жана ачуу туздуу, көмүр кычкыл газдуу, кремнийлүү, жылуу суу (терм суулары), радондуу, сульфиддүү, темирлүү жана йод-бромдуу.