Ват-Пху: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
 
1-сап:
[[Файл:WatPhouwholesite.jpg|thumb|Ват-Пху.]]
'''Ват-Пху''' (Тоо монастыры) - [[Лаос|Лаостун]] түштүгүндөгү (Тямпасак провинциясы) зыярат сарайлар комплекси. Тоо капталына жайгашкан (деңиз деңгээлинен 1400 м). Индуисттик чиркөө катары 5-кылымда негизделген. 7-кылымдан тартып, кхмер мамлекети Ченланын диний борбору. Башкы зыярат жайы Лингапарвата (Линга тоосу) Шива Бхадрешвара кудайына багышталган. 10-12-кылымда Камбужадеш империясынын башкаруучулары тарабынан көптөгөн кайра курууларга дуушарланган; композициялык структурасы, ошол доордогу негизги курулуштары сакталган. 14-кылымда В.-П. будда монастырына айландырылып, азыркы наамын алган. Ват-Пхунун арх-расы ландшафтка шайкеш келип, касиеттүү орунду көздөй бара-бара жогорулап көтөрүлүп жетүү идеясына ылайык ишке ашырылган. Эки жагы таш мамылар менен курчалган кеңири жол адегенде курмандык чалуу жөрөлгөлөрү өткөрүлчү тектирлүү бассейнге, андан тоо этегинде жайгашкан ар түрлүү кооздуктагы Түндүк жана Түштүк сарайларына келет. Жогору жагындагы тектирде кыштан курулган 6 зыярат сарай бар. Эң жогорку тектиринде (деңиз деңгээлинен 1200 м) борбордук курулуш ансамбли турат. Ичи аялкудайлардын айкелдери аркыл мифологиялык сюжеттеги барельефтер менен шөкөттөлгөн. Храмдын артындагы асканын ташын оюп, кечилдер үчүн атайын зал жасалган. Ват-Пху Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
[[Категория:География]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[Категория:ГеографияЛаос]]
[[Категория:Археология‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ват-Пху" булагынан алынды